Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

А.Абдырасулованын сумкасынан ок табылды


“Кылым шамы” укук борборунyн жетекчиси Азиза Абдырасулова Варшавадан эл аралык конференциядан келе жатканда, Москвада аба майданындагы бажы көзөмөлүнүн кызматкерлери анын кол сумкасынан автоматтын огун таап алышты.

- Азиза айым, сизди Москванын бажы көзөмөлүнөн эки жарым сааттай убакыттай кармап турушкан экен. Анын себебине токтоло кетсеңиз, эмне себептен кармады?

- Себеби түшүнүксүз бир жагдай болду. Мен 28-сентябрда Бишкектен Москва аркылуу Варшавага адам укуктары боюнча жолугушууга барган болчумун. Анан кайра Варшавадан Москвага кечээ 1-октябрда саат сегиздерде учуп келдим. Учуп келгенде эле колумдагы көтөрүп жүргөн сумкаман ок чыгып калды, кадимкидей эле автоматтын атылбаган огу.

Кайдан, качан менин сумкама түшкөнүн өзүм дагы билбейм. Ал сумканын ачык жеринен эмес, түбүндө катылган жеринен чыгып атат. Өзүм дагы таң калдым. Ушундай бир түшүнүксүз жагдай болду. Анан Москванын милициялары, албетте, ага өзүлөрүнүн реакциясын жасашты. Мен болгонун болгондой, өзүмдүн ким экенимди, кайсы жактан келатканымды айтып бердим.

Бир жагынан Москванын аэропортунун кызматкерлерине ыраазылык билдирдим, аябай жумшак, түшүнүктүүлүк менен мамиле кылышты. Эптеп саат 10-50дөгү учакка мени жеткиргенге өзүлөрү аябай аракет кылышты "калып калбаңыз, биз ишендик сизге, ушуну кимдир бирөө аркылуу салып, провокация болгондой нерсе болуп атат" деп.

Ал эми мен өзүм ошол ок менин сумкама качан, кайдан түшкөнүн билбейм. Себеби эки саат мурун Варшаванын аэропортунан ошондой эле бажы көзөмөлүнөн өткөм, сумкаларым ошондой эле текшерүүдөн өткөн. Варшавадан эч нерсе табылган эмес, Москвага келип ал чыгып калып атат. Жөн эле сала койду десек, ичинен чыкты дешти.

Бирок менин сумкаман аны тапкан убакта сумканы мага көрсөтүшкөн жок, сумканы четке алып туруп, анан эң түбүнөн чыкты деп айтып атышат. Бирок сумканын кайсы жеринен, сумкадан алдыбы, албадыбы көрбөй калдым. Ошон үчүн мен өзүм үчүн да түшүнүксүз болду.

-Сиз учакта келатканда жаныңызда кандайдыр бир шектүү адамдарды сезген жок белеңиз?

- Учакта шектүү адамдар деле болгон эмес, сумкам жанымда болгон. 1-2 мүнөткө эле өзүмдүн керегим боюмча ордуман турганым болбосо сумка дайыма эле жанымда болгон. Эми бул жерде түрдүү версияларды ойлоп атам. Балким мурун эле Бишкектен чыгып баратканда түбүнө катылганбы, мени Варшавага киргизбей коюш үчүн.

Же болбосо чындап эле учактан салдыбы, же Варшавада салдыбы. Себеби Варшавада дагы аябай адам укуктарына байланышкан чоң-чоң маселелер козголгон болчу. Мен үчүн түшүнүксүз. Чынын айсам, азыр дагы ойлонуп ушунун чегине жете албай атам.

Эгерде Бишкекте салган болсо мен башка посттордон кантип өтүп кеттим. Эгерде тиги жакта салган болсо кайсы убакта качан, ким салды деген ойлор болуп атат. Автоматтын огу дешти. Мен андай атылбаган жаңы окту мурун-кийин көргөн дагы эмес экемин, бирок менин сумкаман чыккандан кийин көрдүм ошол окту.

- Бул сиздин укук коргоочу катарындагы ишмердигиңизге байланыштуу эмеспи?


- Ошого эле байланыштуу деген ой бар. Бирок качан, кандай болгонун билбейм. Эми Кыргызстандын укук коргоо кызматтарына арыз менен кайрылайын десем, бул окуя Москвада болуп атат. Булар кантип териштиребиз дешет, жообу белгилүү да. Эмне, кандай кылышты азырынча чече элекмин. Бирок бир жыйынтыкка келип атам, өзүбүз абдан этият болушубуз керек экен.

- Азиза айым, Варшавадагы жыйын тууралуу да токтоло кетсеңиз. Анда эмне маселелерди козгодуңуздар?


- Мен өзүм жөнүндө айтсам, мен жарандардын эркин жыйындарга, эркин жүрүүгө, эркин бирикмелерге болгон укугу, ошол эле убакта кыйноолор, өлүм жазасы, анан терроризм боюнча, ушул 6 маселе боюнча, ар бири боюнча фактылары менен видео-материалдарды ала барган болчумун. Ошол эле убакта айрыкча Кыргызстанда акыркы кездерде өлүм жазасын кайра кайтаруу жөнүндөгү демилгени, анан терроризм боюнча мени менен эл аралык уюмдардын өзүнчө жолугушуулары болду.

- Ошондо Европа коомчулугу, эл аралык уюмдар сиздин Кыргызстан тууралуу адам укуктары боюнча айтып бергениңизге кандай маани беришти?

- Ал жерде бир эле мен эмес, менден башка дагы бир нече укук коргоочулар болду. Менин айткандарымды башкалар да толуктап атышты, биз бири-бирибизди толуктадык. Ал эми Кыргызстан адам укуктары артка кеткен өлкө катары кайра-кайра белгиленип атты.
Ар бир адам укуктары боюнча, багыттары боюнча дагы артка кеткен, проблемалар бар өлкө катары белгиленип кетип атты Кыргызстан.
Ал эми мисал үчүн Казакстандан расмий делегацияда 17 мамлекеттик кызматкерлер барыптыр. Ал эми Кыргызстандан болсо жалгыз гана тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова отурду. Жалгыз бир гана ошол аял отурду.

Бир жагынан өлкөбүз үчүн дагы ыза болдум мен. Себеби бардык суроого Тышкы иштер министрлиги жооп берүүгө милдеттүү эмес, жооп бере албайт дагы. Ал эми биз кине койгон ошол эле Юстиция министрлиги, же болбосо Улуттук коопсуздук кызматы, же болбосо Ички иштер министрлигинен бир да адам басып барып, Кыргызстан ушундай домааттарга калып атканы менен иши да болуп койгон жок.

XS
SM
MD
LG