Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

О.Молдалиев: Ооганстан менен Кыргызстандын шайлоосунда окшоштук көп


Орозбек Молдалиев "Азаттыктын" студиясында.
Орозбек Молдалиев "Азаттыктын" студиясында.

Ооганстанда оппозиция талапкери Абдулла президенттик шайлоодон баш тартышына байланыштуу былтыр бул өлкөдө жарым жылдай иштеп келген саясат таануучу О. Молдалиевди сөзгө тарттык.


- Орозбек мырза, Ооганстандагы кырдаалды жакшы билген адис катары, саясат таануучу катары Абдулланын кадамын кандай баалап жатасыз?

- Менин оюмча, Абдулла башта шайлоо адилетүү болот деген үмүттө болгон окшойт. Анан БУУ баш болуп сырткы күчтөрдүн баары басым көрсөтүп, калыстык болбогон соң ушундай кадамга барганга аргасыз болду го. Себеби биринчи айлампада ал 27 пайыз эле добуш алды деп айтылып калбадыбы. Чынында абдан көп, 3 миңге жакын арыз түшпөдүбү шайлоодогу туура эместиктер боюнча. Акырында бул чын чыгып атпайбы. Эми Карзайды өткөргөнгө сырткы күчтөр жардам берип жатканы жөнүндө башынан эле айтылып келаткан. БУУнун миссиясында бул боюнча бир аз чатак да чыкпадыбы. Азыр эми чынын айтканда Абдулла Абдулланын деле шайлоодо жеңип чыгышына мүмкүнчүлүгү жок эле да, маселе ушунда болуп атпайбы...

- Эгер Абдулла талапкерлигин албаганда, шайлоо таза өтө турган болсо сиздин оюңузча, тараза ташы ким тарапка оомок?

- Канткен менен баары бир Хамид Карзайдын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Кеп элдин талапкерлердин кимисин колдоор-колдобосунда эмес, бийлик Карзайдын колунда экенинде болуп жатпайбы. Административдик ресурс деген Ооганстанда деле чоң маанини ойнойт экен. Ошон үчүн Абдулла да баары бир Карзай жеңип кетээрине ишенип турат. Эгер өзү экинчи айлампада жеңээрине ишенсе Абдулла шайлоодон баш тартпайт эле деп ойлойм.

- Сиз былтыр Ооганстандын борбору Кабулда бир канча ай иштеп келгенсиз, сиздин баамыңызда, азыркы президент Хамид Карзайдын эл арасындагы кадыр-баркы канчалык.

- Эми бардык жерде эле Карзайдын таасири күч деп айтышка болбойт. Маселен өлкөнүн түштүгүндө таасири аз, түндүк жакта, Кабулдун тегерегинде бир аз таасири көбүрөөк. Бирок акыркы убакта талибандар күчөп, тынчтык орнобой жатканына, реформалардан натыйжа болбогонуна, элдин үмүтү ишке ашпаганына байланыштуу кадыр-баркы кыйла түшүп кетти. Дагы бир фактор – Американын Ирактагы аракеттери да ооган калкын нааразы кылгандан кийин Карзайды Америка алып келген адам катары баалап, мындан да анын кадыр-баркы бир топ төмөндөдү. Анын үстүнө көп нерселер эл күткөндөй болбой калды. Ошон үчүн азыр Ооганстандагы абал бир топ кыйын болуп турат...

- Эми сөздү шайлоого байланыштуу Кыргызстандагы абал тууралуу улантсак. Өткөн жайда бизде да президенттик шайлоо өтүп, анда оппозиянын атынан чыккан талапкер Алмазбек Атамбаев Абдулла Абдуллага окшоп бир жума эмес, дал шайлоо күнү, түштөн кийин жарыштан чыгаарын айтып чыккан. Байкоочулардын бир тобу ошондо бул шайлоодо бурмалоолор болгонун, административдик ресурс колдонулганын айтып чыгышкан. Сиз ушул Кыргызстан менен Ооганстандагы шайлоодон кандайдыр бир окшоштуктарды байкадыңызбы?

- Элде Ооганстандагы шайлоо тазараак өтөт деген үмүт бар болчу. Бирок административдик ресурс колдонулганы белгилүү болуп калгандан кийин бизде окшоштуктар көп экен дегендер арбын болуп жатат. Демократия жок жерде, демократия күчүнө кире элек жерде ал Кыргызстанбы, Ооганстанбы айырма жок экен да көрсө. Минтип добуштарды бурмалоо деген боло берет турбайбы...

- Маегиңизге рахмат.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG