Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Түркмөнстан менен Өзбекстан Европа Биримдигине ык тарта баштады


Май айында Еврокомиссиясынын президенти Бароссо (солдо) түрк, азери президенттери менен Набукко ташуу жолу тууралуу келишимге кой койду. Бул келишимге Түркмөнстан менен Өзбекстан азырынча кошула элек.
Май айында Еврокомиссиясынын президенти Бароссо (солдо) түрк, азери президенттери менен Набукко ташуу жолу тууралуу келишимге кой койду. Бул келишимге Түркмөнстан менен Өзбекстан азырынча кошула элек.

Борбор Азиянын мунай-газга бай жумурияттары убап-чубаган чет элдик ишкерлерге, саясатчыларга көнүп бүтүшкөн. Европадан келген мындай коноктор адатта кур кол кетишчү. Бирок Орусиянын үстөмдүгүнөн тажаштыбы, кийинки кездери бул өлкөлөр Евробиримдик менен жакындашууга ыктай башташты.

Өткөн жумада Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Брюсселге келип, түркмөн газын Европага сатуу үчүн зарыл болгон ташуу жолу боюнча долбоорлорду талкуулады.

Мындан бир нече жыл мурда Түркмөнстандан өкмөт өкүлү Брюсселде газ сатууну Евробиримдик менен түз сүйлөшкөнүн элестетүү да кыйын болчу.

Түркмөнстан менен Өзбекстан Батыштын таасирине айрыкча каршыккан өлкөлөр эле, бирок кийинки кездери Ашхабад да, Ташкен да ар кыл багыттуу энергетика саясаты керектигине көздөрү жеткендигинин ишаратын кылышууда.

Бул тууралуу экуилибри.нет аналитикалык сайтынын улук аналитиги Федерико Борданаро мындай дейт:

- Башында Казакстан менен Азербайжан көп багыттуу саясатка кадам ташташпады беле. Мындай саясаттын артыкчылыгы – бул өлкөлөрдүн байлыгы мунай-газды сатуудан түшүп жатат. Экспорт жолдору канчалык көп болсо, аларга ошончо пайдалуу.

Түркмөнстан менен Өзбекстанды башка коңшуларына караганда адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу көбүрөөк сындашат. Алардагы укук бузуулар бул эки өлкөнүн Батыш менен ымалаш мамилеге кедерги болуп келген. Буга чейин Ашхабад менен Ташкен андай сынды кулагынан сыртынан кетирип келсе, азыр Орусиянын үстөмдүгүн чектөө далалатында, башка багыттарга да көңүл бура башташты.

Бордонаронун айтымында, түркмөндөр, өзбектер, калган борбор азиялыктар деле өздөрүнүн энергетика базарында Орусиянын ашкере чоң рол ойношун каалашпайт, анткени мунун саясий кесепеттери бар, саясий таасир маселеси бар. Алар кайра Орусиянын кол баласы болгусу келбейт. Түркмөндөр менен өзбектер дал азыр өз базарларындагы орус гегемониясына чакырык таштап, европалыктарга кол созо башташты.

Буга мисал катары италиялык анализчи Түркмөнстанда немистердин энергетикалык РдублВеЕ ишканасы апрель айында Каспий деңизиндеги кендерди бургулоого тандалып алынгандыгын мисалга келтирди. Буга чейин мындай иштерде европалыктар болгон эмес.

Былтыр ноябрда өзбек президенти Ислам Каримов Орусия Өзбекстандын газ экспортунун бардык суроо-талаптарын канааттандырат деп айткан эле. Өткөн айда болсо ал Италия мене Испанияны Өзбекстандын энергетика долбоорлорун инвестициялоого чакырды. Буга чейин Өзбекстанда орусиялык жана чыгыш азиялык ишкерлер гана иш алпарчу.

Апрель айында Түркмөнстандан Орусияга газ ташуучу куурдагы жарылуу орток алаканы айрыкча суутуп койду. Түркмөнстан.ру сайтында түркмөн-орус алакасындагы көйгөйлөрдүн узун тарыхы сөзгө алынды.

XS
SM
MD
LG