Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Казакстан: Аксакал Алиев Астанага кайткан жок


Казак президентинин мурдагы кудасы, академик Мухтар Алиев айрымдар күткөндөй Австриядан мекенине кайтып келбеди. Казак расмий өкүлдөрүнүн айтымында, ал Казакстанга кетүүсүнө жардам көргөзүүсүн өтүнүп апта башында өлкөнүн Венадагы элчилигине кайрылган.

Бирок Мухтар Алиевдин Казакстанда жалпысынан кырк жылга соттолгон уулу, президенттин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев ата-баланы кайраштырууга аракеттенгени үчүн казак бийликтерин айыптоодо.

Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кудасы Мухтар Алиевдин өзү да Казакстандын алыс-жуугу жакшы билген адам. Жашы жетимиш алтыга келип калган аксакал Алиев таанымал хирург катары белгилүү эле, кезинде өлкөнүн Салматтыкты сактоо министри кызматында иштеген, Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы - “Халык кахарманы” наамын да алган.

Кайнатасы менен чатакташа кеткен соң өз эрки менен бозгунда калган уулу Рахат Алиев жашаган Австрияга Мухтар Алиев, маалыматтарга караганда, жүрөгүн дарылатуу үчүн былтыр эле барган экен. Бирок анын Австрияга кеткенине караганда, ал жактан келери жөнүндөгү кабар көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, Казакстандын өзүндө күндүн баш окуясына айланып кетти. Албетте мында бул жаңылыктын айланасындагы карама-каршылыктуу билдирүүлөрдүн салымы жок эмес. Бүйүр кызыткан жагдайлар Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматынан башталды.

Министрликтин маалымат катчысы Ильяс Омаровдун кабарчыларга билдиргенине караганда, Казактандын Венадагы элчилигине ушул дүйшөмбү капыстан эле келген аксакал Алиев кагаз жүзүндө арыз жазып, мекенине кайтууга баласы Рахат Алиев мүмкүндүк бербей жатканын, уулу менен бир нече ирээт чатакташканын, атүгүл ачкачылык жарыялоого чейин барганын айткан.

Алиев ошондой эле, министрлик өкүлү билдиргендей, уулунун үйүнөн эч жанга билгизбей качып келгенин, баласы документтери менен буюм-тайымдарын: паспортун, кредиттик картасын, мобилдик телефонун, нак акчасын, чемодандарын да алып койгонун кабарлаган. Мунун соңунан Казакстандын маалымат агенттиктери Венадагы казак дипломаттары ага билет сатып алганын кабарлашса, Астандагы расмий өкүлдөр ал 6-майда кайтып келерин жарыялоого үлгүрүштү.

Мухтар Алиев менен Нурсултан Назарбаев куда кездеги бир учур
Анткен менен Мухтар Алиев акырында Казакстанга кайтуу чечимин өзгөрткөндөй, казакстандык журналисттер Астанада күтүп жаткан кезде ал Венадагы мейманканалардын бирине барып жайгашкан. Элчиликтин имаратынан кеткен соң Муктар Алиев “Азаттык” радиосунун Казак кызматына берген интервьюсунда ал жерде арыз жазганын моюнга алды, бирок баласы экөөсүнүн ортосунда чыр-чатак жок экенин белгиледи:

- Мен арыз жазгам, бирок абалым жакшы эмес эле, кан басым катуу көтөрүлүп турган. Эмне жазганымды аңдап-билген жокмун. Мен азыр көрсөтмөлөрүмдөн толугу менен баш тартам. Балам менен кандайдыр бир каршылыгым жок. Өз канымдан жаралган балам да.

Мухтар Алиевдин мурдараак айтканына караганда, ал арызды элчиликтен беришкен “таблетканын” таасир астында жазган.
Бирок Венадагы казак дипломаттарынын бири Алтай Абибуллаев мындай маалыматтан кабары жок экенин билдирди:

- Ал өзүн абдан басыңкы сезип турду, анткени элчиликке чейин жыйырма чакырымды жөө басып келген, анын үстүнө бул операциядан кийин болуп олтурат. Биз элчиликке Австриянын белгилүү кардиохирургдарынын бир чакырдык. Ал текшерүүдөн өткөрдү. Бизде Алиевдин жалпы саламаттыгы дурус, кан басымы, жүрөгүнүн согуусу кадимкидей деген медициналык аныктама бар. Ал маалыматты башкаларга дарыгер гана ачыктай алат. Бирок таблетка жөнүндө мен эч нерсе билбейм.

Дипломат Абибуллаев кошумчалагандай, Казакстандын жараны катары Муктар Алиев мекенине кайтуу үчүн элчиликтен жардам суроого укуктуу. Анын өтүнүчүн орундатып, элчилик Астанга билет сатып алган. Бирок Лондондогу кызы менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Алиев көз-карашын өзгөрткөн. Элчиликтен аны мейманканага Лондондон Венага учуп келген кызы алып кеткен.

Рахат Алиев болсо кийинчерээк “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда атасын аэропортко алып кетүү үчүн казак дипломатары мейманканага чейин келгенин, эжеси полицияга телефон чалууга аргасыз болгонун билдирди. Ал бул окуяны мурдагы кайнатасы, президент Нурсултан Назарбаевдин “түздөн-түз кураторлугу” астында аткарылган иш катары баалады.

Алиевдин айтымында, ал мурдагы кайнатасынын, казак элитасынын былыктарын чукуган китепти июнь айында чыгарганы турат.

Кезинде Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматында төрага орун басары, тышкы иштер министринин орун басары, Австриядангы элчи кызматтарында иштеген Рахат Алиев 2007-жылы бир нече кылмыштары, анын ичинде адам уурдаганы үчүн айыпталган. Эки соттон кийин Алиевге мекенинде жалпысынан 40 жылдык түрмө жазасы чектелген.

Алиевдин ырастоосунда, ал президенттик кызматка талаптанганы жана 2007-жылы Консититуция президент Назарбаевге мамлекет башчылыгында түбөлүккө калуусуна жол ачкыдай болуп өзгөртүлгөнүн сындаганы үчүн жазаланды. Казак сотунун өкүмдөрүнө карабай, Австрия бийликтери аны Астанага өткөрүп берүүдөн баш тартып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG