Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

МУШАРАФ РАДИКАЛДУУ МЕДРЕСЕЛЕРДИ КАНТИП РЕФОРМАЛАЙТ?


Исламабаддын Кызыл Мечитинде болгон кандуу кагылышуудан президент Первез Мушараф Пакистандын бир да мечитин жана медресесин террорчулардын пайдалануусуна жол берилбейт деп убада берди. Бирок айрым серепчилер: “Мушараф радикалдуу медреселерди реформалай алабы? Ага эрки жетеби?” дешип, анын сөзүнүн өтөсүнө чыгарына ишенишпейт.

Президент Мушараф өткөн жумада Кызыл Мечит согушчандардан тазалангандан кийин, медреселерди реформалайм деп сөз берди:

-Кызыл мечит согушка даярдоочу чепке айлантылган экен. Атүгүл мечитте террорчулар башпаанек тапкан. Биз келечекте эч бир мечитти же медресени Кызыл Мечит же Жами Хафсадай натуура пайдаланууга жол бербейбиз.

Пакистанда болжол менен 10 миңден 30 миңге чейин медресе бар жана көпчүлүк радикалчыл мечиттер талиптерди бөпөлөп өстүргөн Пакистандын чалгындоо кызматы-ISI менен байланышта экени жашыруун эмес.

Абдул Латиф Африди - Ооганстанга чектеш Чыгыш чекара провинциясындагы пуштундардын ана башы, Пешавардагы соттор ассоциациясынын төрагасы. Ал- Пакистан медреселериндеги согушчул маанай- ISI ислам радикалдарын Ооганстандагы советтик аскерлерге каршы согушуу үчүн чакыра баштагандан тарта күч алганын белгилейт. Уруулар жашаган аймактарда медреселердин радикалдуу окуучулары жана диниятчылар элди “тынчтыкка, сабырдуулукка, ынтымакка” үндөөнүн ордуна куралданып жатышат дейт Африди:

- Уруулар жашаган аймактардагы медреселерде куралдар канчалык көп экенин жана алар кандай кубаттуу болуп баратканын бир карап көрсөңүз. ……

Ал эми Роберт Темплер Эларалык кризистик борбордун Азия бөлүмүнүн башчысы. Анын айтышынча, Мушарафдын 2002-жылы да медреселерди реформалайм деген убадасы аткарылбай калган жана бул ирет да ошондой болот:

-Мушараф чоң саясый демилге көтөргөндү жакшы көрөт да, акырындап деми сууй баштайт. Акыр аягында жаңы саясаты унутулат. Бул ирет да “баягысы баягы” деген кайра болот.

Бирок, медреселердин баарын эле согушчулар менен байланышта деп айтуу жаңылыштыкболор эле. Исламабадда чыкчу "The Daily Times" гезитинин талдоочусу, Лахор университетинин профессору Расул Бакш Раистин сөзүнчө Кызыл Мечиттеги кан төгүүдөн кийин, ислам үчүн согушка чакырган медреселер диний институттардан колдоо тапкан эмес:

-Диний мекемелердин федерациясы Кызыл Мечиттин эки медресесин мүчөлүктөн чыгарып салды жана аларды таануудан баш тартты. Өлкөдөгү чоң медреселер эч кандай нараазылыкты көрбөдүк. Первез Мушараф радикалдуу медреселерди ийге салат деп ойлойбуз.
XS
SM
MD
LG