Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Ушул жылдын башында патриарх Алексий дүйнөдөн кайтканда анын ордуна шайланган Кириллди байкоочулар Кремль камчысын чапкан саясий күчкө айланды деп айтышкан.

27-январда Кирилл Орусиянын чиркөөсүнө башкы патриарх болуп шайланган. Кирилл православ чиркөө тарыхында 16-патриарх болуп келди жана анын көз-карашы советтик кезде калыптанган. Айрымдар ал бийликке Кремлден колдоо таап келди дешет. Кирилл өзү да шайланары менен “православ салты боюнча мамлекет менен чиркөө эриш аркак иш жүргүзөт” деп айткан.

Айрым байкоочулар патриарх Кирилл бийлик менен тил табышып, бирок ошол эле учурда чиркөөнүн өз алдынча болушун да эстен чыгарбайт дешет. Алар мамлекет чиркөөгө жардамын аябайт, ошондуктан ага кызмат өтөйт деп эсептешет. Мындай ой айткандар Кириллдин жакында Украинага сапарын эскеришет.

Ал сапарда патриарх Кирилл православ динине таат кылган, Москвалык чиркөөгө баш ийбей калган өлкөлөр башын бириктирүү аракетин жасаган. Украинага сапары учурунда чынында үч славян элин бириктирүү аракети болгонун, бирок анын өзгөчө да себеби болгонун Орусиялык мамлекеттик гуманитардык университетинин профессору Борис Фалков айтат:

- Бул жолу анын кызыкчылыгы, чиркөө саясатчысы катары жана граждандык саясатты эске алып иш жасачу адам катары жасалып, ал мамлекет каалап турган дымак үстүнөн чыгып калды.

Айтылуу серепчи Федор Лукьянов “The Moscow Times” гезитине курган маегинде “Кирилл аттуу Орусиянын жаңы коомдук ишкеринин саясий баркы жана дипломатиялык жаңылыктары граждандык бийлик аракет кылып аткандан алда канча өйдө болууда” деген.

Башка байкоочулардын баамында, Кириллдин өлкөдөгү саясий ролу Кремлдин кашаң күчүнөн алда канча кубаттуу жана терең. Буга себеп патриарх Кирилл кызматка келери менен ага жогорку бийликтин ишеним артышы болгонун Бремен университетинин ага илимий кызматкери Николай Митрохин айтат:

- Алексий чиркөө башында турган убак ичинде Путинден ала албаганды Кирилл кызматка келери менен Дмитрий Медведевден алды.

Ички турмушта Кирилл патриархтын таасири – билим берүү, маданият жана руханий маанидеги маселелерге тийүүдө. Маселен, анан кийинки демилгеси орусиялык мектептерде окуучуларды жыныстык жактан тарбиялоо болууда. Ошондой эле мектептерде православ маданиятынан сабак өтүү жана аскер бөлүктөрүндө попторду кызматта кармап, аскерлерге православ маданиятын таанытуу болууда. Ар бир буга окшогон демилге көрүлгөн сайын Татарстандын мусулман көп жайгашкан аймактарында карама-каршы пикирлер жаралууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG