Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:33

“Атамекенчилер” Түптө ак кепкачандардын зомбулугуна кабылды


Ак кепкачандар оппозицияга өткөн жылы апрелдеги акция учурунда да асылышкан
Ак кепкачандар оппозицияга өткөн жылы апрелдеги акция учурунда да асылышкан

30-май күнү кечки саат тогуздарда Түпкө курултайга бараткан "Ата Мекен" партиясынын эки чакан автобуска түшкөн мүчөлөрүн райондук милиция кармап суракка алып, күчкө салып кайра артка кайтарды. "Ата Мекендин" лидерлеринин бири Б.Шерниязовдун "Азаттыкка" телефон аркылуу учкай айтканына караганда, милиция кызматкерлери менен кошо келген ак кепкачан жигиттер, аялдардын колун толгоп машинадан түшүрүп, каалагандай мазакташты.

- Сиздерди кармоонун чоо-жайын айтып берсеңиз.

- Эки микро автобус менен келатканбыз. Бир микроавтобуста «Ата Мекен» партиясынын Талас облусундагы өкүлдөрү, экинчисинде «Ата Мекендин» Бишкек шаарындагы мүчөлөрү келаткан. Түптө милиция тарабынан токтотулду. Бизге эч кандай күнөө койбой туруп эле машинабызды камашты. Атайын уюшулган дежур топ машинадагыларды жулмалап, Таластын делегациясын бүт райондук ички иштер бөлүмүнө алып киришти. Биз аларды чыгарууну талап кылганыбызда, атайын ак кепка кийген балдар келди. Ошол эле айыл өкмөтүнүн башчылары экен, милициянын граждандык кийим кийип алган кызматкерлери экен. Түп районунун акими, ИИМдин начальниги, анын орун басары баары ары жакта билмексен болуп карап турушту бизди кантип жулмалап мазактап жатканын.

- Алар сиздерди кармаганда эмне деген доомат коюшту?

- «Эмнеге келдиңер?» деген гана доомат, андан башка сөз да жок. Биз өзүбүз тараптан аракет кылдык эч кандай тартип бузбоого. Бизди мазактаганга жана кине койгонго бир дагы шылтоо берген жокпуз...

XS
SM
MD
LG