Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Буюртма менен көз жумган спортчулар


Баяман Эркинбаев
Баяман Эркинбаев

2005-жылдагы март ыңкылабына чейин жана андан кийин буюртма менен бир нече белгилүү спортчулар мерт болгон.Маалыматтарда эгемендик жылдарында жалпысынан ушул жол менен отуздай спортчу жок кылынган.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгону көр-оокаттын айынан айрым спортчулар ишкерликке өтүп, төбөсү көрүнгөндөрү да болду. Ошону менен бирге 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин айрым спортчуларды белгилүү ишкерлер, депутаттар жан сакчы кылып жалдап алган учурлар да арбын.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде бийлик, байлык үчүн тирешүүлөрдө айрым мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер спортчуларды пайдаланып, акырында спортчулар ок жеп, мерт болушкан.

- Айрым спортчулар чоң спорттон кеткенден кийин мамлекет тарабынан камкордук болбой кароосуз, ишсиз калгандыктан айрымдары ири ишкерлерге же криминалдык авторитеттерге аргасыз жалданып иштеп, айдаган жагына барып, ур дегенин уруп, өздөрүнө душман күтүп алышкан жагдайлар болгон.

Маселен, 2005- жылдын 24- мартында болгон ыңкылаптан кийинки фактыларга токтолсок, андан жарым ай өтпөй 10-апрелде кечинде дүйнөгө таанымал каскадер-спортчу Үсөн Кудайбергеновду Орто-Сайдагы үйүнөн буюртма менен атып кетишкен.

Өлкөнүн панкратион федерациясынын жетекчиси, каскадер Эдил Молдалиевдин айтымында Голливудда “Петр биринчи” кинотасмасына тартылган белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергеновдун эмгеги өкмөт тарабынан эч бааланбай калган.

-Үсөн Кудайбергенов устатыбыз учурунда 300дөн ашык кинотасмага тартылган. Ал Кыргызстанда каскадерлордун мектебин негиздеген. Анын эмгеги өкмөт тарабынан бааланган эмес. Эл аны Эр Үсөн, Үсөн баатыр деп атаган.

Үсөн Кудайбергенов ат менен 30 метр бийик аскадан сууга секирип Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирген жалгыз кыргыз. Ал 24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тоноо учурунда элдик кошуун түзүп, мамлекеттик мекеме, банктарды сактап калууга салым кошкон.

2005- жылы 10-июнда чак түштө Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, дзю-до күрөшү боюнча спорт чебери Жыргалбек Сурабалдиев 1998- жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, Бишкектеги авто тетиктерди жана авто машиналарды сатуучу "Кудайберген" жана "Азамат" базарларынын ээси болгон.

24- марттагы ыңкылап учурунда Жыргалбек Сурабалдиев жана башкалардын ак шапкечен жигиттери элге каршы турган деген пикирлер да айтылып жүрөт. Жыргалбек Сурабалдиев учурунда "ак шапкечен" жигиттер менен эч кандай байланышы жоктугун айтып, "Азаттык" үналгысына да интервью берип, бардык маалымат каражаттары аркылуу бул пикирди төгүндөгөн.

Ошол күндөрү маркум Сурабалдиевдин кызы Эльвира атасынын өлүмүн бийлик тарабынан жасалган саясий заказ деп баалаган жана депутаттын өлүмүнүн кылмыштуулук менен байланышы жок деп эсептээрин билдирген.

Бишкектин тургуну Бактияр Шаматов Жыргалбек Сурабалдиевди сөзүнө бекем, намыстуу, мекенчил сапаттарын эскерип, аны өлтүргөндөр алигиче табыла электигин билдирди.

2005- жылдын 21-сентябрда, саат түнкү 10дун тегерегинде Бишкекте өз үйүнүн жанынан Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти, дзю-до жана күрөш боюнча спорт чебери Баяман Эркинбаев Алыш күрөшү боюнча Азия федерациясынын президенти катары бул спортту дүйнөлүк аренада таанытууга аракет кылды.

Учурунда Ош шаарында Баяман Эркинбаев өз каражатына 26 миллион сомго эл аралык талаптарга ылайык "Палван сарай" комплексин курган.

Баяман Эркинбаев Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан жигиттерди тарбиялап, демөөрчүлүк кылганын спорт адистери айтып жүрүшөт. Ошондой эле ал тууралуу ар кандай сын пикирлер айтылып, Кара-Суу базарынын мурдакы директору Абдалим Жунусовдун өлүмүнө себепкерлердин бири дешкендер да учурунда болгон.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев маалымат жыйынында акыркы жылдары өлкөдө буюртма жол менен өлтүрүлгөн фактылар арбын экенин айтып, бул кылмыштардын бетин ачууну өзү көзөмөлгө алаарын билдирген.

2006- жылы 8-январда Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, даңазалуу балбан Раатбек Санатбаевди Бишкектин 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Спорт коомчулугу Раатбекти Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан.

Фехтования федерациясынын мурдакы жетекчиси Калмурза Ормушевдун пикиринде ыңкылаптан кийин бийлик, бизнес чөйрөлөрүн бөлүштүрүүнүн айынан Раатбек сыяктуу жигиттер да курман болушкан.

Эр айдоочу” коомдук бирикменин жетекчиси Качкын Булатовдун пикиринде 2005-жылдагы ыңкылаптан бери 92 адам буюртма менен өлтүрүлгөн. Анын пикиринде мындай кылмыштар атайын кызматтардын кийлигишүүсү менен аткарылгандыктан бет ачылбай келүүдө.

-Айрыкча Раатбек Санатбаев, Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнүн сыры эмдигиче ачыла элек. Мындай кылмыштарга атайын кызматтардын катыштыгы бар. Ошондуктан кылмыштардын бети ачылбай жатат.

Мындай пикирге Ички иштер министрлигини маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов макул эмес. Анын айтымында белгилүү спортчулардын буюртма менен өлтүрүлүшүнө атайын кызматтардын эч кандай тиешеси жок.

-Айрым укук коргоочулар айтып жаткандай буюртма кылмыштарга атайын кызматтардын, укук сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин эч кандай катыштыгы жок. Бул кылмыштардын айрымдарынын бетин эбак ачылган. Айрымдарын ачуу боюнча тергөө иликтөө иштери уланууда.

Ыңкылаптын жарчысы, ырчысы аталган Сагынбек Момбековдун айтымында Баяман, Раатбек, Рысбек сыяктуу жигиттерди кимдир бирөөлөр өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп, кийин көзүн тазалап салышкан.

-Ушунтип баш көтөргөн жигиттерибизди четинен көзүн тазалап жок кыла беребизби? Деги мындай көрүнүш качан токтойт?

Журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун пикиринде Бишкекте эле 8 дүкөндө курал- жарак сатылгандыктан кылмышкерлер чөйрөсү да түрдүү куралдар менен камсыз болуп жатышат. Анын кесепетинен ар кандай буюртма өлүмдөр болуп жаткан сыяктуу.

Спорт чөйрөсүндө кадыр-барктуу дзю-до күрөшүнүн эл аралык чебери Кабылбек Карымшаков дагы ыңкылаптан кийин киши колдуу болуп, буюртма менен өлтүрүлгөн.

Ошондой эле карапайым калк арасында, өзгөчө көл кылаасындагылардын айрымдары "Робин Гудду" катары санашкан Рысбек Акматбаевдин өлүмү да ыңкылаптан кийинки саясый айлампада табышмактуу бойдон калды.

Ыңкылапка чейин дагы бир нече спортчу буюртма менен өлтүрүлгөн. Алардын айрымдары кылмыш чөйрөсүнүн талаш-тартышуусунун курмандыгы болушкан деген карама-каршылыктуу пикирлер айтылып жүрөт.

Алардын катарында кикбоксинг боюнча дүйнө, Азия чемпиоу Али Просуков, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Петр Телпизов, Нуркул Асылбеков, Нусупов, Жумагулов, Алишер Рахимов, Марат Кутуев, Рашид Алканов, Визильтер жана башкалар бар.

Учурунда Алматыда ушундай буюртма менен өлтүрүү аракетинен бокс боюнча дүйнө чемпиону Андрей Курнявка менен Жогорку Кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров аман калышканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG