Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Балыкчыда камалгандардын айыптары угузулду


Балыкчыда башталган сот жыйынында камактагыларды БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров коргоп жатат. Сотко БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев келишп катышууда.
Балыкчыда башталган сот жыйынында камактагыларды БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров коргоп жатат. Сотко БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев келишп катышууда.

Балыкчыда 15-сентябрда уланган сот жыйынында 19 кишинин айыбы угузулду. Камактагыларды убактылуу бошотуу жөнүндө өтүнүчту сот канааттандырган жок.

Президенттик шайлоонун арты менен 23-июлда Балыкчы шаарынан камакка алынгандардын сот иши саат экиде башталды. Жактоочулардын камактагыларды убактылуу бошотуу өтүнүчүн сот канаттандырган жок. Камактагылардын арасында кургак учук, бөйрөк жана башка оорулар менен жабыркагандарды сот эске албагандыктан, айыпкерлер сотко ишеним көрсөтпөөнү чечишти.

-Сизди калыс карайт, объективдүү, ар тараптуу иликтеп туруп калыс чечим чыгарат деген ишеним жок менде урматтуу төрагалык кылуучу. Себеби мен айтып өткөн нерселер сот башталбай туруп эле ушундай оркоюп калды. Ал сот башталган учурда мен түшүнүп турам, биздин келтирген өтүнүчтүн баардыгын сиз прокурордун указы менен канаттандырылгыс калсын деп чечим ала бересиз, иликтебейсиз. Жогору жактан кандайдыр бир команда болсо керек. Менин коргоомдогу адамдардын баардыгы саясий заказ менен отурат. Эч кандай кылмыш кылбаган деп эсептейм. Бирок силер оор кылмыш деп эмитен аттанып алганыңарга байланыштуу мен сизди калыс чечим чыгаралбайт деп ишенбөөчүлүк кылам, -деп сүйлөдү жактоочу Азимбек Бекназаров.

Сот алдындагы 19 адам дагы сотко ишеним көрсөтпөй турганын билдиришкен менен, ал талап дагы канаттандырылган жок. Мамлекеттик айыптоочу Үмүт Коңкобаева сотко ишеним көрсөтпөөгө негиз жок деген жагдайларды айтты:

- Биринчиден, ал жерде жазылган, эгерде ал жерде жазылган үндү прокурор тергелип жаткан иш боюнча мурда катышкан болсо. Экинчи негиз - тууганчылык болсо. Үчүнчүсү, же болбосо башка бир жагдайлар дейт. Соттун акыйкаттуулугуна ишенбөөчүлүк болсо гана ошол себептен болот. Ошол себептен урматтуу сот, урматуу катышуучулар бул жерде жаза процессуалдык кодексинин 70-статьясындагы бир дагы талап көрсөтүлгөн жок. Ошондуктан жактоочунун өтүнүчүн канаттандыруусуз калтырууну сурайм.

Сот алдындагы 19 адамга конституциялык түзүлүшкө каршы чыккан, президенттик шайлоого тоскоол болуп, баш-аламандык уюштурган деген күнөөлөр коюлган. Бирок сот залындагы айыпкерлер анын бирөөнү дагы мойнуна алышкан жок.

Балыкчыдагы сот жыйынына келген БЭКтин төрагасы Алмаз Атамбаев сыртта турган эл менен жолугуп, буларды айтты:

-Ачык айтайын, аман жүргөн киши жок, мага деле күнүгө тергөөчү келет. Бирок башкы прокурордон мен өзүм сурангам, андан көрө мени камабайсыңбы, балдарды камап эмне кыласыңар, душманыңар мен болсом, мени камагыла, өлтүрө албай койдунар дедим. Эл аралык уюмдарга кайрылып атабыз. Бир дагы бала камалбайт. Азыр Кыргызстандын тарыхы жазылып атат, көрүп атасыңар, кара сыя менен жазылып атат. Уялбай ачык кургак учук болгон, бөйрөгү иштебей калган кызды чыгаргандын ордуна, аны айткан да жок сот. Бул бийлик шайтандан келген бийлик, бети жок. Мына Орозо айы, бүгүн Кадыр түн. Мен минтип айтаар элем, биринчиден, сабыр эткиле, ыйлагандан, кайгыргандан эч кандай жардам болбойт.

Балыкчы шаарында президенттик шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүндөгү укук бузууларга нааразы болгон эл шаардык мэриянын алдына чыккан. Алардын арасынан милиция 12 адамды да кармап кеткен эле, учурда булар камакта жатат. Алтоо убактылуу бошотулуп сотко келип атат.



XS
SM
MD
LG