Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

1985-жылдын 10-мартында СССРдин эки тизгин, бир чылбырын бекем кармап турган Константин Черненко каза таап, анын эртеси эле саясий бюронун шашылыш чогулушунда жаңы лидер тандалган. Ошентип 11-март күнү бүтүндөй СССРдин салттуу саясатын өзгөрткөн, соңунда анын кыйрашына алып келген Михаил Горбачевдун доору башталган.

“Кайра куруу” доорун баштаган СССРдин акыркы жетекчиси Михаил Горбачев мындан туура 25-жыл мурда, 1985-жылдын 11-мартында бийликке келген эле. Дал ошол М.Горбачевдун доорунда СССРдин катаал жана кандуу режими жумшарып, коомдук түзүлүштү реформалоо жана социализмге жаңы дем берүү аракети максатына жетпей, 1991-жылы дүйнөдөгү ири империялардын бири болгон СССР урап калган.

1990-жылы 15-октябрда ал - дүйнөдөгү тынчтык процессинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгына арзыган. Норвегиянын Нобель комитетинин билдирүүсүндө М.Горбачевдун эл аралык байланыштардын өнүгүшүнө кошкон салымы зор экени, батыш менен чыгыштын тирешүүсүн бузганы баса белгиленет.

Ошентсе да аны мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттерде кыйла адам кечире албай, “улуу империяны” уратканы, байлыгын талатканы үчүн сындап келишет.

Тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акуновдун айтымында, негизи СССР империясынын урап баратканы 60-70-жылдары эле билине баштаган. М.Горбачев болсо өзүнүн реформаторлук кадамдары менен баары бир кулашы айкын болуп калган державанын өмүрүн гана кыскарткан:

- СССРдин коммунисттик партиясынын башкаруусу чектелүү экендиги өзгөчө 60-70-жылдары эле даана көрүнүп калган. Бул убакыттын эле маселеси болчу. Кандайдыр бир деңгээлде М.Горбачев өзүнүн жаңыча ой-жүгүртүү, кайра куруу деген сыяктуу процесстери менен муну тездетти, жакындатты. Ушул жагынан алганда ал кандайдыр бир деңгээлде союздук республикалардын эгемендик алышына прогрессивдүү роль ойноп, ага ыңгайлуу шарттарды түзүп берди.

Улуттук аң-сезим өрчүгөн доор

Ошондой эле А.Акуновдун ырасташынча, М.Горбачевдун доорунда катаал режим жумшарганы менен анын көп жылдар бою түптөлгөн темир чеңгели далайларды солкулдатып турду. Мамлекеттин тышында да, ичинде да коммунисттер башкарган ири бирикмеден мурдагыдай эле чочулап турушкан.
"Желтоксон окуясы" деген ат менен тарыхта калган жаштардын нааразычылык акциясы. 1986-жыл, 17-18-декабрь. Алматы шаары.

Латвия, Литва, Эстноия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан сыяктуу он беш республикадан куралган мамлекетте улуттук аң-сезим күчөп, орусташтыруу саясаты сыяктуу маселелер катуу сынга алына баштаган. Ал тургай Алматыда 1986-жылы “Желтоксон козголоңу” деп аталып калган ири каршылык акциясы өтүп, Москванын үстөмдүк кылган саясатына каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан. Аларды таркатуу үчүн шаарга кошумча аскер киргизилип, жүздөгөн адамдар соттолуп кеткен. Тарыхчылар бүгүнкү күнгө чейин “Желтоксон” окуясында канча адам өлтүрүлгөнү так белгисиз экенин айтышат.

Тарыхчы А.Акунов Кыргызстанда да ошол сыяктуу кыймылдар пайда болгонун айтат:

- Кайра куруу учурунда М.Горбачев катаал башкарууну жеңилдетели, акылга сыя тургандай иш жасайлы дегендей аракети болду. Бирок ал бардыгын эле өзгөртө алган жок да. Ошол эле КПСС башкары атты, бардык он беш союздук республика баары бирдей тең дегени менен Орусиянын үстөмдүгү болуп эле атты. Ошондо деле орусташтыруу саясаты жүрүп атты. Кыргызстандын мисалын алсак, кыргыз тили тап-такыр эле жоюлуп бараткан да. Мына ошондо Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында кыргыз тилиндеги бир эле мектеп болгон. Бир дагы бала бакча болбоптур.

Маселен, ошондо бизде “Ашар” кыймылы башкарып, турак-жай маселесин катуу көтөрүштү эле. Ошондо шаардагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер негизинен орустарга гана берилген экен.


Аалыбек Акунов: СССР кулаганда жалпы байлыкты бөлүштүрүүдө Кыргызстан уттурган

Баарын Москва чечкен СССР империясы кулаган маалда ал өлкөнүн ченемсиз байлыгы да кандай бөлүнгөндүгү көптөгөн суроолорду туудурат. Убагында СССРдин курамында турган Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер совет доору бүткөн чакта четте эле калып, азыркы Орусия гана ченемсиз байлыктардын мураскору болуп калган. Башкасын айтпаганда, ошол ири империянын чет мамлекеттердеги миллиарддаган акча турган элчиликтеринин, өкүлчүлүктөрүнүн имараттары тең бөлүнүшү керек эле.

Канткен менен М.Горбачевдун “кайра куруу” доору, анын кризиске туш болушунан кийин Кыргызстан эгемендигин алды.
XS
SM
MD
LG