Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

ЧЫГААН ТҮРКОЛОГ ЖАНА КЫРГЫЗ ТААНУУЧУ ЭДГАМ ТЕНИШЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Бүгүн Маскөөдөн суук кабар келди. Чыгаан түрколог жана кыргыз таануучу Эдгам Рахимович Тенишев жекшембиде (июлдун 11инде) 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал фу-йү кыргыздары жана лобнордуктар, сары-уйгурлар сыяктуу ички азиялык калктардын кыргыздар менен этностук тарыхый байланыштары тууралуу олуттуу тыянактарын илимге киргизген окумуштуу эле.

Эдгам Тенишев (Tenishev) 1921-жылы туулган. Улуту – татар. Ал бир катар боордош түрк тилдерин мыкты өздөштүргөнү менен айырмаланган адис, Орусия Илимдер академиясынын мүчө-корреспондети, бир катар чет элдик академиялардын ардактуу мүчөсү болчу.

Эдгам Рахимович Тенишев агайды азыркы түркология илиминин алптарынан деп билишет. Ал жалпы түрк тилдеринин салыштырма-тарыхый грамматикасы, түрк элдеринин жана тилдеринин тарыхы, орто кылымдардагы түрк элдеринин жазма мурасы боюнча ар кыл илимий эмгектерди жараткан жана жалпы эле пост-советтик мейкиндиктеги азыркы түркология илиминин жогорку деңгээлде өнүгүшүнө уюштуруучу жана жетекчи катары терең салым кошкон.

Кыргыз илими үчүн да Тенишев зор салым кошкон. Кыргыз жазма маданиятынын тарыхый тамыры терең экенин, энесай руна сымал жазмасын кыргыз жазма маданиятынын башаттарынан деп баалоо зарылдыгын айткан.

Эгемен Кыргызстандын окумуштууларынын тарыхты жана кыргыз тил илимин жаңыча өнүктүрүү боюнча аракеттерин ал ырааттуу колдоп келгенин, анын салымысыз азыркы илимий жетишкендиктерибизди элестетүү кыйындыгын академик Бүбүйна Орузбаева эжекебиз баса белгилейт:

- - Маркум Тенишев кыргыз тилин изилдөө менен алектенди, болгондо дагы революцияга чейин кыргыздын жазма тили болгон экен деген көз карашы камтылган эмгектери аркылуу илимге чоң салым кошту. Кадр даярдоого олуттуу эмгек сиңирип, бир топ илим кандидаттарын даярдап берди. Эмгектеринин жыйынтыктоочу мезгили кыргыз тилин изилдөөгө жумшалды. Натыйжада «Байыркы кыргыз тили» деген эмгекти жазды. «Манас» дастанын иликтөөдө да зор эмгеги болду.

Маркум Эдгам Тенишевдин окуучуларынын бири, кытайлык түрколог Мухаммед Ху Чженхуа устатынын чыйырын улантып, Манчжуриядагы фу-йү кыргыздарынын тилин жана этнографиялык маалыматтарын иликтеп берди.

Эртең, Орусиянын ордо шаары Маскөөдөгү жамы мечитте жаназасы окулган соң, маркум Едгам Тенишевдин сөөгү жерге берилмекчи.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, устат агабыз!
XS
SM
MD
LG