Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

«Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолорунда» өлүм жазасын кайтарып келүүнүн зарылдыгы канчалык экендиги жөнүндө коомчулукту түйшөлткөн талаш маселе талкууланды.

Катышкандар:


Төлөйкан Исмаилова,

“Жарандар коррупцияга каршы”

укук коргоо борборунун жетекчиси






Анаш Сейитказиев,

Жогорку Кеңештин депутаты,

Коммунисттер партиясынын мүчөсү,

партиянын төрагасынын орунбасары





“Азаттык”: - Биринчиден, Коопсуздук Кеңешинин жакында өткөн жыйынында Кыргызстандагы диний кырдаал талкууланып, ошол жыйындын жүрүшүндө айрым жогорку чиндеги бийлик адамдары өлүм жазасын кайра киргизиш керек дегендей демилгени көтөрүп, өздөрүнүн пикирин айтышты. Төлөйкан айым, ушул нерсе эмнеден улам келип чыгып атат? Сиздер укук коргоочулар буга каршысыздар. Эмне үчүн каршысыздар?

Т.Исмаилова: - Биринчиден, Бакиев мырзанын өлүм жазасына каршы демилгесин 2007-жылы Кыргызстан гана эмес, дүйнө колдогон. Экинчиден, революциянын агымы менен келген сабатсыз чоң чиновниктер жана өзүнүн ишин жакшы алып баралбаган, бүгүнкү күндүн менеджментин билбеген адамдар өзүнүн иштей албаганын билгизип, адамдарды элдин көзүнчө атыш керек деп 10-кылымга кайра алып баратканы, бул аябай өкүнүчтүү.

Ошон үчүн биз айткыбыз келет, өлүм жазасын эч кандай киргизе албайт, анткени коомчулук каршы. Үчүнчүдөн, өмүрдү кудай гана берет. Адам төрөлгөндөн эле өмүрүнүн кол тийбестик статусу бар. Ошон үчүн бул абсолюттук адам укугу.

“Азаттык”: - Биз билгенден коммунисттер өлүм жазасын колдоп келатасыздар. Бизде Кыргызстанда азыр ал жаза алынып салынган. Бирок биздин укканыбызга караганда атайын бир мыйзам даярдалып атыптыр деген пикир бар. Аны коммунисттер фракциясы даярдап атат деп угуп атабыз. Себептерин айтсаңыз?

А.Сейитказиев: - Негизи быйылкы жылы Петровкада болгон окуяларды алып көрсөк. Мына мурунку 2007-жылы референдумда Баш мыйзамыбызга толуктоо киргизилбедиби, ошондо өлүм жазасы алынып коюлган.

“Азаттык”: - Сиздер ошону киргизели деп атасыздар. Кандай аргументтериңиздер бар?

А.Сейтказиев: - Аргумент мындай, биз май айында шайлоочулар менен жолугушууга барган биздин аксакалыбыз Бейшебек Акунович болуп, 30-июнда борбордук комиттетин бюросун өткөргөнбүз. Ошол бюродо маселе коюлду, көп жерде талап кылып атышат, эмне үчүн ушундай кылмыш кылгандар аман калыш керек деген. Ошондон чыккан да.

“Азаттык”: - Биз окурмандарга да суроо таштадык эле "Азаттык kg” сайтына. Аманат деп өзүн Оштон тааныштарган киши жазып атат, мейли соттор адилеттүү болсо, анда өлүм жазасын киргизсе болот эле. Азыркы соттор адилеттүү эмес, байлардын акчасын алып, ал эми кембагалдар соттолуп жатат. Булар такыр мыйзамга туура келбейт, адал иштешкен жок дейт. Кандай ойлойсуз?

А.Сейитказиев: - Бул кишинин берип аткан суроосун түшүнсө болот, бул туура эле. Биз канча айтып атабыз сот системасында чоң реформа жүргүзүү боюнча. Бул ишке ашпай атат бүгүнкү күндө. Жаңы киргизип атканы - арачы соттор (суд присяжных), ошол эле болуп атат. Совет доорунан бүгүнкүгө чейин иштеп аткан соттордун ордуна жаңы муунда төрөлгөн, бийликтен бузулбаган балдарды алып келип койсок болмок бүгүнкү күндө, андай адистерибиз жетиштүү.

“Азаттык”: - Мен бир нерсени айтайын, мына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мурдагы мүчөсү Жусупжан Жээнбековдун баласы каза болгонун, киши колдуу болгонун билесиздер. Жусупжан Жээнбеков “Агым” гезитине өткөн жума күнү берген интервьюсунда айтып атат, “Адам өмүрүн кыйган адам кылган күнөөсүн мойнуна тартыш керек. Тилекке каршы, бизде демократия анархияга өтүп кетип жатат. Буларды мыйзамдын негизинде өлүм жазасын буйруп, анын өлүгүн туугандарына бериш керек. Өмүр бою түрмөдө отурсун деп жазалаганы менен, аларды мамлекет өз эсебинен багып жатат. Алар 20-25 жыл түрмөдө отурса да мен чыгып кетейин деп өмүр бою арыз жаза беришет. Көп жылга кесилген адам эрте эле эркиндикке чыгып кеткен учурлар бар” дейт. Бул силердин айтканыңарга каршы пикир да?

Т.Исмаилова: - Коммунисттер партиясынын да коомчулук минтип атат дегени бар. Бирок жакшы мамлекет кылмышкер катары өзүнүн адамдарын эч качан атпайт. Эгерде мамлекет атса, ал кылмышкерден да оор статусу бар киши өлтүргүч деген. Ошон үчүн биз аябай кубанычтабыз, анткени өлүм жазасынан эки жыл мурун кеткенбиз. Бирок, тилекке каршы, соттун каталары, сиз айткандай, бар, сот коррупцияланган.

Экинчиден, милициянын зөөкүрлүгү бар, балдарды мыйзамсыз кармап кетип жатат. Мына билесиздер, кышында 2007-жылы декабрда 250 кишини бир күндө бошотконбуз, паспорту жок деп эле тыга берген.

Үчүнчүдөн, бүт бутактардын баары коррупция. Эмне үчүн коммунисттер партиясы жана коопсуздук комитети ойлонбойт, эмне үчүн милициянын маянасы аз, эмне үчүн профессионалдыкты жогорулатпайт, эмне үчүн сот эгемендүү эмес жана милициянын статусу кандай болот? Демократиялык өлкө деген маселелерди иштетпей, аябай жеңил адамдарды кармап туруп атып салыш.

Төртүнчүдөн, түрмөлөрдүн акыбалын айтсак, 1998-жылдан бери анализ кылдык, 70 киши өзү эле өлгөн өлүм жазасына кесилген жана абактарда өмүр бою отургандардын арасынан.

Мына канча жолу 2005-2009-жылдары түрмөдөгү адамдар бири-бирин өлтүрдү. Эмне үчүн криминал боюнча иш жүрбөйт? Эмне үчүн спецпрокуратуранын статусу жок, түрмөлөрдүн ичинде мыйзам кандай иштеп атканын караганга. Анткени ал жерде ГУИНдин адамдары маянаны аябай аз алышат, баңги, арак бар, мушташтар, конфликттер бар жана бири-бирин өлтүргөн толгон-токой иштер бар.

Эмне үчүн жашы жете элек балдардын 14-колониясында пекин принциптери иштебейт? Анткени эч ким түрмөнүн ичинде иш жасабайт. Оңой, депутат болуп отуруп алып, атыш керек деген.

“Азаттык”: - Анаш мырза, сиздер киргизели дегенден мурда анализ жасап көрдүңүздөрбү? Кирип колдонулуп аткан мамлекеттерде өлүм жазасы колдонулбаган мамлекеттерге караганда кылмыштуулуктун саны азайганбы?

А.Сейитказиев: - Алыс барбай эле коелу, мен Өзбекстанды эле мисалга киргизсем. Мына эгемендүүлүктүн учурунда 1991-92-жылдарда ал жерде катуу тартип болуп, өлүм жазасын кинотеатрга алып келип элге көрсөткөн учурлар болду. Ошондон кийин бүгүнкү күндө машинаны ачкычы менен таштап койсоң, машинең тура берет, эч ким тийбейт. Көп ошондойлор жок болду. Азыр ууручулук, зөөкүрчүлүк деген Өзбекстанда бир топ кыскарган.

Т.Исмаилова: - Биздин анализ боюнча абийирдүү, абройлуу, эгемендүү адам укугун коргоочу институттар Өзбекстанды ачык түрмө деп айтышат. Биз да билебиз акыбал Өзбекстанда кандай экенин. Ошондуктан авторитардуу өлкөлөр менен Кыргызстанды эч кандай салыштырбаш керек. Өзбекстанда сиз айткандай өлүм жазасына кетип, сот аркылуу 28 киши кайра коомчулукка чыкканы бар.

Көрдүңүзбү, ошон үчүн парламенттин иши ушунчалык начар. Анткени Өзбекстандын парламентинен силер артта калгансыңар. Анткени Жогорку Сотко статус берген, эгерде өлүм жазасына, же болбосо өмүр бою отурган адам өзүнүн маселелери боюнча чыгып арыз жазса, Жогорку Сот кайра карап, аларды чыгарат. Ал эми Кыргызстанда бир да адам чыга элек.



“Азаттык”: - Анаш мырза, азыркы тапта өлүм жазасына кесилген биздин маалымат боюнча 204 адам бар экен. Ошолордун акыбалы дагы өтө оор деп айтышат, мисалы ошолордун кармалышы. Жаңы эле айтылып өттү 1998-жылдан бери 70 адам өлүм жазасына кесилгендердин ичинен каза болушуптур. Кандай деп ойлойсуз ошолордун тагдыры боюнча?

А.Сейитказиев: - Төлөйкан айым айткандай, бул мыйзам киргенде эле Кыргызстанда камалгандардын баары эле атууга кетпейт да. Бул чанда колдоно турган мыйзам болот.

“Азаттык”: - Сиздер өтө оор кылмыштарга гана киргизели деген пикирдесиздерби?

А.Сейитказиев: - Оор гана кылмыштарга. Мына мурдагы Кылмыш Кодексинде болгону үч гана беренеде бар. Бул геноцид, адамды бир эмес 2-3 жолу, же өтө мыкаачылык менен өлтүрүү, анан зордуктоо, жаш балдарды, өлүмгө алып барган учурлар. Мен айтып кетейин дегеним, Петровкадагы кызды зордуктагандан кийин чоң энеси муунуп өлүп атат. Кыз өлүп атат. Андан тышкары эмне болуп кетти? Ортодо улуттук чоң ызы-чуу болду, үйлөрдү талкалап өрттөөгө чейин барды. Эмне үчүн ушундай адам биздин коомдо жашаш керек?

Т.Исмаилова: - Ал үч статья мурунку Кылмыш Кодексинде болчу. Күзүндө 2007-жылы парламент кабыл алды, ошондо үч статьянын ордуна 6 статья кошту. Көп адамдардын арыздары БУУнун комитетинде катталган.

Бүгүнкү күндө отчеттуулук деген бар милицияда. Анткени кедей радикалдуу исламды жактаган адамдарга күрөшөбүз деп бүгүнкү күңдө кедейлерди керек болсо, Азиза Абдрасулова айткандай, Жалал-Абатта үйлөрүнөн өйдө өрттөп кетип атышат. Мына бүгүнкү ГКНБнын түрү.

Бир кишинин да өмүрүн эч ким албашы керек. Эгерде алса, бийлик өзү кылмышкерден да жаман болот.

А.Сейитказиев: - Мыйзамды бузбаш керек. Мыйзамды бузбаган эле адамдарды алып барып эле камаганды кайдан көрдүңөр?

Т.Исмаилова: - Мына мени дагы 5-6 алты жолу эч күнөөсүз эле камаган, билесиз.

“Азаттык”: - Төлөйкан айым, мисалы дүйнө жүзүндө өлүм жазасын кээ бир гана катуу кылмышка барган учурларда колдонгон мамлекеттер да бар экен. Экинчиси, ушундай демилге көтөрүлгөндөн кийин дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык уюмдардын Кыргызстанга, кыргыз бийлигине карата мамилеси кандай болуп атат?

Т.Исмаилова: - Биз 2007-жылы Конституцияда өлүм жазасы алынгандан кийин аябай кубанганбыз. Биздин шериктештер барып, Норвегия, Швеция, биздей эле болгон кичинекей мамлекеттерди көрүп келишкен. Алардын түрмөлөрүнө кирип көрсө киши чыккыс.

Анткени Конституцияда жазылгандай, кылмыш жасаган күнү дагы адамдын эркиндиги гана чектелет. Коста-Риканын Юстиция министрлигинде 34төгү аял түрмөлөрдү башкарат экен. Ал түрмөдө отурган адамдарга айтат: мамлекеттик жоопкердүү адамдар, сиздерге эртең тамак кандай берет, кайсы тилде окуйсуздар, англис тилин, же кытай тилин окуйсуздарбы, слесардыкты окуйсуңарбы деп, аларды түрмөдөн отпускага жиберет.

А бизде мындай: 30 жылга кеттиңби, аялың да, атаң да жок. Бир адамдын тагдыры жөнүндө керек болсо айыл, район, облус боюнча адамдар ыйлап бүгүнкүгө чейин маалымат ала албайт.

Керек болсо балдарын мурунку жылдары атып коюп, маалымат бербей койгон күндөр бар да. Президенттик администрациянын алдындагы кечирим берүү комиссиясы жеткен коррупциялашкан структура. Ошон үчүн бул жерде айтыш керек, Анаш мырза.

Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсү менен башка мамлекеттен айырмаланат. Бул Өзбекстан эмес. Биз Норвегия, Швейция ж.б. мамлекеттерде болобуз, кылмышкерлер коркуп жасабайт кылмышты. Эгерде силер атып койсоңор, кылмышкерлер чоң акчаны берип туруп, баягы революциядан кийин келбеди беле прокуратурага, мына баланча миллиондогон сом беребиз деп кылмышкерлер, ошондой болбойт. Ошондой мамлекеттин бизге кереги жок.

“Азаттык”: - Анаш мырза, сиздер ушул пикирлерге карабай жанагы мыйзамды даярдай бересиздерби, сунуш кыла бересиздерби?

А.Сейитказиев: - Мен Төлөйкан айымга айтайын, биз эч качан же Швеция, же Норвегия боло албайбыз. Биз Акаевдин учурунда Швейцария, Жапония болобуз дечүбүз. Бирок биздин өзүбүздүн кыргыздын тарыхый көп нерселери бар. Өзүбүз гана өсүшүбүз керек. Эмне үчүн бирөөнүкүн алып туруп көчүрүп алышыбыз керек. Өзүбүздүн өнүгүү программабыз болуш керек. Ошонун үстүнөн иштешибиз керек.

Т.Исмаилова: - БУУнун Декларациясы бар го, башка мамлекеттердин баардыгы тең ошону менен иштейт.

А.Сейитказиев: - Америкада силер мактаган, ошол жакта деле атып атпайбы элдерди. Американын акчасын аласыңар НПОлордун баары тең.

Т.Исмаилова: - Биз мактаган жокпуз Американы. Сиз антип айтпаңыз, биз алсак акчаны ошол Акаев, Бакиев кол койгон келишимдер аркылуу алабыз. Коммунисттер партиясы бизге берген жок акчаны, антип айтпаңыз.

“Азаттык”: - Анаш мырза, сиздер эмне үчүн биз адам укугун коргоо боюнча мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча Норвегиядай боло албайбыз деп ойлойсуздар?

А.Сейитказиев: - Жок, гумандашуу болуш керек, ар бир нерседе болуп атат. Буга чейин Төлөйкан айым айткандай, мурунку Кылмыш Кодексинде 3 статья болсо, кийин дагы үчөө кошулган. Алтоондо тең азыр өмүр бою кесилүү деп турат, туурабы, атуу деген жок. Эми негизи мен жанагы Петровканы айтып кеткендей...

Т.Исмаилова: - Петровка башка.

А.Сейитказиев: - Эмне үчүн башка, биздин коомдо болгон окуя.

Т.Исмаилова: - Петровканы ошол шалаакы милиция, шалаакы губернатор, шалакы айыл өкмөтү жасады, иштей албайт алар.

А.Сейитказиев: - Ошон үчүн , сиз башында айтып кеткен Коопсуздук Кеңеши, ГКНБ, туура эле айттыңыз, алар иштеш керек.

Т.Исмаилова: - Аларга реформа боло элек. ГКНБңыз кызыл, силердин Коммунисттик партиянын 17-жылдагы ГКНБсы, адамдарды өлтүрүп коет, эч жоопкерчиликсиз, отура берген кофе ичип коюп.

А.Сейитказиев: - Ошондо деле коммунисттин баарын күнөөлөбөгүлө. Ошол эле Америкада, ошол эле Кытайда атып атат, мына араб элдеринде.

Т.Исмаилова: - Силер жаман коммунисттер болуп атасыңар адамдарды атам деген. Араб элинин кереги жок бизге, биз кыргыз элбиз, манаптын балдарыбыз.

А.Сейитказиев: - Эмне үчүн биз мусулман өлкөлөрүнүн жолун жолдобой, кайдагы Норвегияныкын жолдошубуз керек?

Т.Исмаилова: - Арабдардай радикалдуу ислам болгон эмес, биз деген зороастра деген ушунчалык демократиялык динге ишенгенбиз, табият менен чогуу ишенгенбиз.

А.Сейитказиев: - Мына айтып кетейин, Филиппин мамлекетинде өлүм жазасын алып койгон, парламент аркылуу кайра киргизип койгон. Сот бүт өкүмүн чыгарып бүткөндөй кийин парламентке берет. Биз деле ошондой сунуштайлы деп атабыз. Сот өкүмүн чыгаргандан кийин макул же макул эместигин бере турган дагы орган керек, президент же парламент болобу.

Т.Исмаилова: - Парламент сотту кайталабашы керек. Бизге эгемендүү сот керек. Ошондой эле парламент мыйзамдын жана соттун астында жөнөкөй адамдардай жооп бериш керек. Анан сиз сотту кайталап, биз чечебиз дейсиз. Чечпей эле коюңуз, кереги жок. Биз билебиз парламент кандай иштеп атканын.

А.Сейитказиев: - Жылына 20-30 киши эмес, жылына көп болсо бирөө болот.

“Азаттык”: - Биздин “Азаттык kgге» жазган Бека деп өзүн тааныштырган жараныбыз айтып атат, өлүм жазасы кирип калса, бийликтегилердин арасынан ошол жазага татыктуулар өтө көп. Ансыз да эл кыйналып тажап турат. Тоок уурдаган кишини багып жатабыз деп кыйкырасыздар, ошол эле учурда мамлекеттин миллиондору жок болуп атат, дейт. Мындайча айтканда өлүм жазасы жөнүндө көтөрүлгөндө ошол жазага азыркы бийликтегилердин көбү татыктуу деген пикирлер эл арасында көп экен. Бул сизди кооптондурбайбы?

А.Сейитказиев: - Негизи конкреттүү түрдө айтса болот эле.



“Азаттык”: - Мисалы, чоң-чоң корруционерлер бар, аларды коом да, укук коргоо органдары, прокуратура, сот да тааныйт. Мисалы миллионду жеп койду деген кишилер 15-20 жылдык тарыхыбызда болбодубу. Ошолорго эмне үчүн колдонбойсуңар дегенди көбүрөк козгоп атышат бул жерде?

А.Сейитказиев: - Мен айтып кетет элем, Жаза Кодексинин 301-беренеси болуш керек коррупция деген. Бүгүнкү күндө бир дагы иш козголгон жок. Ошон үчүн ошону Жаза Кодексинен алып салыш керек. Бизде кыргызда ыраазычылык менен коррупциянын айырмасын биле албай жүргөндөр деле болот.

Т.Исмаилова: - Сиз туура айтып атасыз. Анткени жарандык коомдун көз карашы мындай, биз өлтүрбөйбүз коррупционерлерди. Биз билебиз аларды, маалымат базабыз бар. Бирок бизге мыйзам керек коррупция жасаган адам эч качан бийлик бутагына келбеш керек деген. Анткени биз тазаланышыбыз керек.

Коррупционерлерди баягы шахмат тактасындай кылып эле бул жактан алып, тиги жакка коюп, сотту бул жактан алып тиги жакка койгонду токтотуш керек. Биз баарын билебиз, ошон үчүн атпайбыз биз.

Бирок экинчи ошол адамдар, алардын балдары келбеш керек. Мисалы сиздин Коммунисттик партиянын лидери келбеш керек экинчи парламентке. Бизге андай парламентарийдин кереги жок, адамдарды өлтүрөм деген.

“Азаттык”: - Бир нерсени айтып коелу, жана Коопсуздук Кеңеши боюнча сөз болуп калды. 23-сентябрда өткөн да, 24-сентябрда ошол коопсуздук кеңешинин аппараты маалымат таратып атат. Анда коопсуздук кеңешинин катысы Адахан Мадумаров өтө оор кылмыш жасагандар үчүн өлүм жазаны калыбына келтирүү боюнча өзүнүн атуулдук гана позициясын айтканын белгилеп. Бирок Мадумаровдун атуул катары айтканы республика жетекчилигинин расмий позициясын, ошондой эле КР коопсуздук кеңешинин катчысы катары анын мамилесин чагылдарбайт деп айтылган.

Т.Исмаилова: - Билесиздерби, кыйноолордун ар кандай түрү бар. Мырза Мадумаров, Конгантиев, Суталинов жана башкалар психологиялык кыйноого салды коомчулукту. Анткени эки жылдан бери өлүм жазасы жок деп, андан ары кандай кадамдарды жасайбыз деп.

Биз тамак алып барып жүрөбүз ошол подвалда отурган, өлүп аткан адамдарга. Мынакей, биз акча алабыз, бирок ошондой адамдарга жардам беребиз Анаш мырза. Барып туруп ыйлаган көздөрүн аарчып, суроолорду жазып, Жогорку Сотко чейин алып барабыз. Бирок сиздер билесиздер үч тепкичтеги гана сот бар Кыргызстанда, алар карабайт кайра.

Жогорку Сотто официалдуу жооп бар, эгерде парламент ошондой статус берсе биз карайбыз деген. Же болбосо бул эмне деген акмакчылык, бир адамга 49, 45, же 95 сом берилет. Ошонун ичине тамагы, анан светтин баасы жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн баары кирет.

Мына бүгүн ГУИНдин бюджетин карабайсынарбы, ошол 9 миңден ашык адам кандай акыбалда отурганын, ошонун ичинде балдар жана аялдар кандай отурганын. Андайга силердин убактыңар келбейт. Силер дароо барып өлтүрүшүңөр керек.

Кечирип коюңуз, Ишенбай Кадырбеков да айткан барбайм деп. Көп официалдуу адамдар отурат. Ошон үчүн антип “не зарекайтесь от тюрьмы и сумы”.

“Азаттык”: - Мисалы түрмөдөгү акыбалды жакшыртуу боюнча сиздер кандай иш жасап атасыздар, коммунисттер?

Т.Исмаилова: - Эч нерсе жасай элек, мен бир дагы коммунистти көрө элекмин түрмөлөргө барган.

А.Сейитказиев: - Элдин баары кызыгып көргөн кино бар го «Место встречи изменить нельзя» деген. “Вор должен сидеть в тюрьме”, это однозначно. Уурдадыбы отуруш керек.

Т.Исмаилова: - Сиз сот эмессиз.

А.Сейитказиев: - Мен аларга өкүм чыгарбайм, сот чыгарып берип атат.

Т.Исмаилова: - Сиз айтып атасыз сот коррупциялашкан, милиция зөөкүр деп атасыз.

А.Сейитказиев: - Сиздин айткаңызга мен толугу менен кошулам, кадр боюнча. Мына Совет доорунда бир жерден бир жетекчи кызматтан абалын пайдаланып, же башка нерседен жумуштан алынгандан кийин өмүр бою ал кишини кызматка койчу эмес. Бизде бүгүнкү күндө кадр саясатында укмуш эле болуп атат. Бир жерден алып койсо, жеп атат, ичип атат десе, башка жерге 3-4 айдан кийин барып отуруп атат.

“Азаттык”: - Төлөйкан айым сиздер акция уюштурдуңуздар. Ошол акцияны өткөргөндөн кийин коомчулук тарабынан, бийлик тарабынан кандай реакция болду?

Т.Исмаилова: - Биз аябай көп кат алдык, телефон коңгуроолорун алдык. Анткени көпчүлүк адамдар таң калып атат, Кыргызстан алга жылбай эле кайра 17-кылымга кетип атат, бул кандай парламент адамды өлтүрөм деген. Туура кылмышкер өзүнүн жазасын алыш керек, отуруш керек. Бирок ошондо дагы эгемендүү сот болуш керек, ачык, жакшы сот жана тергөө жакшы жүрүш керек. Бизде бүт коррупцияланган.

Биздин анализ боюнча 2009-жылы 56 киши кургак учуктан өлдү, 2008-жылы 103, 2007-жылы 151, 2006-жылы 216 киши өлдү. Эми өлүмдөр ансыз деле болуп атат. Анткени ошол түрмөдөгү акыбал аябай чыдамсыз жана кыйноо бул, мына мен барып жүрөм. Эмне үчүн депутаттар Коммунисттер партиянын фракциясы ошол адамдарды барып социалдык жактан карап, ГУИНдин иштеген адамдарын кандай иштеп атканын сурабайт.

Керек болсо ГУИНдин адамдары кургак учук болуп, кээде жаман конфликттердин арасынан өлүп калгандар бар. Мына мен сизге 25 конфликттүү абалды берейин. Чыдай албай ошондой абалга адамдар ичин жарып, ичеги карыны менен отургандарын көрөбүз. Кандай чыдап отурасыңар парламентте?

“Азаттык”: - Мен бир гана суроону берейин, Анаш мырза. Кээ бир учурда бизде кайсы бир саясий оппоненттерди бийлик өкүлдөрү, кайсы бир иштерге жамап туруп түрмөгө отургузган учурлар болуп атат. Сиздер айткан мисалы өлүм жазасын киргизүүнун артында бийликтин өзүнүн оппоненттеринен кутулуу аракети сыяктуу коркунуч жок эмеспи бул жерде?

Т.Исмаилова: - Топчубек Тургуналиев, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Ишенбай Кадырбеков, Аликбек Жекшенкулов. Мына Аликбек Жекшенкулов боюнча, кантип уялбай отурасыңар парламентте ушундай мыйзамдарды кабыл алып коюп?

А.Сейитказиев: -Төлөйкан айым, прецедент болбосо камалбайт эч ким.

Т.Исмаилова: - Петровка, Балыкчы боюнча кайдагы прецедент?

А.Сейитказиев: - Балыкчыда эртеңки шайлоо мыйзамсыз өтөт деп билгендей көзү ачык беле? Биз деле катышып жүрдүк.

Т.Исмаилова: - ГКНБ менен бийлик көзү ачык болуп эчак эле операциянын баарын даярдап койгон 21де эле. Мен сизге копиясын берейин. Бул деген атайын Аксыдай болуп жасалган операция адамдарга каршы. Чыгарсын Петровканы, чыгарсын Балыкчыны.

“Азаттык”: - Мисалы Петровка боюнча айтып атасыз. Азыр үч киши, үч укук коргоочу, бири саясий партиянын лидери отурат. Эртең, мисалы, сиз коммунисттердин жетекчиси катары кайсы бир окуяга катышып калсаңыз, сизди камап, ошонун аркасында өлүм жазасына кесип ийбейт деген кепилдик барбы?

А.Сейитказиев: - Мен мыйзамды бузган болсом камай берсин. Мен мыйзамды аткара турган адаммын.

Т.Исмаилова: - Конституцияга каршы мыйзамдарды кабыл алып атасыңар. Биз ошол жөнүндө айтып атабыз биз. Жөнөкөй адамдар, мына 89 адам шайлоодон кийин мыйзамсыз түрмөгө келди деп атабыз.

А.Сейитказиев: - Конституцияга каршы кайсы мыйзам бар?

Т.Исмаилова: - Тынч пикеттер боюнча. Эки конституциялык соттун чечими турат. Биз жети айлап Конституциялык Соттон утуп алсак, силер кайра мындай кылып атасыңар.

А.Сейитказиев: -Ал кабыл алына элек да. Кабыл алынгандан кийин айтыңыз да.

Т.Исмаилова: - Бизди кармап атпайбы.

“Азаттык”: - Рахмат, талкуубуз кызыктуу болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG