Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

“Азаттыктын” таңкы түз обосунда кыргыз-өзбек мамилелери, Өзбекстандын чегинде кармалып турган кыргыз чек ара кызматынын офицерлери тууралуу саясий серепчи Токтогул Какчекеев айтып берди.

- Токтогул мырза, ушул тапта кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал анча канааттандырарлык болбой атат. Маселен, 31-август күнү чек арадагы бейтарап, тактала элек аймактан өзбек кесиптештери менен атайын жолугушууга барышкан подполковник жана полковник чининдеги эки офицерди коңшу Өзбекстандын күч түзүмдөрү кармап кетишти. Андан кийинки эле күнү дагы эки кыргыз чек арачысын өзбек тарап кармап кетишкен. Бул окуяларга чейин Баткендин Беш-таш аттуу айылына кирип барып чатак салган үч өзбек бажы кызматкери менен бир улуттук коопсуздук тармагынын кызматкери Кыргызстанда кармалышкан болчу. Деги чек арадагы аңдышмайлардын, кармоолордун күч алышы эмнелерден кабар берет?

- Бул эми өтө кейиштүү иш. Анткени чек ара кызматкерлери мамлекеттин атайын кызматкерлери болуп саналат. Ошондуктан күчтүү, өзүн сыйлаган өлкөлөрдө башка бир өлкөнүн күч кызматкерлери келип ошол өлкөнүн жоокерлерине, офицерлерине, милицияга кол салса, анда ал мамлекеттин эгемендигине кол салуу болуп эсептелинет.

Бирок бизде көчө базары тармагында иштегендер мамлекеттик бийликке келишип, мамлекеттик кызматка ошол базар сезимин, табиятын киргизип коюп атышат. Бул кыскача айтканда паракорчулук.

Чек ара тармагында биздин чек арачылар көпчүлүк убакта өзбек кесиптештери менен түрдүү товарлардын аткезчилигин жасап, бири-бирине кызмат кылып, мамлекеттик кызматты бизнес катары пайдаланып келишкени айтылып эле атат. Ошондуктан, мүмкүн биздин чек арачылар өздөрүнүн милдеттерин аткарбай койгондуктан, алар келип байлап, айдап кеткен болуулары мүмкүн. Мындай нерсе биздин чек ара кызматында ондоп саналып атат. Жыл сайын болуп атат. Мунун баары биздин шалаакылыктан. Ал жакка аскер ишинин жана мамлекеттик кызматтын баасын билбеген адамдар баргандыктан, чайкоочулуктан болуп атат.

- Минтип чек арадагы кырдаалдын чыңалып баратышына июндагы окуялар кошул-ташыл болуп аткан жокпу? Айрымдар ушундай пикирди карманышууда.

- Анысы да бар. Анткени кайсы эл өзүнүн бир улуттагы туугандарына боору оорубай коёт. Албетте ооруйт.

Бул жерде айта кетиш керек. Өзбекстандын президенти айткандай, кыргыз менен өзбектердин кагылышы атайын уюштурулган нерсе. Бул жерде эч кандай улутчулдук жок. Анткени план боюнча ошол чатак Кыргызстандан Өзбекстанга өтүшү керек эле. Өзбекстандын президенти ушундай сөздөрдү айтып атат. “Эгерде кыргыз элине бирөө кол салса, анда ал өзбек элинин душманы” деп өзбек президенти айтканын биз билебиз.

Ошондуктан бул маселени биз туура карашыбыз керек. Өзүбүздүн чек ара сыяктуу милдеттүү кызматтарыбызды ак, таза, ант бергендей иштеп беришибиз керек. Кыргыз мамлекетинин аброю үчүн иштеш керек.

- Буга чейин подполковник же полковник даражасындагы офицерлерди талаштуу аймакта кармап кетишкен мисал болбоптур. Бул жаатта мамлекет кандай кечиктирилгис чараларды көрүшү керек?

- Мамлекет дароо эле эки чек ара кызматы ортосунда кеңешүү маанайындагы кездешүүнү уюштуруу керек болчу. Эки коопсуздук кызматынын жолугушуусун деле уюштурушса болмок. Ал да натыйжа бербесе Тышкы иштер министрлиги нота жазышы керек эле.

Биз өзүбүздүн аскерлердин, мамлекеттин аброюн сактайбыз десек, президент Р.Отунбаева түз эле И.Каримовго чыгышы керек эле. Бул маселени КМШнын чек ара комитетине, ЖККУга, ШКУга да чыгарса болот болчу...

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG