Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Ак үйдүн үстүндөгү снайперди аткан Эмилболот


Эмилболот Кыштообаев "Азаттыктын" студиясында.
Эмилболот Кыштообаев "Азаттыктын" студиясында.

Жетинчи апрелдеги кандуу кагылышта Ак үйдүн үстүнөн элди атып жаткан бир снайперди атып түшүргөн Эмилболот Кыштообаев бул аракети менен ошол жерде жүргөн бир канча адамдын өмүрүн сактап калдым деп эсептейт.

- Сиз 7-апрелде Ак үйдүн үстүнөн элге ок аткан бир снайперди атып түшүргөн экенсиз. Ошол күнү сиз кандай максат менен аянтка чыктыңыз эле? Сөз башынан болсун.

- Ал күнү мен Аламүдүн базарына майда-чүйдө сатып алганы барган элем. Барсам, базар жабылып жаткан экен. Саат 11-12лер болчу. Элден сурасам, “Форум” жакта эл менен милиция кагылышып, ызы-чуу болуп жатышат дешти. Анан мен да катышышым керек экен дедим.

Катышканымдын бирден бир себеби, Кыргызстандын эртеңи бүдөмүк болуп калган болчу. Бакиевдер элдин кыжырына тийип бүтүштү эле. Электр акысы, телефон кымбаттап, жерлерди сатып, элди тоноп бүттү. Мен өзүм Нарындан болом, Жетим-Тоо, Арпа, Ак-Сай деген жерлерди “ижара” демиш болуп, Максим сата баштаган. Мен ойлогон ойду бараткан жөнөкөй элдин баары ойлонгонун мен ошондо түшүндүм. Эч кимибиз бири-бирибизди тааныбайбыз. Нааразычылыкты уккан эл маршруткалардан өздөрү эле түшүп, Чүй көчөсүндөгү элдин баары кошулуп жатышты.

7-апрелдеги каргаша
Ошол жерде спецназдардын чоң көк машинеси бар эле, эки курал менен, ошого отуруп Ак үйгө барып токтодук. Барсак эле, айдап барган балдарды атып ташташты. Эки бала окко учуп кетти. Ошондо элдин ачуусу кайнап чыкты, ок эмес танка менен атса да кайтмак эмес. Анын үстүнө оппозициянын лидерлерин да камап коюшкан ошол учурда. Анан “Бакиев кетсин, оппозициянын лидерлери бошотулсун” деп тура бердик, качкан жокпуз.

- Ак үйдүн чатырынан чыккан ок атууларды качан байкап калдыңыздар?

- Ак үйдүн кайсы жагынан атып жатканын мен чынында башында байкаган жокмун. Биринчи унааны айдап барган балдарды атышты. Аңгыча эле милициянын полкубу, көп сандаган куралчан милиция элди аянттагы фонтандан Киев көчөсүнө көздөй сүрө баштады. Ошондо элдин жини катуу келип, таш алып, кайра милицияларды сүрө баштадык.
Чүй көчөсүнүн берки өйүзүнө өтө баштаганда, үч кишибиз жыгылды. Карасак чекеге, анан жүрөккө атышыптыр. Ошондо биз снайпер атып жатканын билдик.

Алар ошондо бизди чоюн октор менен ата башташты. Мен кийин ойлонуп калдым, бизди милиция атпаптыр деп. Машинени айдап барган балдарды көрсө снайпер аткан экен. Милицияны сүрүп атканыбызда колума автомат тийип калды. Кадимки эле “Калашников”, союздун автоматы.

Бир убакта жанагы көк бусик деп жатпаймынбы, ошону Ак үйдүн чыгыш жак дарбазасынан түртүп кирдик, ошону менен киребиз деп. Ак үйдүн астында спецназдар тизилип турган, мен ошолор атып атат го деп ойлоп жаткам. Биз бусик менен кирип барсак эле, “батырап” эле мөндүрдөй ок жаады. Ок жааганда эле баарыбыз качып жөнөдүк. Бирок мага 5-6 чоюн ок тийди. Эч нерсе деле болгон жокмун, катуу тепкендей гана болду.

7-апрелдеги каргаша
Анан Чүй көчөсүнүн берки өйүзүнө өтө баштаганда, үч кишибиз жыгылды. Карасак чекеге, анан жүрөккө атышыптыр. Ошондо биз снайпер атып жатканын билдик. Аңгыча балдар Ак үйдүн үстүндө снайпер бар экен деп калышты. Карасам чын эле эки снайпер бар экен. Жиним менен аларды көздөй атып, анан алар да мени, автоматчан балдарды байкап калышты. Алардын ушунчалык кан төккөнүнөн, Бакиевге жиним келип атышып аттым. Бирок менин огум такыр тийбей койду.

Анан мен Бакиевдин айтканына да кошулам. Бакиев "мен колумду жууганы кирсем, мени да атышты" деп жатпайбы, мен Бакиевдин 7-кабатта отураарын укчумун, бирок кабинети кайсы, терезеси каякты карайт билчү эмесмин. Мен снайперди атам деп, ага жетпей терезеге, терезенин үстүнө тийип аткан. Бул чындык. Бирок Бакиев айтып жатпайбы, биринчи эл тараптан, оппозиция тараптан ок атуу болду деп. Бул туура эмес. Мен 15тей киши өлүп кеткенден кийин гана атыша баштадым.

- Сиз снайперди жерден туруп эле атып жаттыңызбы?

- Ооба, ошол маңдайкы тараптан, бакка жашынып алып, арканын тушунан атып аттым. Мен атып атканда снайпер жашынып калып жатты, ал атканда мен жашынып калып аттым. Такыр алдырбай койду. Абдан машыккан снайпер экен.
Мен аянттагы адамдардын мээсин, жүрөгүн көздөй ок атып жаткан киши өлтүргүчтү аттым...

Анан бир убакта 50 жаштардагы бир киши келип, "иним, мен тамеки күйгүзүп, далымды салып турайын, сен ийиниме автоматыңды коюп ат", - деди. Мен ошол кишиге таң калдым, өзүн окко тоскон. Анан мен автоматты анын далысына койдум. Снайперди атса экен деп, элдин баары бизди карап турду. Ошондо элден 20дай адам өлүп кеткен эле. Жарадары канча. Мен атып аткан автоматтын оптикасы бар экен. Бирок мен оптика менен такыр тийгизе албай койдум.

7-апрелдеги каргаша
Азыркыга чейин турат терезеден, Ак үйдүн чатырынан 40-50 см ылдый тийген октун тактары. Анан оптикасын алып ыргытып эле, көнгөнүмдөй атсам, көтөрүлүп барып ыргып түштү. Бир убакта “тийгиздиң, тийгиздиң” деп калышты. Тиги снайпер буту асманга көтөрүлүп, чалкасынан артка кетти да, колундагы куралы жерге түштү. Азыр эми менден "сен деле адам өлтүрдүң да?" деп сурагандар көбөйдү. Ооба, бирок мен аянттагы адамдардын мээсин, жүрөгүн көздөй ок атып жаткан киши өлтүргүчтү аттым. Муну менен мен ошол жерде жүргөн бир канча замандаштарыбыздын өмүрүн сактап калдым деп эсептейм.

- Эмил, аскерде кызмат өтөгөнсүз го?

- Ооба, аскерде болгом. Өзүм да аткычмын.

- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Кайда иштейсиз?

- Үч балам бар. Өзүм темир дарбазаларды ширетип иштейм. Өз үйүм жок, квартирада турам. Элге окшоп жер деле алалганым жок. Ага акча бериш керек да.

- Убактылуу өкмөттөн сиздин ошол снайперди атып түшүргөнүңүзгө көңүл бурган киши болдубу?

- Жок. Эми алардын түйшүгү деле көп болуп жатат го. Алар көңүл бурушпаса деле, кыргыз элим мүдөөсүнө жетсе экен. Эл ичинде мен да ой-мүдөөмө жетсем. Тилегим - кыргыз эли бакубатчылыкта жашаса.

- Маегиңизге ырахмат, Эмил мырза. Ылайым, тилегиңиз ишке ашсын.

XS
SM
MD
LG