Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Кырсыктын күнөөкөрү саналган айдоочу суракта


Өрттөнүп кеткен автоунаалар таптакыр жараксыз абалда.
Өрттөнүп кеткен автоунаалар таптакыр жараксыз абалда.

13-марттын таңында Аламүдүн капчыгайда болгон окуя боюнча расмий жыйынтык чыга элек. Жол кырсыгы деп саналып жаткан окуяда “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаанын аман калганээси учурда милицияга сурак берүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, 13-мартта эрте мененки саат бештерде Аламүдүн районундагы Койташ айылына жакын жерде "Лексус"- 470 үлгүсүндөгү жип автоунаа менен "Ауди"-100 үлгүсүндөгү автоунаа кагылышып, андан өрт чыгып кеткен. Өрттөнүп кеткен "Лексус" автоунаасынан үч адамдын күйүп кеткен сөөгү табылган.

Өрттөнүп кеткен "Лексус-470" автоунаасы Жогорку Кеңештин депутаты Эрик Арсалиевге таандык экени, анда президенттин администрациясынын мурдакы башчысы Медет Садыркулов, президенттин карамагындагы Эл аралык стратегиялык институттун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченко жана Кубат аттуу айдоочу болгондугу тууралуу божомол маалымат мурда айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрик Арсалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда ал В 15 95 R мамлекеттик номурдагы "Лексус"-470 автоунаасын президенттин администрациясынын мурдакы башчысы Медет Садыркуловго убактылуу пайдаланууга берген. Депутаттын айтымында бул автоунааны Медет Садыркулов өзүнүн айдоочусуна айдатып жүргөн. Бул окуя боюнча өз пикирин кийинчерээк айтаарын Эрик Арсалиев “Азаттыкка” билдирди.

-Байкеме (Медет Садыркуловду айтууда-автор) машинамды ары-бери айдап турсун деп бергем. Айдоочусу да байкемдики болчу. Бул окуя боюнча пикиримди парламенттин сессиясынан кийин айтамын.

Ал эми каргашалуу окуяга себепкер деп саналып жаткан “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, токмоктук Өмүрбек Осмонов учурда Чүй облусттук ички иштер башкармасынын тергөө бөлүмүндө болууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди.

- “Audi 100” унаасын сатып алып, ишеним кат менен айдап жүргөн 1982-жылы туулган токмоктук Өмүрбек Осмонов окуя болгон жерден качкан эмес. Учурда ал Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө сурак берип жатат. Ал эми “Lexus 470” автоунаасында курман болгондорду экспертизанын так аныктамасы жок, так аты жөнү ким экенин айта албайбыз.Учурда тактала элек. Мына ушул фактынын үстүндө Башкы прокуратура менен бирдикте атайын экспертиза жүрүп жатат.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында окуя катталган учурдан баштап эле боюнча Башкы прокуратура менен милиция биргелешип тергөө, иликтөө иштерин улантууда. Бул иш президент Курманбек Бакиев менен ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин көзөмөлүндө турат.

Учурда өрттөнүп кеткен автунаалардын калдыктары Алматы жана Горький көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги Бишкек шаардык МАИ башкармасына таандык автоунаа токтотуучу жайында турат.

Ал эми өрттөнүп кеткен үч адамдын сөөгүнүн калдыктарын аныктоо иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалууда.

Бишкек шаардык МАИ башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Касымбек Раимкул уулунун пикиринде дүйнө авто индустриясы коопсуз деп тааныган унаалардын бири “Lexus 470” cүзүшкөндө дароо өрттөнүп кетиши акылга сыйбаган көрүнүш.

-Эгер мотор жагынан зымдар тийишип, өрт чыга турган болсо, ичиндеги тирүү эркек адамдар кантип жок дегенде терезени тээп чыгып кете албасын. Токтоп турган машинени сүзгөндө мынчалык өрт чыгып, ичиндеги адамдар таанылгыс болуп өрттөнүп кетмек эмес.

Ошентип, коомчулуктун көңүлун бурган бул окуя түрдүү түкшүмөлдөр менен коштолууда. Түкшүмөлдөргө себеп болгон жагдайлар тууралуу пикирин “Азаттык” менен саясат таануучу Орозбек Молдалиев да бөлүштү.

-Сүзгөн машина бир аз күйүп, ордунда турган “Лексус” толук күйүп кетип атат. Ал күйгөнчө ичиндегилер кантип чыга албай калды? Сүзгөн машинанын айдоочусу болсо аман-эсен сурак берип атат дейт. Ал сурак берип атабы, эмне кылып атат, кандай неме, ал жөнүндө да маселе жок.

Албетте, белгилүү саясый ишмерлердин ушундай жагдайга кириептер болушу биринчи эмес. Учурунда ушундай табышмактуу автокырсыктан Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин өкмөт башчы Насирдин Исанов, андан кийин коопсуздук кызматынын жетекчиси Анарбек Бакаев курман болушкан.


  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG