Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

18- мартта Аксы окуясын эскерүу боюнча мыйзамсыз пикетке чыккан деген негизде жарандык коомдун төрт өкүлүн милиция кармап кеткен. Алардын ишин сот карап чыгып, милицияга баш ийбей койду деген негизде администрациялык эскертүү берди. Администрациялык жаза алгандардын катарында укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, БЭКтин мүчөлөрү Топчубек Тургуналиев менен Анвар Артыков жана “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Самат Алиев бар. Төлөкан Исмаилова “Азаттыктагы” маегинде мыйзамды жарандык өкүлдөр бузбай эле, тартип коргоо органдары жарандардын жыйындарды эркин өткөрүү укуктарына тоскоолдук кылып, мыйзам бузуп жатканын билдирди.

- Кечээ силер ак үйдүн жанында Аксы окуясын эскерүү үчүн пикетке чыккан убакта милиция кызматкерлери кармап кетип, Биринчи май райондук соту “милицияга баш ийбей коомдук тартипти бузду” деген айып коюп, эскертүү берди. Сот туура чечим чыгардыбы?
- Биринчи май соту мындай чечим чыгарды. Административдик кылмыш эч кандай жок, эч кандай коомдук тартипти бузган жок деп актады бизди. Таңгалычтуу, 92-статьяны алып салды. Бирок 371-берене менен милицияга баш ийген жок деген эскертүү берди. Эгерде биз коомдук тартипти бузбасак бизге эмнеге эскертүү берди.

Бирок бизди он жыйырмада алып кеткен ошол жерден Мырза Шатманов подполковник Биринчи май районунун орун басары ички иштер министринин дайыма ошол киши ушунай операцияларды жасайт, анан негедир бизди төртөөбүздү гана алып кетти. Анын ичинде Алиев деген жөн гана кетип бараткан саламдашып аткан баланы да алып барып, он жыйырмадан бизди он төрт отузга чейин кармап турушту.

Бирок Токтогулов деген шаардык прокурор саат он экиде келди дагы Азиза Абдрасулова менен анан бизге минтип айтты: "Эми тууганча сүйлөшөлүк, өзүңөрдүн каалоңор менен жазгыла. Экинчи тартип бузбайбыз деп жазгыла, мыйзамды бузбайбыз деп. Анан мен силерди прокурор катары менин укугум бар коё берейин" деп.

Биз айттык, бул кандай мыйзам менен Конституция бир да. Анан эки конституциялык чечим бар, биринчи чечим 2004-жылы чыккан. Анда жарандар тынч пикеттерге чыкканда гана кабарлайт, маалымат берет дегенди тактап койгон. Экинчиси, Конституциялык Соттун чечими, 1-июлда 2008-жылы Азизи Абдрасулова утуп алган, анда бул жергиликтүү айыл өкмөтү же болбосо шаардык кеңеш же болбосо Бишкек мэриясынын уруксат берүү укугу чектелген. Анткени алардын статусуна кирбейт. Жарандарга кат жибергиле деп бизде айтып атпайбы, андайларды алып салган.

- Бүгүн дагы пикетке чыкканы жатасыздар. Бул сапар эскертүү алганыңызды эске салып, сизди өткөндөгүдөй үч сутка же он беш сутка камап койбойбу деген суроо туулат?

-Биз мыйзамга баш ийген жарандарбыз. Бизде толук кандуу тынч пикеттерге чыкканга жол берген мыйзамдар бар жана эки конституциялык чечим бар. Ошол мыйзамдар бийлик тараптан бузулуп атат. Ошон үчүн биз жыйырма жылга болобу, жыйырма күнгө болобу, эгерде ошондой эле чечим чыгарса Аксы жарандары үчүн, Аксынын акыйкаты үчүн биз кеткенге даярбыз деп мырза Топчубек Тургуналиев айтты.

- Айрым бир талдоочулар бул бийлик турганда Аксы окуясы аягына чыкпайт дешүүдө. Андай болгон соң азыр Аксы окуясын козгоонун кандай кажети бар?

-Сиздер билесиздер, биз эгерде жарандар өзүбуздүн аң-сезимибизди баарын унутуп калсак анда 37-жылды да унутуп калышыбыз керек. Ошон үчүн Аксы окуясы кыргыз тарыхында кайгылуу окуя.

Конституцияда да бар “эл биринчи, андан кийин өкмөт жаралат”-деп. Биз жарандар талап кылбасак эч качан таза өкмөт болбойт жана чындык акыйкат болбойт Кыргызстанда.

- Күч колдонуу, коркутуп-үркүтүү күчөп баратпайбы. Бул өңүттөн алганда укук коргоочулардын коопсуздугу кандай абалда?

-Эч нерсе эмес, бул деген биздин турмуш, ага даяр болуш керек. Ыкмалар бар, бул эл аралык деңгээлде дагы стандарттар бар жана эң негизгиси, элдин таламын талашкан укук коргоочулар үчүн эч кандай коркунуч жок Кыргызстанда

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG