Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Каршылык акциялары, капсалаң кырдаал


Нарында курултайга чогулган эл облустук акимчиликке кирип, элдик губернатор шайлады. Таласта облустук акимчилик оппозициянын колунда турат. Бишкекте, Аксыда, Токмокто, Сокулукта каршылык акциялары өтүп жатат. Баш калаанын борбордук аянтын көздөй эл ага баштаганы айтылууда. “Форум медианын” алдында милиция менен митингчилер кагылышты.

Бишкекте Алматы көчөсүндө жайгашкан “Форум медианын” алдында куралчан милиция күчтөрү менен митингчилер кагылышты. Чогулган адамдар саны 2-5 миңдей экени кабарланууда. Милициянын атайын кызматтагы жоокерлери “Форумдун” алдынан сүрүлүп салынды. Алардын эки автобусу адамдардын колуна өттү.

Нарында курултайга чогулгандардын алдында А. Бекназаров сөз сүйлөп, губернатор А. Акматалиевди эл тарапка өтүүгө үндөдү. Губернатордон жооп болбогондон кийин чогулган эл облустук акимчиликке кирип, элдик губернатор шайлашты. Милиция күчтөрү каршылык көрсөткөн жок.

Таласта каршылык акциясына чогулгандар ИИМдин башкармалыгын курчап алышты. Милиция башкармасынын ичинде Бишкектен бүгүн барган ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бар.

Аксыда чогулгандар сексендей унаа менен Кербенди көздөй баратат. Алайда райондук акимчилигин алдына 500дөй адам чогулду. Элдик курултайды уюштуруу боюнча аткаруу комитетинин камалган ишмерлерин бошотууну талап кылышууда.

Сокулук районунун борборундагы маданият үйүнүн жанында азыр жети жүздөй адам катышкан элдик курултай өтүп жатат. Анда чогулган эл “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин бир сааттын ичинде бошотулушун, Сокулукка алып келинишин талап кылышууда.

Бул тууралуу “Азаттыктын” угармандар кыймылынын лидери Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, эгер талаптары аткарылбаса чогулгандар райондун акимчилигине киришерин, Бишкек кан жолун тосуп, жарымы Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгарын билдирип жатышат. Чогулган элге Сокулуктун акими чыгып элдерди кызуу кандуулукка алдырбоого, Конституцияны сыйлоого чакырды.

Токмокто автобекеттин жанына курултайга эки миңге чукул адам чогулду. Кабарчыбыздын маалымдашынча, эки жүздөй милиция көзөмөлдөп турат. Курултайга чогулгандар камакка алынган саясий лидерлердин бошотулушун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылышты. Болбосо Токмок шаардык мэриясына бара тургандыктарын эскертишти.

Жогорку Кеңеш өлкөдөгү кырдаалды талкуулоо үчүн чукул сессияга чогулду. Премьер-министр Данияр Үсөнов парламентке барып кырдаалды баяндады. Депутаттар толкундоолор чыгып жаткан шаарларда коменданттык саат киргизүүнү сунуш кылышты.

6-апрелде Таласта милиция менен демонстрацияга чогулган миңдеген адамдардын кагылышуусунан кийин элүүгө чукул адам жараат алып оорукана түштү.

Бишкекте, Ошто, Таласта оппозициянын баш көтөргөн лидерлери Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов, Болот Шерниязов, Абдыганы Эркебаев, Эльмира Ибраимова, Эмил Каптагаев, Анвар Артыков, Дүйшөн Чотонов камакка алынды. Башкы прокурор Нурлан Турсункулов Таластагы окуяны деструктивдүү күчтөрдүн оор кылмышы деп атап, оппозиция лидерлери күбө катары камакка алынганын, тергөөнүн жүрүшүндө айып коюларын билдирди.

XS
SM
MD
LG