Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

САДДАМДЫН ТЕРРОР МЕНЕН АЛАКАСЫ


Мындан беш жыл мурда Иракка басып киргенде Кошмо Штаттары өлкөнүн ал кездеги президент Саддам Хуссейнди массалык кыргын салуучу курал жасап жатат жана терроризмди колдойт деп айыптаган. Андан көп өтпөй ядролук курал жаатында АКШнын чалгын кызматтары такталбаган маалыматтардын негизинде жыйынтык чыгарышканы маалым болгон. Бирок жаңы жарыяланган изилдөөдө Саддамдын террорчулукту жайылтуу аракети күч болгону тастыкталат.

“Саддам жана терроризм" деп аталган изилдөө АКШнын коргонуу департаменти Пентагон тарабынан жүргүзүлгөн. Анда убагында Ирактын дүйнөлүк террорчулук, анын ичинде ал-Каида менен байланышы болгондугу ырасталат.

Иракта колго түшкөн 600 миң чакты ар кыл документ, видео, аудио тасмаларга жана компютердик файлдардын негизинде жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда, америкалык жана эл аралык буталарга каршы терроризмди колдонууга Саддам Хусейндин нийети болгон жана анын өкмөтү Жакынкы Чыгыштын чар-тарабында жихадчыларды машыктырып, куралдандырып келген.

Изилдөөнүн авторлоруна ылайык, 1990-жылдары Ирактын чалгын кызматы шийилердин радикал Хамас уюму менен кызматташкан, Палестин боштондук майданы Багдадда штаб-квартирасын ачкан. Албетте, палестин боштондук кыймылын терроризм деп эсептөөгө байланыштуу көп талаштар бар, бирок бул өзүнчө карай турган маселе.

Саддам Хусейн өзү секулярдык, башкача айтканда дин мамлекеттен бөлүнгөн системанын жактоочусу болгон, бирок аталган отчетко караганда, "касымдын касы мага дос" деген түшүнүккө таянып, ал исламдык фундаментализмдин күч алышын өз кызыкчылыгында пайдаланууга аракеттенген.

Мисалы, 1993-жылдагы расмий катында Саддам араб жергесиндеги америкалыктарга "аңчылык кылуучу" уюм түзүүнү чечкен. Документке ылайык, мындай уюм айрыкча Сомалиде керек болгон. Аталган өлкөдө ал кезде Ал-каида АКШнын гуманитардык күчтөрүнө каршы күрөшүп жаткан.

Ирактын чалгын кызматы ошондой эле Египет Исламдык жихад уюмун машыктырган. Кезегинде Израил менен элдешкен президент Анвар Садаттын көзүн тазалаган бул уюмдун "эмири" Аиман ал-Завахири 1998-жылдан тартып Ал-Каиданын ана башы Осама бин Ладендин оң колу болуп кызмат өтөгөн.

Пентагондун изилдөөсүндө Саддам менен ал-Каиданын бир мезгилде бир максатта иш алып барган дагы башка мисалдар келтирилет. "Саддам Сомалидеги америкалыктардын турумуна каршы аракет көрүүгө буйрук бергенде, Осама бин Ладен да ушул эле максатта иштеп жаткан. Саддам ашынган террорчул уюмдарды издеген" деп айтылат документте.

Ирак өкмөтүнүн меморандумдарынын дагы бирине ылайык, 2001-жылы июл айында Саддамдын режими Бахрейнде бин Ладен канатынын алдына калкалап келген "Мухаммаддын армиясы" деп аталган террордук картелге жардам көрсөтө баштаган.

Айтор, Саддамдын терроризм менен байланышы боюнча Пентагон көптөгөн маалыматтарды тапкан, бирок анын ал-Каида менен атайын макулдашып иш жүргүзгөнү тууралуу конкреттүү далил табылган эмес.
XS
SM
MD
LG