Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Ошто чочко тумоосу беш жашар кыздан табылды


Ош шаарында беш жашар кыз чочко тумоосуна чалдыккандыгын текшерүү аныктады. Шаардын санитардык кызматы тестиер кыздын А/H1 N1 вирусун кимден жана кандай жагдайда жуктуруп алгандыгын иликтеп жатат.

Ош шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Аман Нуралиевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, түштүк башкалаасынын беш жашар тургуну Надира Тажибаеванын эти катуу ысыгандыктан 10-ноябрда жугуштуу оорулуулар бөлүмүнө жаткырылган. Эки күндөн кийин анализдин жыйынтыгы бөбөктүн чочко тумоосуна кабылгандыгын ырастады.

Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Таалай Пиримкулов келгенден бери бөбөктүн саламатчылыгы жакшырып калганын билдирди:

- Азыркы акыбалы келгендегиге караганда жакшы. Ысытмалары түшүп, жөтөлү азайып, динамикасы жакшы. Бирок эч жакка чыгарбайбыз.

Аталган дарыгер Надира Тажибаева сакайгандан кийин аталган дарт анда экинчи ирет кайталанбайт деп айтты.

Анткени менен беш жашар кыздын таэнеси Мехринса Балтабаева Надиранын чочко тумоосуна кабылгандыгынан шек санап жаткандыгын билдирди.

Азыркы учурда шаардын санитардык кызматтары тарабынан Надира Тажибаева H1 N1 вирусун кимден жана кандай жагдайда жуктуруп алгандыгы терең иликтенүүдө. Ал жашаган аймактын тургундары бүт көзөмөлдөнүп, а түгүл кыз менен байланышта болгондорго тиешелүү дары-дармектер таратылды.

Бул аралыкта жергиликтүү тургундар чочко тумоосу туурасында түшүндүрүү жумуштарын жүргүзбөгөндүгү жана алдын алуу чараларын көрбөгөндүгү үчүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтарды айыпташууда. Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, жердештери кооптонгончолук бар:

- Чочко тумоосу боюнча карапайым элдин ичинде анын деңгээли кескин жогору болушу мүмкүн. Себеби биздин кыргыздар дарыгерлерге кайрылбайт. Санитардык кызматтар бул жөнүндө эч кандай иштерди жүргүзбөй жатышат.

Ал эми Ош шаарынын дагы бир тургуну Орозбек Муратов чочко тумоосу жөнүндө калк арасында маалымат таңкыс экендигин айтты:

- Ош шаарында бул ооруга чалдыккан бирөө эмес, катталбай жүргөн башка адамдар болушу мүмкүн. Андан кантип сактануу чараларын элге түшүндүрүшсө болмок.

Буга чейин Ошто H1 N1 вирусун жуктуруп алгандар катталган эмес. Беш жашар кыздын окуясы чочко тумоосуна чалдыккандыгы аныкталган биринчи факты.

XS
SM
MD
LG