Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Кыргызстандын кен байлыктарын чалгындоо токтоп турат


Кыргыз тоолорунда толгон байлык бар

Кыргыз тоолорунда толгон байлык бар

Кыргызстандын кен байлыктарын чалгындоо иштери он беш жылдай убакыттан бери токтоп, айрым ишкана-мекемелер чет элдик инвесторлордун колуна өттү. Кыргыз-япон геологдорунун биргелешкен изилдөөлөрү Кыргызстандын тоо тектеринде алмаз асыл ташынын бар экенин да көрсөтүүдө. Кыргыз геология институтунун директору Кадырбек Сакиев “Азаттыктын” угармандарына маек куруп берген.

- Кадырбек мырза, Кыргызстанда жалпы эле кен байлыктарды чалгындоо иштери кандай учурда?

- Чалгындоо жумуштары азыр дээрлик токтоду. Көп иштерибиз чет элдик фирмаларга өтүп кетти. Алар албетте лицензия алып иштешет дагы, кен байлыктарды чалгындоону жүргүзүшкөн соң, өндүрүп алуу кызыкчылыгын да ойлошот да. Биз учурунда бардык экспедицияларды, партияларды өзүбүз жүргүзчүбүз. Чынын айтсак, кайсы бир деңгээлде көз каранды болуп калдык десек да болот. Инвестиция бөлүп, иштерибизди бүтүрүп берсе деп эле калдык.

- Ошол чет өлкөлүк өнөктөштөр менен болобу, жаңы кен-байлыктарды чалгындоо жүрүп атабы?

- Биз суверендүү мамлекет болгону, кен байлыктарыбыз менен дүйнөлүк рынокко алтын менен гана кирип, башка байлыктарыбыз менен кире албай жатабыз. Биринчиден, өзүбүздүн күчүбүз жетпейт ал байлыктарды өндүрүп алганга, ал эми чет өлкөлүктөр азырынча алтынга гана кызыгып жатышат. Мына 90-жылдан бери япондор менен иштешип келатабыз. Эң жогорку басымда пайда болгон тоо тектеринде алмаз аралашкан кен байлыктар пайда болот. Мына ушундай алмаз сыяктуу кен байлыктар бизде бар деп айта алабыз.

- Кен байлыктардын ушул кыргыз элинин өзүнө, кыргыз мамлекетине кызмат кылышына сиздер кандай аракеттерди көрүп жатасыздар? Мисалы кыргыз алтыны сыртка мыйзамсыз чыгып кетип жатат деген сөздөр айтылып калып эле жүрбөйбү?

- Негизи өзү бардык эле мамлекеттерде кен байлыктарды инвестицияларды тартуу менен иштетишет. Биз андан коркпошубуз керек. Бизге мисалы орустар, кытайлар, япондор келип жатат. Эң негизгиси биз мыйзамдык негизибизди түзүп алышыбыз керек. Ошондой мыйзамдарды кабыл алып алсак, биздин байлыктарды алып чыгып кетет деп коркпойбуз.

- А ошол мыйзамдаштыруу жагы кандай болуп атат?

- Бул жагынан биз начарбыз. Жер жөнүндө мыйзамдын жаңы варианты Жогорку Кеңеште кабыл алына элек. Биздеги кен байлыктарды өндүрүп алуу боюнча маселенин баары ушул жер жөнүндөгү кодекске киргизилген. Мамлекет өзү кызыкдар болуп, бул мыйзамды жаздырып алсак жакшы болот эле.

- Кадырбек мырза, геология тармагында учур талабына ылайык жаңы адистерди тарбиялоо жагы кандай?

- Эми адистерибиздин деңгээли мурдагы союз убагындагыдай дегенибиз туура эмес. Болгону жылына бирден, экиден бала Япониядан окуп келип жатат. Алар деле быякка келгенден кийин жана мен айткан чет өлкөлүк фирмаларда иштеп калышууда.

Илимге болсо акча маянанын аздыгынан көп келишпейт. Эгер мамлекет бизге жакшы шарттарды түзүп берсе, мындай маселелер чечилет эле. Мурда кен байлыктарды чалгындоого жылына 23-24 экспедиция чыкчу болсо, 18 жылдан бери бир да экспедиция чыга элек.

XS
SM
MD
LG