Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Оппозиция митингине карата милиция атайын даярдыктан өтүп жатабы?


Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго байланыштуу делген жол кырсыгы боюнча иликтеп-тергөө иштеринин жүрүшү, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн милиция тарабынан кармалышы жана 27-мартка белгиленген оппозиция митинги боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейтов жооп берди.

- Бакыт мырза, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловго байланыштуу делген жол кырсыгы боюнча иликтеп-тергөө иштери кандай жүрүп жатат?

- Эми бул багытта Ички иштер министрлиги ошол 13-мартта болгон жол кырсыгы боюнча атайын тергөө ишин жүргүзүп, кылмыш ишин козгогону белгилүү. Учурда бул окуяга тиешелүү иштер Башкы прокуратурага өткөрүлдү. Бизге тиешелүү иш чаранын бардыгын өткөрдүк. Учурда президентибиздин көрсөтмөсү менен башкы прокуратуранын алдында эки мекеменин ортосундагы тергөө оперативдүү тобу түзүлгөн. Мына ошол топко ИИМдин кызматкерлери да кирүүдө. Экспертизанын бүтүмү чыга электиктен акыркы чечимди айтып, ошол автомашинада кимдер болгонун азыр айтууга эрте деп эсептейм. Экспертиза Москва шаарында өткөрүлмөкчү болуп атат. Андан башка дагы бир катар экспертизалардын баарын жүргүзгөнбүз бул жол кырсыгына байланыштуу. Ошолордун жыйынтыгы чыкмайын бул маселени айтуу кыйын.

- Техникалык экспертиза бүтө элек да?

- Техникалык экспертиза, жанагы өрттүк-техникалык экспертиза, авто-техникалык экспертизанын баардыгы жүрүп атат. Булардын баарынын өзүнүн мөөнөттөрү бар. Аларды бүгүн же эртең бүтүр деп айтканга болбойт. Өз мөөнөтүндө бүтүрүп, анан ошонун баары кылмыш ишине кошо тиркелет. Анан ошол боюнча авто машинада кимдер болгондугун тактоо боюнча экспертиза Москвада өткөрүлүп, ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынышы керек. Азыр айтууга эрте. Анын үстүнө бул маселени азыр Башкы прокуратуура тергеп атат, негизи калган маселени ошол жактан сураш керек да.

- Кечээ “Ата Мекен” партиясынын ондон ашуун мүчөлөрүн милиция кызматкерлери кармап кетишти деген маалымат айтылды. Алар эмне үчүн кармалды?

- Кечээ негизи бир нече адамдар кармалган. Алар ар кандай баракчаларды, ар кандай чакырыктарды көрүнгөн жерге чаптап жүргөнүнөн милиция кызматкерлери кармап, бул боюнча атайын материалдарды топтогон. Алар ошол “Ата Мекен” партиясына тиешелүүбү, же башкага тиешелүүбү материалдарды топтоп териштерип, бүгүн ошол маселенин аягына чыгабыз.

- Айрым байкоочулар 27-марттагы митингге карата тартип коргоо кызматкерлери атайын даярдыктан өтүп жатышат деген божомолдорун айтышып, элди күч менен таратышы мүмкүн деген кооптонууларын айтышууда.

- Жергиликтүү бийлик, Бишкек мэриясы оппозициянын өткөрө турган митингине уруксат берди. Эми аларга уруксат бергенден кийин, кандай болгондо дагы Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, тактап айтканда бул жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын кызматкерлери шаарда коомдук тартипти сактоого милдеттүү. Биздин кызматкерлер мындай иш чаралардын далайын башынан өткөргөн, өтө деле күчтүү иш жүргүзгөн жок. Кадимкидей эле шаарда митингге чыккан элдердин коопсуздугун сактоого биз милдеттүүбүз. Себеп дегенде, кимдир бирөөлөр провокация жасап, бийликке, же дагы кимдир бирөөлөргө шылташы мүмкүн. Ошол үчүн биздин кызматкерлер оппозиция митинги учурда коопсуздукту сактоо милдетин аткарышат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG