Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова Кыргызстанда журналисттердин, көрүнүктүү саясатчылардын өмүрүнө коркунуч туудурган тенденциялар сакталып турганын, кубаттуу өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргызстандагы кырдаалга карата кош стандарт саясат жүргүзүп жатканын сынга алууда.

- Сиздер укук коргоочулар жыйындар тууралуу мыйзам долбоорун коомчулук талкуусуна койбодуңуздар беле, ошол мыйзам долбоорунун азыркы абалы кандай?

- Биз 1-2- декабрда эки күн катары менен мыйзам долбоорун талкууга койгонбуз. Ошону менен катар эле Венеция комиссиясынын эксперттери жана ЕККУнун эксперттери келип, биз менен түз жолугушууларды өткөрүп, талкууларды уюштурган. Ошонун негизинде тегерек үстөлдүн катышуучуларынын айткан кошумчаларын, каалоолорун азыр эске алып, ошол мыйзам долбооруна кошумчаларды киргизип даярдап атабыз. Буюрса, январдын он бештеринде даяр болуп калат. Өкмөт тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушуп, дагы бир ирет талкууга коебуз.

- 2009-жылы адам укуктарын абалы абдан кейиштүү болду деп көп айтылып атат. Сиздин оюңузча адам укуктарына эң башкы тоскоолдук эмне деп ойлойсуз?

- Эң негизги начарлап кеткенинин бирден-бир себеби, Кыргызстандын жарандарынын өз оюн эркин билдирүү жана эркин чогулуу укугунан ажырап калганы. Ушул фундаменталдык негизги укук болуп эсептелет, качан жарандар чогулуп өз оюн билдирүүгө болгон укугунан ажыраганда башка укуктардын бардыгы артка кетет.

- Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилигинин Бишкекте тынч жыйындарды чектеген токтому чыкпады беле. Сиздер айтып келе атасыздар ал документти, чечимди Конституцияга каршы келет деп. Эмне себептен ушундай окуялар бизде орун алып атат деп ойлойсуз?

- Башкы мыйзамга каршы келет. Бирок ошол Бишкек шаардык мэриянын токтомун биз Конституциялык Сотко берип, башка соттук деңгээлде талашпаганыбыздын себеби, мыйзамда ошондой көрсөтүлүп калган. Мыйзамдын 3-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жыйындар өткөзүлүүчү жерлер жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталат деп. Мыйзамдын ошол беренесине ылайыктап бүгүнкү күндө мэрия өзүнүн токтомун чыгарып атат. Мыйзамга кайра –кайра кайрылуубуздун себеби ошол болуп атат. Бул жерде мыйзам өзү Конституцияга карама каршы келип атат.

- Сөз эркиндигине кайтсак. Кыргызстанда журналисттерге кол салуу, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн коркутуп-үркүтүү көрүнүшү күч алды. Кандай тушүнөсүз, эмне себептен бизде ушундай болуп кетти?

- Демократиялык принциптерден артка кеткен жана адам укугу көп бузулган, бийлик узурпацияланып, диктатуралык өңүткө бараткан өлкөлөрдө эң биринчи журналисттерге, көрүнүктүү оппозициялык саясатчыларга жана укук коргоочуларга коркунуч келет. Алардын ишмердүүлүгүнө, өмүрүнө, ден-соолугуна коркунуч келет. 2007-жылы башталганда айтканбыз, Кыргызстанда өтө коркунучтуу тенденция кетти, мындан кийин адам укуктары кескин начарлайт, журналисттердин укук коргоочулардын өмүрүнө коркунуч келет деп.

Эң негизги коркунучтуу адам катары журналисттер каралып атат. Себеби журналистсиз сөз эркиндиги жок. Кыргызстандагы болгон окуяларды чагылдырган журналисттердин өмүрүнө, ден-соолугуна, ишмердүүлүгүнө коркунуч келип атат. Эң акыркы окуя - Геннадий Павлюктун өлүмү өтө аянычтуу, өтө өкүнүчтүү, өтө коркунучтуу. Мунун өзү эле Кыргызстанда сөз эркиндигинин дээрлик жок болуп баратканын билдирет.

Бүгүнкү күндө кайсы журналист коркпой чындыкты айтып чыга алат, Геннадий Павлюктун өлүмүнөн кийин же болбосо Кубанычбек Жолдошевдин куугунтугунан кийин, Алишер Саиповдун өлүмүнүн себеби ачылбай аткандай кийин? Ал эми Алмаз Ташиев башка бир бандиттердин, хулигандардын же болбосо көчөдөгү жөнөкөй адамдардын колунан эмес, милиция кызматкерлердин ур-токмогунан каза болушу өтө коркунучтуу, олуттуу ойго салчу көрүнүш.

- Сиз жана Павлюк деп айтып кеттиңиз, соңку уруп-сабоо окуялары боюнча эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык уюмдар тынчыздануу билдирип жатышат. Ушул реакцияларга кыргыз бийлиги көңүл бурат деп ойлойсузбу?

- Эки жүздүүлүк болгон жерде адам укугу баары бир сакталбайт. Ошол эле өзүнүн тынчсыздануусун билдирип аткан өлкөлөр же болбосо уюмдар эки жүздүүлүктү жок кылыш керек. Ошондой эки жүздүүлүк Өзбекстанда орун алат. Анжиянда жүздөгөн, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылгандан кийин дагы Европа мамлекеттери Өзбекстан менен өзүнүн алакасын үзбөй келатпайбы. Керек болсо Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери барып-келип экономикалык саясатын жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле эки жүздүүлүк саясат биздин Кыргызстанда да орун алып атат. Тилекке каршы, Америка тарабынан дагы Кыргызстанда Ганси менен адам укугу, демократия дегенди таразага койгондо Ганси оор болуп салмактуу келип калып атат. Биз Бириккен Улуттар Уюму дейбизби, же болбосо Европадагы коопсуздук кызматташтык уюуму дейбизби, баардыгында эң биринчи кандайдыр бир кызыкчылыктар туруп атат.

Ушул эле ЕККУ Ички иштер министрлигин эчен жылдан бери каржылап, ошолорду окутуп келе атат, ошолорго канчалаган каражаттарды жумшап атат. Ал эми милиция кызматкерлеринин карапайым элге болгон мамилеси күндөн күнгө начарлоодо. Ушундан да жыйынтык чыгарсак болот да. Көп өлкөлөр адам укуктарына, экономикага болгон каржысын кыскартып туруп, терроризмге каршы күрөшкө деп колдоолорду чоңойтуп койду эле, мына эч күнөөсүз адамдар атылып, эч күнөөсүз адамдар камалып атат. Кыргызстан ошол акчаны алууга аракет кылып Кыргызстанда террористтер, экстремисттер бар деген жасалма күрөштөрдү жүргүзүп атышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG