Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

АКШда “ИМди” колдоого аракеттенген казакстандык күнөөсүн мойнуна алды


Казакстандын жараны Ахрор Сайдахметов Нью-Йорк сотунда.
Казакстандын жараны Ахрор Сайдахметов Нью-Йорк сотунда.

АКШда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен байланышта жүргөн деп айыпталган Казакстандын жараны Ахрор Сайдахметов ага коюлган айыпты мойнуна алды. Ал аталган террордук уюмга АКШ жарандарын жиберүү үчүн каражат топтоп жүргөнүн мойнуна алганын АКШнын Юстиция министрлиги 19-январда маалымдады.

21 жаштагы Ахрор Сайдахметов 2015-жылдын февраль айында Нью-Йорктун аэропортунда кармалган. Бийликтин маалыматына ылайык, ал Түркия аркылуу Сирияга барууну көздөгөн.

Прокурорлор Сайдахметов Сирияда “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарына кошулмактыгын жана АКШда менен башка чет өлкөлөрдө террордук аракеттерге бармактыгын билдиришти. Эгер ага тагылган айыптар далилденсе, Сайдахметов 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул иш боюнча Өзбекстандын үч жаранын иши дагы каралууда. Алар да АКШ жарандарын Сирияга жиберүү үчүн акча топтогон деп айыпталышууда.

XS
SM
MD
LG