Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Норвегияда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык 19-отурумуна катышкан Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев Осло шаарынан “Азаттыкка” телефон аркылуу маек курду.

Жыйында негизинен үч маселе: укуктун үстөмдүгү; терроризимге жана кылмыштуулукка каршы күрөш каралып, Кыргызстандагы кырдаал боюнча атайын талкуу өтүп, анын соңунда резолюция кабыл алынды.


ЕККУ талкуусунда Кыргызстан

- Cессиянын борбордук маселеси катары Кыргызстандагы кырдаал каралды. Кыргызстандагы кырдаал боюнча эки-үч баяндама жасалып, мен дагы чыгып сүйлөдүм. Он жетиден ашуун өлкөнүн өкүлдөрү талкууга катышып, Кыргызстан тууралуу атайын резолюция кабыл алынды. Биз кийлигишип, аракеттенүүбүздүн натыйжасында резолюцияга киргизилген кошумчалардан экөөнү алып салдык. Бул өзгөртүү АКШнын, Орусиянын жана бир топ өлкөлөрдүн өкүлдөрү тарабынан киргизилген экен. Ал өзгөртүүлөр Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт жана кырдаалады туура чагылдырбайт деп эсептегендиктен, эки тараптуу жолугушуулардан кийин аталган кошумчаларды алып салууга жетиштик.

Негизинен бул кабыл алынган чечим Кыргызстанда жүрүп жаткан демократиялык процесстерди колдоо, Кыргызстанда социалдык-саясий жана экономикалык абалдын калыптанышына жардам берүүгө бүткүл дүйнөнү, ошонун ичинен коңшу өлкөлөрдү чакырат. Чек ара маселелерин, кыйынчылыктарын тез чечүү боюнча дагы коңшу өлкөлөргө ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясы кайрылуу жасады.

Негизинен парламенттик ассамблея Кыргызстанда болуп өткөн референдумду таанып жана анын жыйынтыгын колдоорун билдирди.
Эткникалык аралык деп эсептелген запкынын кесепеттерин жоюу боюнча, Ош жана Жалал Абад шаарларын өнүктүрүп-колдоо көрсөтүү жөнүндө түз айтылбаса дагы бүткүл дүйнөнү, Шериктештикке кирген өлкөлөрдү көңүлкош калбоого чакыруу жасашты.

- Сизден башка дагы эки киши баяндама жасады деп жатасыз. Алардын баяндамасында Кыргызстандын дарегине сын-пикир айтылдыбы?

- Негизинен баяндамачылар кагылышуунун жүрүшүн, анын кесепеттерин баяндоо менен алек болушту. Ошондой эле Кыргызстанда оор кырдаалда ийгиликтүү референдум өткөнү бул чоң жетишкендик экендигин белгилеп сүйлөштү. Баяндамачылар дагы бул чыр-чатактын келип чыгышы тереңде жана аны провокациялаган күчтөр бар экендигин таанышат. Ошондон улам убактылуу өкмөттү түздөн-түз күнөөлөгөн сөздөр болгон жок.

- Ошол эле учурда өзүңүз жакшы билгендей, түштүктөгү окуя башталгандан тарта эл аралык медиа Кыргызстандын өкмөтүн этникалык тазалоого жол берди дегенге чейин бир тараптуу күнөөлөп, маалыматтык согуш жүрдү. Ушул өңүттөгү пикирлер айтылдыбы?

- ЕККУ мамлекеттер аралык уюм, ал жерде ар бир сөз таразаланып айтылат. Убактылуу өкмөттү, Кыргызстандын элин күнөөлөгөн жарлыктар айтылган жок. Бирок болуп өткөн кесепетти мүнөздөп, адамкерчиликсиз, адамзатка каршы деген пикирлер айтылды. Тигил же бул жакка тиешелүү эмес, жалпы эле кесепет жөнүндө ушундай баа берилди.

- Сиз өз баяндамаңызда негизинен эмнеге токтолдуңуз?

Акыркы беш жылда президент эки жолу тактан алмаштырылып, эл күткөн демократиялык өзгөрүүлөр 27-июнда референдум жолу менен ишке ашкандыгы тууралуу айттым. Авторитардык режимдин келип чыгуу себептери жана андан кутулууга кандай шарттар керектигине токтолдум. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык, саясий-экономикалык катаал шартта тургандыгына карабастан демократиялык реформаларды алга жылдырууга чечкиндүү ишеними бар экендигин айттым.

Кыргызстан Борбор Азияда эки чоң көрүнүш жаратты. Бул биринчи аял президент шайланып, жалпы эле Борбор Азиядагы аялдардын коомдогу ордун өзгөрткөнгө таасирин тийгизет дедим. Менин ушул сөзүмдү улап, фин делегациясынын өкүлү «Жолдоштор, ойлонгула. Жалпы ЕККУ чөлкөмүндөгү көңүл бөлө турган нерсе. ЕККУ чөлкөмүдө аял президент болуп шайланды», деп айтты. Өзүңүз билгендей, ЕККУга дүйнө жүзүнүн элүү алты өлкөсү мүчө. Ушул жагын дагы биздин кесиптештер абдан белгиледи.

Ошондой эле сессия терроризмге жана уюшулган кылмыштуулукка каршы болгондуктан мен дагы өз докладымда ушул аспектерге токтолдум. Биз, убактылуу өкмөт биринчи кезекте түштүктө болуп өткөн трагедиялуу окуяларды террордук аракеттин кесепети деп эсептейбиз. Этникалык каршылыктарды жардыруу бул террозим актысынын жаңы формасы деген аныктамабызды айттык. Бул деген сөз алдын-ала от жагылып, кызытып, белгилүү учурда провокация жолу менен жардырып жиберди дегенди билдирет. Буга террордук актынын өзгөчө жаңы формасы катары мүнөздөмө бердик. Экинчиден, албетте, ушул кайгылуу окуяга алып келген коррупция, үй бүлөлүк криминалдык башкаруу маселелери айтылды.

Жалпы эле Борбор Азия боюнча өзүбүздүн жаңы көз карашыбызды сунуш кылдык. Борбор Азияда анын ичинде Кыргызстанда радикализмге каршы турабыз. Заманбап социал-демократиялык идеология жалпы радикализмге каршы тураарын социалисттик партиянын жетекчиси катары сунуш кылдым. Биринчи, бул авторитардык жеке бийлик түрүндөгү саясий радикализмге каршы туруу. Экинчи, өтө саясатташкан Исламдын бир агымы катары таанылган диний радикализм. Үчүнчүсү, рыноктук радикализм – «пулуң болсо кулуңмун», деген коомдук турмуштун бар-жогун коммерциялаштырууга каршы туруп, биз социалдык багыттагы идеологияны сунуштайбыз дедик. Төртүнчү, шовинисттик радикализм. Бир калкты экинчи калкткан жогору коюп, ошонун негизинде мамлекеттин ичинде гана эмес, эл аралык саясатты жүргүзүп жаткан көрүнүштөргө биз каршыбыз деген көз карашыбызды айттык.

- «Осло декларациясын» кагаз жүзүндө расмий кабыл алып койдуңуздар. Анын иштөө механизмдери кандай болот?


- Бул көп декларациялардын бири. Кыргыз мамлекетине башка өлкөлөр менен эки же көп тараптуу кызматташууну шарттап, көмөк бере турган жалпы чакырык-документ катары карасак болот. Негизинен бул Кыргызстандын айланасындагы мамилелерди жумшартат жана ыңгайлуу шарт түзөт.

- ЕККУга мүчө өлкөлөр Кыргызстандын жаңы шайланган президентине, бийлигине ишеним артат бекен?

- Реалдуу бийлик катары сүйлөшөт жана бүгүнкү күндө башка саясий альтернатива жок экендигин алар таанышат. Албетте, эми кагаз жүзүндө жаңы парламент, жаңы өкмөт болуш керек. Иш жүзүндө бүгүн мамлекеттин жетекчиси бар, ал бардык жерде кубатталып, колдоого ээ болуп жатат.

Укук үстөмдүгү: ооба же жок...

- Кыргызстанда эки белгилүү укук коргоочуга Т.Исмаилова менен А. Абдрасулованын өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап, белгиялык «Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк» уюму эки аял-укук коргоочуга бийлик тарабынан дагы коркутуу болгондугу тууралуу коңгуроо кагышты. Чын эле кыргызстандык укук коргоочуларга мурдагы бийликтегидей расмий тараптардан коркутуп-үркүтүүлөр, укук бузуулар кайра башталды деп ойлойсузбу?

- Убактылуу өкмөт тигил же бул Кыргызстандын жаранына, өзгөчө активдүү саясий граждандык позициясы бар жарандарга кысым көргөзүп жатканына мен ишенбейм. Бирок убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн баштап көп сандагы активдүү атуулдарга реалдуу коркунуч болушу мүмкүн. Криминалдык чөйрөдөн, мурунку бийликтин өкүлдөрү тарабынан коркунуч бар экендиги анык. Бирок Т.Исмаилова, А.Абдрасуловага бийлик тараптан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат дегенге мен ишене албайм. Ал эми башка тараптардан коркунучтар болушу мүмкүн.

- Өмүрбек мырза, Кыргызстандын алдында абдан чоң сыноо - 10-октярбда өтө турган шайлоо турат. Парламенттик шайлоо кандай деңгээлде өтөт деп ойлойсуз?

- Атаандаштык өтө күчтүү болот. Бүгүн эле коалициялык өкмөттө чогуу жүргөн партиялар дагы өз алдынча шайлоого аттанат. Демек, шайлоодо канчалык атаандаштык күчтүү болсо мыйзамдуулуктун сакталышына кепил болот.

- Кыргызстандын президенти, убактылуу өкмөтү атаандаштык күч шайлоону таза, адилет өткөрүүгө кудурети жетеби?

- Кудуретин билбейм, бирок ошондой таза ниети бар экендигине мен ынандыра алам.

- Рахмат, Өмүрбек мырза!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG