Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:10

Т. Исмаилова: Административдик ресурс бүт Бакиевге иштеп жатат


Шайлоо алдындагы үгүт иштерине көз салган байкоочулар талапкерлер арасында теңчилик болбой, кызматтагы президент К. Бакиевке административдик ресурс бүт иштеп жатканын белгилешүүдө. Бул жөнүндө “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун лидери Төлөйкан Исмаилова "Азаттыктагы" маегинде кеп салат.

-Кечээ кечинде өзүңүз дагы уктуңуз болуш керек биздин радиодон, БЭКтин үч өкүлү кармалды. Сизде бул окуя боюнча маалымат барбы?

- Ооба, Роза Отунбаева кечинде телефон чалып, ошол маселе боюнча укук коргоочулар менен бүгүн жолугушабыз. Анткени шайлоого алты чоң уюмдан 87 узак мөөнөттүү байкоочулар көзөмөл жүргүзүп карап атабыз. Шайлоо кодексинде 34-берене бар, ага ылайык ар бир талапкер шайлоочулар менен жолугуп, өзүнүн программасын жар салып жана агитация жүргүзгөнгө тең укуктуу болуш керек. Ушул маселе боюнча аябай өкүнүчтүү көрүнүш болуп атат Кыргызстанда.

Масс-медиа өкүлчүлүгү да кабарлап атат, административдик ресурсту пайдаланып, жергиликтүү акимдер мыйзамды бузуп, жаман иштерди жасап атат. Мисалы, 28-июнда Кочкордо Жумакадыров Эркинбек деген айыл өкмөтү дагы биллборддорду орнотуп, ошол агитацияны аябай жүргүзгөн Бакиевге мырзага.

Семиз-Белдеги 11 боз үйдү Кочкор районунун администрациясы тигип, шайлоо кодексинин 13 жана 30-беренесин бузган да. Сариевдин командасына каршы Таш-Көмүрдө болгон окуя дагы аябай мыйзамсыз. Анткени Таш-Көмүрдө жергиликтүү кылмышкерлер менен, жаман бир топтор бар, билбейм кайсы партия менен түзүлгөн, криминалдык лидерлер да бар.

-Башкача айтканда бул абдан бардык өлкө боюнча жайылган ыкма болуп атабы? Сиздин байкоолор кандай?

-Жайылган бизде көп 34 баракта отчётубуз бар. Эртең- бүрсүгүнү жарыялайбыз, анткени биз аябай БШКга дагы айтабыз. Анткени мыйзам ар бир жаранга тең укуктуу. Бизде өкмөт отурса эле мыйзам ал үчүн иштебейт, анткени мыйзам ар бир талапкер Сариев болобу, Атамбаев болобу жана башкалар болобу, Бакиев болобу тең укуктуу болуш керек. Бирок биз өкүнүч менен айтабыз, анткени административдик ресурс бир гана талапкерге - мырза Бакиевге - аябай пайдаланып атат. Бул да аябай өкүнүчтүү, анткени Шайлоо кодекси референдумда алынган, жалпы эл кабыл алган ошол кодексти.

-Телетаймаш деген дүйнөлүк тажрыйбада бар го, ошол Кыргызстанда мурдагы президенттик шайлоодо да пайдаланылды эле. Бул жолу телетаймаштар ишке ашпачудай маанай түзүлүп атат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча телетаймаштарга дээрлик бирин-экин гана талапкерлер өздөрү чыккан турат да. Ушул шайлоочулардын укугуна кандай таасир этиши мүмкүн?

-Шайлоочулардын укугу аябай эле тепселенип атпайбы, анткени УТРКдагы телетаймашта Эшимканов мырза өзү модератор болду. Бакиев, Атамбаев келген жок, бирок ошондо дагы модератор катары бүт убакыттын баарын тең өзү алып алды да. Ошон үчүн бийликте отурган адамдар шайлоо процессине кийлигишпеш керек. ЭлТР да ошондой мыйзамды бузуп атат. Мониторинг учурунда бир гана кандидатка эфирде көп убакыт берилип атат. Аны дагы биз талдап чыктык, эми коомчулука билдиребиз. Эгемен телеканал же болбосо радио болбой атат. Бир талапкерден башка эфирге чыгып эл менен сүйлөшкөнгө калган талапкерлердин укугу жок болуп жатат. Мыйзам аябай одоно бузулуп атат.

Шайлоо тизмелерине өлгөн кишилерди дагы каттап жатышат. Мисалы, Кадамжай районунда 131-участкада 1200 шайлоочунун ичинде 5 өлгөн жана 5 адам Кыргызстандан чыгып кеткен болуп жатат. Тоң, Түп райондорунда, Жалал-Абадда дагы ушундай болуп атат тизмелери. Ошон үчүн шайлоочуларга мониторинг жасап жана коррупцияны азайтыш керек. Эң негизги нерсе, акча кайдан келип атат талапкерлерге. Анткени, саясий партиялар катышып атат, алардын бюджети ачык болуш керек. Партиялар каржы булактарын элге ачык айтыш керек.

-Сизге рахмат, Төлөйкан айым.

XS
SM
MD
LG