Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Москва маалыматтык чабуул жасап жатабы?


Орусия маалымат каражаттары соңку күндөрү Кыргызстандын президенти жана үй-бүлөсү тууралуу катуу сындаган маалыматтарды бере башташты. Ага чейин эле Орусия менен Кыргызстандын мамилеси кыйла эле салкындап кеткени айтыла баштаган болчу. Эки өлкө мамилесинин салкындашын президенттин кичүү уулунун ишмердүүлүгү менен да байланыштырып жүрүшөт. Деги эки өлкө ортосун кайсы кара мышык аралады?

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу, каржылык көз боёмочулуктар тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары былтыр күздөн бери маалымат тарката баштаган. Башында андай маалыматтар Орусиянын айрым интернет сайттарында гана чыгып келсе, соңку кездери Орусиянын “Вести”, “НТВ” сыяктуу ири телеканалдары баш болуп Кыргызстандын президенти жана анын үй-бүлөсү тууралуу курч берүүлөрдү байма-бай бере башташты.
Чынында эле Орусия менен Кыргызстандын мамилеси бир аз солгундай түштү. Т.Акеров


Орусиянын маалыматтык чабуулу “MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичтин чатагынан кийин күч алды. Римдик судья Е.Гуревичти эл аралык кылмыштуу топко кошулуп, Италиядан 2,5 миллиард долларга жакын акчаны чыгарып кетишкенин айтып, аны кармоого санкция берген эле. Ал маалыматтан кийин өлкөдө кыйла эле талаш-тартыш жүрүп, Өнүктүрүү фонду шаша-буша “MGN group” менен байланышын үзгөн. Кыргыз оппозициясы да өз айыптоолорунун тизмесине “ бийликтин эл аралык мафияга тиешеси бар” дегенди кошушту.

Негизинен Орусия маалымат каражаттары Кыргызстандын президенти үй-бүлөлүк башкарууга жол бергенин, президент К.Бакиевдин кичүү уулу өлкөдөгү эң эле күчтүү адамга айланганын, өлкө байлыктары таланып-тонолуп атканын, Кыргызстан жарандык толкундоолор алдында турганын айтышууда.

Бишкекке иш сапары менен келген ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа болсо, кыргыз-орус мамилесинде салкындоо жок экенин, орусиялык маалымат каражаттарынан кыргыз элине каршы эч нерсе көрбөгөнүн баса белгиледи.
Табылды Акеров

Ошентсе да бир катар саясат талдоочулар жогорудагыдай маалыматтардын күчөшүнүн себеби ырасмий Москва менен Бишкектин алакасынын салкындаганын дагы бир жолу далилдеди дешет. Маселен, саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, Кремль өнөктөштөрү тууралуу көптөгөн сын маалыматтардын бир убакта чыгышына жол бербейт болчу. Демек, алардын капа болгон жайы бар:

- Чынында эле Орусия менен Кыргызстандын мамилеси бир аз солгундай түштү. Себеп дегенде буга Орусиядан алынган кредит да себеп болду. Анткени ал өкмөттүн кепилдиги менен алынып, бирок коммерциялык банктарда айланып атканына орусиялыктар каршы болуп атат. Экинчиден, биздин бийлик АКШнын аба базасын Орусиядан да, Кыргызстандан да чыгарабыз деп айтып коюп, чыгарган жок. Бул да Москваны капа кылды. Анан дагы бир себеп, акыркы кездери Кыргызстандагы башка журналисттер менен катар орус журналисттер да сабалып, айрымдары өлүп кетти. Анан орусиялык журналисттер калемдеши катары, тилектештикти билдирүү иретинде Кыргызстан тууралуу сын айта башташты.
Мен ошол орусиялык маалымат каражаттары тараткан маалыматтарды көрүп, күлүп гана тим болдум. Анткени ал жерде жалган нерселер айтылып атат.
Б.Наргозуев


Жогорку Кеңеш депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин айтымында, Орусия-Кыргызстан алакасы учурда мурдагыдай эле бекем. Бирок кеээде өлкөлөр арасында анча-мынча түшүнбөстүктөр да болушу мүмкүн. Орусиянын маалымат каражаттары тараткан каралаган маалыматтар ошондой түшүнбөстүктөрдү жаратат:
Бегалы Наргозуев

- Мен ошол орусиялык маалымат каражаттары тараткан маалыматтарды көрүп, күлүп гана тим болдум. Анткени ал жерде жалган нерселер айтылып атат. Чынында муну кандайдыр бир күчтөрдүн атайын жасаган чагымы катары түшүндүм. Орусия менен биздин мамиле жакшы экенин мына мобу Н.Бордюжанын келип кеткени күбө болуп турат. Бирок Орусиянын өзүндө деле өткөндө курултайда президент айткандай, биз менен мамилени жакшы түзгүсү келбеген күчтөр болушу мүмкүн. Ошондой күчтөр жасаган чагымчылык иш катары карайм мен булардын баарын.

Айта кетсек, президент Курманбек Бакиев да Ынтымак курултайы учурунда сөз сүйлөп атып кайсы бир күчтөр жалган, ушак маалыматтарды таратууга кызыктар экенин, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен бирдей мамиле кыларын баса белгилеген. Анан калса бир эле учурда бир катар орусиялык ири маалымат каражаттарынын президент К.Бакиевдин бийлиги тууралуу сын маалымат тарата баштоолору күдүк ойлорду жаратууда.

Бул макала даяр болуп калганда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кээ бир орусиялык массалык маалымат каражаттарындагы кыргыз бийлигин сындаган материалдар үчүн Орусияга нота тапшырганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG