Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Партиялар багытына жараша бааланабы?


Кыргызстандагы парламенттик башкаруу кайсы өлкөнүн башкаруу системасына окшош болоору 10-октябрдагы шайлоодон кийин белгилүү болот.

Кыргызстандагы парламенттик башкаруу кайсы өлкөнүн башкаруу системасына окшош болоору 10-октябрдагы шайлоодон кийин белгилүү болот.

Парламенттик шайлоого идеологиялык багыты боюнча кескин айырмаланган партиялар ат салышууда. Ошол эле учурда багытын так аныктоого мүмкүн болбогон, же бири-бирине коендой окшош партиялар да депутаттык орун үчүн атаандашып жаткан кездери.

Парламенттик шайлоо үчүн үгүт иштери башталып, ага 29 партия ат салышып жаткан убак. Алардын көбү идеологиялык багыттары, мамлекеттик башкаруу түрүнө болгон мамилеси жана жүргүзө турган тышкы саясаты боюнча бири-биринен айырмаланып турушат. Айрым серепчилердин пикиринде, партиялардын ичинде көтөрүп чыккан маселелери боюнча оңчул же солчулдардын катарынан орун алгандары да жок эмес. Алсак бир партия Орусияга жан үрөп, чоң державанын канатына калкаланууну эңсеп турса, айрымдары Батыш өлкөлөрүнө ыктап жаткандай.

Анткен менен Баш мыйзамга кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизүү менен өлкөнү президенттик башкарууга алып келем деп ураан чакыргандар менен бирге парламенттик башкарууну өркүндөтөм деген да партиялар бар. Шайлоого аттанып жаткан партиялардын арасында учурдагы бийликке жан тарткан бийликчил партиялар жана ага каршы чыккан оппозициячыл партиялар атаандашып үгүт иштерин жүргүзүп келишет. Ошол эле учурда "өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" деп эт менен челдин ортосунда жүргөн, идеологиялык багыты так аныкталбаган айрым партиялардын бар экендигин саясий серепчилер билдирип келишет.

Талдоочу Жыргалбек Касаболотовдун баамында, учурда партиялардын көптүгүнөн улам шайлоого аттанып жаткан партиялардын так багыттарын, бийликке келе турган болсо кандай саясат жүргүзөөрүн так аныктоо мүмкүн болбой жатат:

- Билген партиялардыкын айтайын, “Ак шумкардыкы” либерал багыттагы партия экендигин айтса болот. “Ата Мекен” менен СДПК социал-демократтык багыттагы партия экендигин айтса болот. Анан көбү кечээ эле чыга калган партиялар болуп жатпайбы...

Шайлоодон кийин парламентке келе турган партиялардын тышкы саясаттагы багыттары жана тандоолорунда да ар түрдүүлүктөр бар. Кайсы партиянын кайсы өлкөгө жан тартып, кимден колдоо алаары суроолор менен коштолуп келет.

Саясий серепчи Марс Сариев партиялар туу туткан мамлекеттик башкаруунун түрү да алардын тышкы өлкөлөр менен болгон мамилесине таасирин тийгизиши мүмкүн деген ойдо. Анын айтымында, “Ата Мекен”, СДПК, “Ак шумкар” өңдүү партиялардын парламенттик башкарууну орнотууга болгон аракеттери, демократиялуулукка маани беришкен Батыш өлкөлөрүнөн колдоо табышы мүмкүн. Ошол эле учурда президенттик башкарууну орнотууга бел байлаган партияларга Орусия да көңүлкөш калбаары да айтылат:

- Бул азыркы партиялар “Ата Журт” менен “Бүтүн Кыргызстан” Орусияга ыктап жатканы менен, “Ата Мекен”, СДПК парламенттик республика деп жатса дагы, алар дагы Орусияны карап турушат. Парламенттик башкаруу батыштын долбоору болгонуна карабастан баары эле Орусияны карап турушат. Батышты азыр ачык карап турган эч ким жок.

Ошентип партиялардын ичинде мамлекеттик башкаруунун формасына болгон мамилелери жана партиялардын учурдагы бийлик менен болгон алакалары да айырмачылыктарды алып келип, бийликчил, оппозициячыл партияларды пайда кылууда. Багыттары бири-биринен айырмаланып турган партиялардан түзүлгөн парламентте тизгин талашуу болбойбу деген кооптонуулар да бар. Анткен менен парламентти түзө турган партиялардын айырмачылыктарына карабастан, алардын келечекте топ-топ болуп биригиши мүмкүндүгү айтылууда. Мындай оюн президент Роза Отунбаева да Ош облусуна болгон иш сапары учурунда билдирген эле:

- Мына шайлоодон кийин бир топ партиялар коалицияларга биригишээрине мен ишенем. Азыр керек болсо 50 орун алабыз деген партиялар пафос менен иштеп жатышат.


Парламенттик шайлоодо эң көп добуш топтогон партия 65тен көп эмес депутаттык орунга ээ болот. 120 кишиден турган парламент Кыргызстандын тарыхында президенттен да таасирдүү органга айлана турган премьер-министрди шайлайт. Өз кезегинде Кыргызстандагы парламенттик башкаруу Германиянын жана Турциянын мамлекеттик башкаруу системасына окшош болоору белгиленүүдө. Чындап эле аталган өлкөлөрдүн башкаруу системасы Кыргызстанда түзүлүшү мүмкүнбү? Бул суроонун жообу 10-октябрдагы шайлоодон соң белгилүү болот.
XS
SM
MD
LG