Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Нарын жергеси Ага-ханды тоскон жатат


Агаханды Тажикстанда Тоолуу Бадахшан областында тосуп алуу учуру.4-октябрь 2008-жыл.
Агаханды Тажикстанда Тоолуу Бадахшан областында тосуп алуу учуру.4-октябрь 2008-жыл.

6-ноябрда Ханзаада Ага Хан IV Нарын жергесине иш сапар менен келип, Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин курулуш иштери менен таанышат.

Быйылкы жылы Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин кесиптик жана үзгүлтүксүз мектеби экинчи жолу бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшырды. «Бухгалтердик эсептин технологиясы» программасын 12, «Иштиктүү англис тили» программасын 17 окуучу аяктады.

«Эмне кызыктуу, бул жөн эле кагаз эмес. Мында кеп диплом тууралуу болууда. Окуучулардын алты ай убакта эмне окугандыгы так жазылган жана кандай балл алгандыгы белгилүү»,- деп билдирген окуучуларга сертификат тапшыруу маалында БАУнун деректири Богдан Кравченко.

Ага Хан өнүктүрүү тармагынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Нуржехан Мавани алгачкы бүтүрүүчүлөр алдыңкы каржылык институттарда иштеп жаткандыгы менен сыймыктанаарын белгилейт:

- Бүгүн биздин биринчи бүтүрүүчүлөрүбүздүн алдыңкы финансылык институттарда жана эл аралык уюмдарда ийгиликтүү иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат мени абдан сүйүндүрдү.

Кыргыз Республикасынын эл көчүү жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Ырыскулова бул университет салынса Нарындын өнүгүүсү башка болот деп санайт:

- Мен ойлойм ушул университет эгерде Кыргызстанда курулуп калса, бул биринчиден уникалдуу болот. Экинчиден, БАУнун өнүгүүсү дагы башка болот.

Нарын облусунун губернаторунун орун басары Салтанат Эсенаманова бул университет Борбор Азиядагы окуу жай болоорлугуна ишеним артат:

- Кудай буюрса, Ага Хан Борбордук Азия университети бүтүп калса, бул жерден жалгыз эле Нарын облусу үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн дагы, мен ойлойм, Орто Азиядагы балдардан келип окуганга мүмкүнчүлүктөрү болот. Анткени Борбордук Азия университетинин диплому бүт дүйнө жүзүнө жараган диплом болот.

Нарын шаарындагы «Биримдик» аттуу коомдук бирикмесинин төрагасы Тойчубек Айдаралиев Нарын шаарында мындай окуу жайдын кажети жок эле деген пикирде турат:

- Бул жерде Нарын мамлекеттик университети туруп атпайбы. Ошол жерден эле окутса балдарды. Балдардын ата-энелерин кыйнап, алардан акча-тыйын алып, анан эки жака бөлүүнүн, бул жерде Ага Хан университетинин жанагыдай факультетинде окутуунун эч кандай кажети жок, - дейт Тойчубек Айдаралиев.

Мындай пикирге болсо БАУнун Нарындагы кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин менеджери Жеңиш Молдокматов макул эмес:

- Билим берүү тармагы боюнча Нарын жергесинде эң эле уникалдуу программасы бул англис тилин өнүктүрүү программасы, айыл жергесинин потенциалык студенттерин Борбордук Азия университетине даярдоо.

Нарын райондук айлана чөйрөнү коргоо боюнча инспектор Рудбек Абдраев Ага Хан корунун Нарын шаарында жүргүзүлүп жаткан курулуштарында көптөгөн мыйзам бузуулар орун алып жаткандыгын белгилейт:

- Ага Хан фирмасы келгенине беш жылга айланып баратат. Айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын анча сактабайт. Сөзүм далил болсун, Жар-Булак айылына тиешелүү Ак-Булак участкасынан карьер ачып алып, ошол жерден канча жер бузулду. Бизге 60 миң сомдой айып пул төлөштү өткөн жылы. Бул бир жагы. Экинчи жагы мени өкүндүргөнү, булар кагазга келгенде баары эле жакшы дейт, бирок мыйзамга келгенде аткарылбайт. Мына азыр гравлика курулду. Мунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө эсеп жок. Анын экологиялык экспертизадан өткөн документи жок. Биз берген талапты көп аткарбай, сыйлабай жатышат,- дейт Рудбек Абдраев.

Мындай маалыматка болсо БАУнун жергиликтүү өкүлдөрүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG