Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Кыргызстан камсыздандыруу тармагында да артта


Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин милдеттүү түрдө камсыздандыруунун түрлөрү киргизилген эмес. Камсыздандыруу боюнча адистердин айтымында, бул жаатта өлкө кыйла эле артта калды. Ал эми өкмөт ушул тапта милдеттүү түрдө камыздандыруу жана алардын тарифтерин аныктоо жаатында иштөөдө.

Камсыздандыруу рыногу Кыргызстанда жаңы гана өнүгүп келатат. Камсыздандыруу бул - жеке жана юридикалык тараптарды бөөдө кырсыктардан, күтүлбөгөн окуялардан сактоо системасы. Ал үчүн өз өмүрүн, унаасын же кыймылсыз мүлкүн камыздандыргысы келген адам камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүшү керек.
Абдан чоң түшүндүрүү, уюштуруу иштерин жасоо керек деп ойлойбуз. Мен камсыздандыруу боюнча бул тарифтерди биринчи июлдан тарта киргизүүнү сунуштайм.
Данияр Үсөнов


Бул жаатта учурда Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматы “Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруунун өлчөмүн жана тарифтерин бекитүү боюнча” токтом долбоорун сунуштоодо. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов аталган токтом долбоорун жакшылап даярдоо керектигин айтып, мөөнөтүн 1-июлга чейин созуп койду.

Ушул кезге чейин Кыргызстанда милдеттүү түрдө камсыздандыруу түрлөрү иштебей келет. Эгер 1-июлдан тарта жогорудагы токтом кабыл алынып калса, анда өлкөнүн камсыздандыруу тармагында алга карай жылыштар болмокчу. Бирок адистердин айтымында, андай жылыштар рыноктук механизмдер сакталып, мамлекет жеке секторлорго кийлигишпеген учурда жана таза атаандаштык камсыздалганда гана ишке ашмакчы.

Премьер-министр Данияр Үсөновдун айтымында, негизинен коомчулуктун камсыздандыруу жаатында түшүнүктөрү жок болууда. Маселен, былтыр өлкө боюнча миңден ашуун адам жол кырсыктарынан набыт болушкан. Бирок алардын бирөөсүнө дагы төлөмдөр камсыздалган эмес. Анткени алардын бирөө дагы камсыздандыруу компанияларынын кызматтарынан пайдаланышпаган.

Андан тышкары премьердин пикиринде, Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыктан, кыймылсыз-мүлктөрдү да камсыздандырууну өнүктүрүү зарыл болуп турат.

Камсыздандыруу жаатында кеңири түшүндүрүү, уюштуруу сыяктуу көптөгөн иштерди жасоо керек болгондуктан, бул боюнча өкмөттүн токтомун жайга чейин бүткөрүү тапшырылды:

- Бул токтом расмий түрдө басма сөздө жарыялангандан кийин 15 күн ичинде күчүнө кирет. Муну көзөмөлдөө Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматына тапшырылат. Андан тышкары бул боюнча абдан чоң түшүндүрүү, уюштуруу иштерин жасоо керек деп ойлойбуз. Мен бул тарифтерди биринчи июлдан тарта киргизүүнү сунуштайм.

Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Бакыт Закиров билдиргендей, ушул тапта милдеттүү түрдө камсыздандырууга кире турган камсыздандыруу түрлөрүнүн баалары аныкталууда. Анын айтымында, эгерде кийинчерээк авто унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке кирип калса, айрымдар болжогондой жол кире кымбаттабашы керек. Анткени авто унааларды камсыздандырууга төлөнчү акча көп эмес.
Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча кадрлар жетишпейт. Кадрлар жетишпегени үчүн да милдеттүү камыздандыруу кирген биринчи жылдары абдан татаал болот.
С.Каныметов

Эгер жайдан тарта токтом долбоору күчүнө кирип калса, камсыздандыруунун төрт түрү милдеттүү болуп калмакчы. Алар – жумуш берүүчүнүн кызматкерлери алдында жоопкерчилиги, жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жоопкерчилиги, кооптуу өндүрүш тармагындагы мекемелердин жоопкерчилиги жана кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жоопкерчилиги боюнча камсыздандыруу түрлөрү.

“НСК - Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясынын генералдык директору Сейит Каныметовдун ырастоосунда, Кыргызстан камсыздандыруу жаатында башкаларды айтпаганда да кошуна өлкөлөрдөн кыйла артта калды. Маселен, Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча азыр көтөрүлүп аткан мыйзамдар Казакстанда он жылдан бери эле иштеп келатат. Тажикстанда деле милдеттүү камсыздандыруу үч жыл мурда иштей баштаган. Өзбекстанда да милдеттүү түрдө камсыздандыруу иштеп келет.

Ошол себептүү жок дегенде Казакстан сыяктуу коңшулардын тажрыйбасын пайдаланып, алар кетирген каталарды кайталабоо керектигине токтолгон адис, милдеттүү камсыздандыруу түрлөрү иштей баштаган биринчи жылдары кыйынчылык болорун кошумчалады:
Сейит Каныметов

- Милдеттүү түрдө камсыздандырууга менин оюмча Кыргызстандагы компаниялардын көбү даяр эмес. Биринчиден, ар бир регионго, облуска филиалдарды ачуу керек болот. Андан кийинки маселе, кадрлар маселеси. Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча кадрлар жетишпейт. Кадрлар жетишпегени үчүн да милдеттүү камыздандыруу кирген биринчи жылдары абдан татаал болот.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 19 камсыздандыруу компаниялары иштейт. Камыздандыруу боюнча адистердин айтымында, Кыргызстанда бул тармактагы негизги кемчиликтер - кадрлардын жетишпестиги жана коомчулуктун бул боюнча түшүнүгү начар экендиги болууда. Андыктан бул жаатта камсыздандыруу боюнча агенттерди, брокелдерди жана актуарийлерди (камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди эсептөө боюнча адис) даярдоочу институт түзүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, жыкынкы жылдары камсыздандыруу рыногу 10-12 эсеге өсүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG