Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

С. Жайчыбеков: Балыкчы окуясы чала тергелди


Адвокат Сартбай Жайчыбеков Балыкчыда президенттик шайлоо күнү болгон жаңжал тергөө органдары тарабынан чала тергелди деп билдирди “Азаттыкка”.

-Сартбай мырза, 11-сентябрда Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүү башталганы турат. Соттун алдында айта кетсеңиз, Балыкчыдагы окуя кандай тергелди?

- Мен айтат элем, 23-июлдагы Балыкчыдагы окуя тергөөнүн талаптарына татыктуу тергелген эмес. Мунун чала жерлери көп деп эсептейм.

- Ошолорду атай кетсеңиз?

- Эң биринчичи шек санаганымдын себеби, эми соттук тергөөдө такталат, бирок 9 адвокат бар экен, ошонун экөөсү гана кылмыш иштин материалдары менен толук таанышкан, калгандары таанышкан эмес. Анын ичинен эки адамдын бири мен өзүм, мага 1-2-томду тааныштырып, 3 томдун бар экенин айтышпастан, бекитип коюшкан. Ушунун баардыгы, анан кылмыштын ичиндеги материалдарды окуп таанышуу менен мен ушундай ойго келип атам, көп нерселери чала тергелген, бул мындай айтканда тергөөнүн талаптарына жооп бербейт. Көпчүлүк адамдардын күнөөсү жок болушу толук мүмкүн.

- Үчүнчү том менен акыр аягында таанышып чыктыңызбы сиз?


- Үчүнчү том менен мен сотко кылмыш иштин материалдары өткөндөн кийин таанышып чыктым толугу менен. Андан тышкары, адвокаттарга тааныштыруу жөнүндө суранып келишкенде атайылап иш менен тааныштырбай коюшкан. Иш бизде эмес, сотко кетти дешип. Чынын айтканда кылмыш иши бүтөрүү менен мыйзамга ылайык тааныштырууга милдеттүү болчу тергөөчүлөр. Андан сырткары дагы бир күмөн туудурган нерсе, 24-август күнү сотко өткөрүп бердик деп булар кагаз берип атышат, ал эми сотто 27-августта регистрациядан өтүп атат, иштин үч күн кайда болгону белгисиз. Ишти жасалмалашты, же кандайдыр бир жерин бурмалашты го деген ойго түртөт мени бул жагы.

-14 кишинин баарына бирдей айып коюлуп жатабы?

- Баарысына бирдей айып коюлган эмес. Баардыгына массалык баш-аламандык боюнча коюлган, ичинен 5-6 адамга үч берене менен башаламандык, конституциялык негиздерди өзгөртүүгө болгон аракеттер, анан шайлоого тоскоолдук кылуу деген үч беренени коюшкан. Ал эми калгандарына бир берене коюлган. Негизинен 19 адамды жоопко тартып атышат.

-Айыпталып жактандар өз эрки менен көрсөтмө бердиби? Алар кысым болгон жокпу?

- Ал жагын мен так айталбайм, өз эрки менен көрсөтмө бергенби, же берген эмеспи. Мага күмөн туудурган нерсе, бул адвокаттарга кылмыш иштин материалдардын толук тааныштырбастан сотко өткөрүп жибергендиги. Ар кандай нерсе болушу мүмкүн.

-Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыровго да Балыкчы окуясы боюнча айып коюлуп жатат. Бул иштин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

- Мен Балыкчыдагы үч том менен таанышып чыккандан кийин мындай ойго келип атам, кандай болмок эле, кылмыш иш козголот. Кадимки эле 19 адамдын катарында ошол кишинин да орду болушу мүмкүн.

- Уюштуруучу катары айыпталып жатат да бул киши?

- Мен материалдан көргөн жокмун кандай айыпталып жаткандыгын. Бирок мен окуган материалдар боюнча иштин мааниси ошол жака кеткендигин мен түшүнгөм.

-Сартбай мырза, сиз Аксы окуясы боюнча адилеттик издеп Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкармалыгына кайрылган элеңиз. Ал жактан бир катар жооптор да келген. Акыркы каттарыңызга жооп келдиби?

- Жок, акыркы каттарыма жооп алына элек али. Ал биздин кыргыз өлкөсүнүн БУУга берген жоопторуна жараша келет.

- Бул жактан жооп жибериле элек болушу мүмкүн экен да анда?

- Болушу толук мүмкүн.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG