Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Баткенге барган журналисттердин баары эле өрүк менен айтылуу Айгүл гүлүн чагылдырышат. Бирок бул аймакта миграция, чек ара маселеси чоң көйгөй. Кайсы бийлик болбосун Баткен дубанына анчалык көңул бурбай, бул аймак унутта калгандай сезилет.

Жаштарсыз калган айылдар

Миграциянын эпкини түштүк аймагына, өзгөчө Баткен облусуна катуу тийгенин байкоо кыйын эмес. Эгерде сиз Баткенге барып калсаңыз, көчөлөрдөн бирин-серин гана жаштарды кезиктире аласыз. Бул аймакта жаштардын дээрлик көпчүлүгү Орусия, Казакстанга иштеп кетишкен, же борборго карай агылган.

Ошол себептүү Баткенде беш-алтыдан небере-чөбөрөлөрүн багып отурган “баатыр энелер”, “баатыр тайэне-тайаталар” жүздөп саналат. Көпчүлүк жарандар Орусиядагы балдарынын эсебинен күн кечиришет. Чек айылынын тургуну Абдыманап Тогузаков ошондой “баатыр тайаталардын” бири:

- Колумда алты неберем бар. Балдарым Орусияга иштегени кетишкен, бизге акча салып турушат. Неберелерим ата-энеси менен телефон аркылуу байланышып турушат.

Неберелерден эң уулусу он жаштагы Гүлзина ата-энесине сагынуусун айтты:

- Ата-энем Москвада иштеп жүрүшөт, аларды сүрөттөрдөн көрөм. “Күзүндө келебиз” дешет”.

Баткендеги мектеп бүтүрүүчүлөр эл аралык паспортту чет өлкөгө кетүү үчүн гана алышат:
“Окууга тапшарсам деле дипломум үйдө калат. Досум экөөбүз Орусияга кетебиз, бул жакта жумуш жок” , - дейт бүтүрүүчү Кубаныч.

“Азаттык+” жолуктурган жаштардын көбү “Баткенде келечек жок” деп жооп беришкендиктен, ишке орноштуруу жана миграция боюнча башкармалыктын башчысы Абдилатип Эгембердиевге кайрылдык.

- 2009-жылы тышкы миграция 21 миң адамды түзгөн, быйыл 18 миңге барабар. Баткенден 70% жаштар кетишет, жумуш менен камсыз кылуу үчүн ПРООН менен биргелешип окутуп, чакан ишканаларды ачуу үчүн 2000 -4000 долларга чейин гранттарды бөлүп жатабыз”.

Чек ара көйгөйү качан чечилет?

Баткендин Тажикстанга чектеш айылдары чек ара көйгөйү боюнча кыргыз бийликтерине кайрыла берип үмүттөрү өчкөндөй. Чоңдор келет, убадалар берилет, чечип беребиз деген сөздөр айтылат, бирок ушу күнгө чейин чечилбей келет. Таш-Тушмук айылынын тургуну Мамат Калматов аксакал баткендиктер үчүн патриот адам катары аттын кашкасындай белгилүү. Ал Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара тилкесинде жашаган үчүн үйүнүн чатырына желбиретип Кыргызстандын желегин илип алат. Бирок аксакалдын ашкере патриоттуулугун жактырбаган коңшу өлкөнүн жарандары түндө келип желекети бир нече жолу жулуп салышкан.

Бул маселе туралуу Баткен губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдибакир Имаров өкмөт чек арага такыр маани бербегенин айтты:

- Кыргызстандын жарандары өзбек Сох анклавынан ID карт (паспорту) менен өтүшөт. Ал жакта эки пост бар. Өзбекстандын чек ара аскер кызматынын төрагасы жаңы келип: “Кыргызстандын ID паспорту барактуу болуш керек, ал жерге биз мөөр басып анан өткөрөбүз” деп баарын тосуп, өткөрбөй койгон. Ушул үчүн уруш-талаш чыкты. Эки мамлекеттин облустарынын жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бул иш жөнгө салынган. Бизде Тажиистан жана Өзбекстан чек арасында көйгөйлөр өтө көп. Ал эми биздин чек ара аскер кызматы жана башка жетекчилер буга көңүл бурушпайт.

Тажикстан менен чектешкен Таш-Тумшук айылынын жашоочулары үчүн кыргыз телеканалдарын көрүү мүмкүнчүлүгү да чектелген – Улуттук телеканал чек ара тилкесинде дээрлик тартпайт. Ошондуктан “азаттыкплюсчуларга” Кыргызстандагы маанилүү окуяларды мындай кой, өлкөнүн президенти ким экенин билбегендер да жолукту.

Баткен шаары Ош облусунан 240 чакырым алыстыкта жайгашкан. Баткен облусунда 3 район, 4 шаар, 5 шаар тибиндеги айыл, 29 айыл кеңеши жана 189 айыл бар. Калкынын саны 400 миңден ашуун.










пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG