Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

К.Узакбаев: Күмүшбек Сейдасанов 7-апрелде биринчилерден окко учкан


Күмүшбек Сейдасанов (оң жакта)
Күмүшбек Сейдасанов (оң жакта)

7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында октон биринчилерден болуп каза тапкандардын катарында «Ата мекен» партиясынын мүчөсү Күмүшбек Сейдасанов бар эле.

7-апрель күнкү окуялардан атылган октон 81 киши каза таап, 1,5 миңден ашуун адам жараат алды. Биринчилерден болуп каза тапкандардын катарында "Ата мекен" партиясынын мүчөсү Күмүшбек Сейдасанов бар эле.

10-апрелде Таластын Арал айылында маркумду акыркы сапарына узатуу болду. Күмүшбек Сейдасанов тууралуу Энелерди жана балдарды коргоо боюнча улуттук борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Камчыбек Узакбаев айтып берди.

- 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдынан Күмүшбек кантип окко учту? Анын атылган октон каза болгонун кимден уктуңуз?

Камчыбек Узакбаев: Бир тууган тайкебиз Күмүшбек 7-апрелдеги окуяда биринчилерден болуп Ала-Тоо аянтында курман болду. "Чогулуш, митинг болот экен, ошол жерге барып, митингге катышып, элибиздин келечеги күрөшкө даярбыз" деп мекенчил маанайдагы сөздөрү угуп, “колумдан келсе элибиздин келечеги үчүн күрөшкө катышам” деген Күмүшбек “Мадина” базары жактан чогулуп келе жаткан элге кошулган экен.

Өкмөт үйүнүн алдынан ал биринчи катуу үн салып, эскертүү иретинде атылган октон жалтанбай, анын жанындагы жигиттердин айтымында “элибиздин келечеги үчүн качпагыла, качпагыла” деп астыга кетип бараткан экен. Ошол убакта саат бирден өтүп калган учур экен.

Эң биринчилерден болуп, ушул Күмүшбек инибизге ок атылган экен. Ок атылганда жанындагы көлдүк жигит анын чөнтөгүнөн кол телефонун алып, саат экинин тегерегинде келинибиз Гүлмирага телефон чалат. “Өкмөт үйүнүн алдынан Күмүшбекке ок тийди” деп кабарлаган экен.

Биз ооруканаларга телефон чалып, аны издей баштадык. Тилекке каршы, саат төрт жарым ченде Субан тайкебиз моргго барып, Күмүшбектин сөөгүн тапты. 7-апрелдеги ыңкылапта ошол Ак үйдүн алдындагы жерден башына ок тийип, желкесинен чыгып кетиптир. Анын сөөгү моргдо жатканын көрүп, Эмил деген иним экөө мага телефон чалышты.

Күмүшбек өзү Ленинград облусундагы Петрозаводск деген шаарда токой чарба техникумун бүтүрүп келген. Токтогулда токой чарбада, Таласта мектепте мугалим болуп иштеди. Советтер союзу тараганга чейин унааны айдоону үйрөтүү боюнча ДОССАФтын системасында иштеди.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин атайын Бишкекке көчүп келип, коммерциялык иштер менен тиричилик кылып, ак эмгеги менен жашоо-турмушун оңдоп алган эле. Элдин башына түшкөн кыйынчылыктарды көрүп, бийликке сын айтып, оюн кескин билдирип жүрдү. “Ата мекен” партиясынын идеялары менен программасын жактырып, "Мекеним үчүн" деп катардагы мүчөсү болуп, аты да жакшы, Ата мекен үчүн жакшы деп, ушул партияга мүчө болуп жүрдү.

- Артында канча бала чакасы калды? Күмүшбектин сөөгү кайсы жерге коюлду?

Камчыбек Узакбаев: Күмүшбектин артында үч баласы калды, улуу кызы жыйырмага жаңы эле чыгып калды эле. Андан кийинкиси 18, көкүрөк күчүгү 14 жашка чыгып жатат. Моргдон мен өзүм анын сөөгүн алып чыктым. Ичине киргенде адамдын жүрөгү түшө тургандай эле окуя, көрүнүш.

Татынакай болгон жаш балдар катар-катары менен шейит болуп жатышат. Ошолорду көрүп, абдан капа болдум. Күмүшбектин ээгинен тийген ок желкесинен чыгып кеткен экен. Ал ок тийген жерде эле каза болсо керек, анткени ошол снайпер абдан далдуу жерге мээлеп туруп, жүлүндү дагы талкалай аткан экен. 10-апрелде Таластагы туулуп өскөн Арал айылына сөөгүн коюп келдик.

- Курман болгондорго өкмөттүк деңгээлде кандай жеңилдиктер берилсе дейсиз? Ала Тоо аянтын “7-апрелде курман болгондордун аянты” деп кайра аташ керек деген пикирлер айтылууда. Алар үчүн атайын эстелик тургузуу боюнча кандай пикирлериңиз бар?

Камчыбек Узакбаев: 7-апрелде курман болгондор чыныгы элдик баатырлар болушту. Анткени алар элибиздин келечеги үчүн деп өздөрүнүн өмүрүн шейит кылышты. Кыргыз эли аларды эч качан унутпагандай деңгээлде өчпөс эстеликтерди орнотушубуз керек. Шаардын ичинде болжолдоп туруп кайсыл аянтка булардын айкелдерин орнотуп, өтүп кеткенден кийин өмүр бою ушул “элим, жерим, кыргыз элинин келечеги, Ата мекен” деп жүргөн ушул жигиттер деп ар дайым унутпай, эскерип жүрүшүбүз керек. Алар “кыргыздар өнүккөн мамлекетте жашаса" деген тилектерди дайым айтып, мекенчил экенин далилдеп жүрүп, бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Чыныгы баатырлар дайым арабызда эле жүрөт экен да, ошолордун бири - биздин инибиз Күмүшбек Сейдасанов болду.

XS
SM
MD
LG