Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Түштүктө жугуштуу оорулар ооздукталбай жатат


Ош облусунда СПИД илдетине чалдыккандардын 71 пайызы баңгимандар

Ош облусунда СПИД илдетине чалдыккандардын 71 пайызы баңгимандар

Өкмөттүн Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында жугуштуу оорулар маселеси талкууланды.

Жыйында маалымдалгандай, СПИД илдетине чалдыккандардын саны түштүк аймактарында эки эсе көбөйдү. Мындан тышкары балдардын учук илдетине кабылышы өөрчүп бараткандыгы да белгиленди. Өз милдетине көңүл кош мамиле жасаган райондук жана облустук деңгээлдеги бир катар жетекчилерди кызматынан бошотуу жагы тиешелүү министрликтерге сунушталды. Ошол эле маалда коомчулук өкүлдөрү чечкинсиз аракеттери үчүн жергиликтүү бийликти кескин сындашты.

Адегенде республикалык СПИД борборунун баш директору Сагыналы Маматов түзүлгөн кырдаалга кыскача токтолду.

- Мурдагыдай эле Ош облусу жана шаары алдыда баратат. Эки аймакта СПИДке чалдыккандардын саны миңден ашты. Ошондой эле облустардан Баткенде – 42, Жалал-Абатта – 268 киши катталды. Илдетти жуктуруунун жолдору да кескин өзгөрдү. Ооругандардын 71 пайызы ийне сайынуу, 25 пайызы жыныстык катнаш жасоо убагында, 3 пайызы кан куюу мезгилинде жана бир пайызы вертикалдуу түрдө дартка кабылгандыгы аныкталды. Ошондуктан алты жерде шприцтерди алмаштыруу түйүндөрүн ачтык. Буга улай маңзатка көз каранды сыркоолорго метадон дарысын таратууну нукка салдык. Ошондой эле 241 миңге чукул бойкат аялды текшерттирдик эле, алардын алтымыш төртүнөн ВИЧ белгиси табылды.

Андан кийин кепке тартылган Баткен, Жалал-Абат жана Ош облустарынын вице-губернаторлору аталган аймактардагы эпизоотикалык жана эпидемиологиялык абал туурасында маалымдап, кадрлардын тартыштыгынан, каржылоонун начардыгынан жана керектүү жабдуулардын жоктугунан СПИД, кургак учук, күйдүргү өңдөнгөн жугуштуу орууларды ооздуктоо кыйын болуп жаткандыгын белгилешти.

Ара-чолодо вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева аймактык чоңдордун жүйөөлөрүн шылтоо катары баалады:

-Актануунун кереги жок. Себеби статистикага караганда, түштүк жергесинде Вич-СПИД эки эсе көбөйдү. Мына, жалгыз туберкулезду (кургак учукту - автор) алалычы. Бул баш ооруну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта азайтуу мүмкүнчүлүгү бар. Калганын быйыл же кийинки жылы эмес, бирок жакынды мезгилде жүз пайыз жойгонго болот.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, СДП фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиева жылаңач цифралар, жалган отчет менен чектелген жетекчилерди катуу сындады.

- Антпестен, «бүгүн муну, эртең тигини жасайбыз. Ага мынча каражат зарыл» деп сурашкан жок, - деп тызылдады жыйын маалында Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева. – Кыргызстандын теңинен көбү бул жакта жайланышкан да. Демек, каражат да ошого жараша бөлүнүшү кажет. Мисалы, ВИЧке каршы күрөштө Ош облусуна беш жүз миллион доллар коротулган. А Баткенге жети миллион сом бөлүнгөн. Албетте, бул калыссыздык. Кыргызстанда тогуз ай ичинде 532 киши СПИД менен ооруган. Ошол эле учурда кургак учук дартын карасаңыз, балдар арасында ага чалдыккандардын саны улам өсүп баратат. Ырас, акча жетиштүү эле тартылууда. Аны натыйжалуу пайдаланганда, көп болсо беш миллион калкыбыз бар, ар кандай ооруларды ооздуктаганга жетмек.

Оштогу бейөкмөт уюмдардын биринин башчысы Мамасабыр Бурхановдун баамында, түштүк жергесинде жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү ойдогудай эмес:

-Жугуштуу дарттарды азайтуунун жападан жалгыз жолу ушул. Анын кесепетин элдин баарына тегиз жеткирген оң. Экинчиден, сакайгыс илдеттерди жуктургандардын арасында түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү зарыл.

Мамасабыр Бурханов ушуга байланыштуу массалык маалымат каражаттарын көбүрөөк пайдалануу зарылдыгын ырастады.

Өкмөттүн Оштогу жыйынында түштүктөгү эпизоотикалык жана эпидемиологиялык кырдаал туруксуз деп табылды. Ошол себептүү өз милдетине көңүл кош мамиле жасаган райондук жана облустук деңгээлдеги бир катар жетекчилерди кызматынан четтетүү жагы тишелүү министрликтерге табышталды.

- Чындыгында, жугуштуу орууларга каршы күрөшүүдө түштүктүк атка минерлердин аракети канаттандырбайт. Жыйындын жүрүшүндө анча-мынча кемчиликтерди да аныктадык. Ошон үчүн ар кандай деңгээлдеги жетекчилерди жумушунан бошотуу демилгесин көтөрдүк, - деп билдирди өкмөт башчысынын орун басары Өктөмхан Абдуллаева.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринче, жетекчилерди алмаштыруу аргасы үзүрүн бербей тургандыгы эбак тастыкталган. Андан көрө жергиликтүү бийликти ички жана тышкы донорлор менен туруктуу иштешүүгө ыктаткан оң. Ошондо гана көп маселелер жеринде чечилип, жугуштуу ооруларды кыскартууга мүмкүнчүлүк жаралмакчы.
XS
SM
MD
LG