Учак кырсыгынын кесепетинен керосин жана иске ууланды деген беш бала Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Дача СУ айылынын эки үй-бүлөсүнөн 1-15 жаштагы беш балага алдын ала диагноз коюлуп, доктурга жаткырылды.
Мындан тышкары 18 жаштагы бир тургун №4 оорукананын токсикология бөлүмүнө жатты.
16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы Дача Су айылына учак кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылган. (RK)