Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:04

Эмне көп? Митинг көп!


ЕККУнун полициясына каршы митинг. 26-июль, 2010-жыл
ЕККУнун полициясына каршы митинг. 26-июль, 2010-жыл

26-июлда Жогорку Кеңештин жанында “Тазалануу жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу, Техникалык өкмөттөгү айрым кызматкерлерди кызматтан кетирүү, президенттин администрация башчысы Э.Каптагаевге ишеним көрсөтпөө, ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга кигизилишине каршы пикирлерин билдирген жана башка талаптар менен 5-6 топ митинг өткөрүштү. Алардын айрымдарын президент Роза Отунбаева кабыл алды.

Жогорку Кеңештин алдына чогулган 200гө чукул адам бир топ түрдүү талаптар менен чыгышты. Алардын бири - “Револицияны коргоо комитети” жана “Мамлекетти тазалоо” кыймылы. Алар президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаевди кызматтан кетирүү, Топчубек Тургуналиевди кайрадан Айлана чөйрөнү коргоо агенттигине жетекчилик кызматка коюу, ЕККУнун полиция күчтөрүн түштүккө киргизбөө, К.Бакиевдин үй-бүлөсүн жана аларга жардам берген чиновниктерди жоопко тартуу, “Тазалануу жөнүндө” мыйзам тууралуу декрет кабыл алуу, түштүктөгү окуяны адилет калыс иликтөө жана түштүктөгу кандуу коогалаңда бир тарап, туура эмес маалымат тараткан массалык маалымат каражаттарына чара көрүү сыяктуу 13 талап менен чыгышты. Ошондой эле Техникалык өкмөт таратылып, жаңы элдик жана иш билги жарандардан турган өкмөт курамы түзүлсүн деген талаптар да айтылды.

Техникалык өкмөттүн курамына кирген айрым өкмөт мүчөлөрүнө каршы “Кыргызстан элдик кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Таалайбек Айдаров алардын ордуна жаш, таза адамдарды алмаштыруу керек деген пикирде.

- Биз кечээ эле үй-бүлөлүк системадан арылалы деп келдик го ушуга. Анан дагы деле тууган-урук дешип. Анда эмесе дагы 20 жыл жүрө берели күтүп. Топчубек Тургуналиевдин ордуна келген Эмил Каптагаевдин күйөө баласы деп уктук. Биз деле Т.Тургуналиевдин ордуна жаш, иш билги бирөөнү койсо макул элек. Э.Каптагаев, Анаркулов, Күчүков, Ыбыкеев, А.Рыскулова, Ө.Абдуллаевадан башка эч ким жокпу? Башка жаштар жокпу? Балким алар Кыргызстан үчүн жаны күйгөн адамдар болсо 7-апрель да болбойт беле... А.Акаевди кууганда А.Муралиев менен А.Костюк качып кеткен.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин алдында негизги бөлүгүн жаштар түзгөн ЕККУдан полиция күчтөрүнүн киришне каршы топтун “Кыргызстан эли ЕККУнун полициясына каршы”, “Кыргыз эли полициянын киришин каалабайт” деген ураандар жаңырып турду. Алар өлкө ичиндеги маселени Кыргызстан өзү чечиши керек деген ойлорун айтып жатышты.

Алардын катарындагы “Ноокат” коомдук уюмунун төрайымы Салима Жороева оюн мындайча билдирди:

- Бүгүнкү күндө Кыргыз республикасынын мамлекеттүүлүгүн сактап калыш үчүн өзүбүзгө келген түйшүктү өзүбүз чечип, өзүбүз калыбына келтиребиз. Сырттан келген кеңештин кереги жок.

Эски аянтта өткөн митингге “Жер үй” алтын кени мамлекеттики болсун жана аны таза, өлкөгө пайда алып келген компаниялар иштетсин деген талаптары менен Таластан да адамдар келип кошулду. Алар Кыргызстан эгемендик алгандан бери талашта келаткан коомчулукта айтылган “Жер үй” элге зыян алып келип жатат деген сөздөрдү таза иликтөөнү талап кылышууда. Бул тууралуу Жаныбек Кубандыков буларга токтолду:

- Бизге андай коркунуч алып келе турган, пайдасы тийбеген алтындын кереги жок. Кумтөрдүн деле ачуу тажрыйбасы бар го. Ошондуктан “Жер үй” иштесе да көз карандысыз эксперттер анын уран калдыктары эмне болуп атат, зыяны бар, жогун текшерип чыксын. Ошондо да адилеттүү, ачык, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган компаниялар иштесин.

Митинг уюштуруп жаткандардын алдына Айлана чөйрөнүү коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси Топчубек Тургуналиев ага президенттин саясий маселелери боюнча кеңешчиси кызматы сунушталып жатканын белгиледи. Ал бул маселе чечилсе иштөөгө макул экенин жана бийликти тазалоо боюнча көтөргөн демилгесин улантарын кошумчалады.

- Мамлекеттик бийликти тазалоо боюнча комиссия түзүлөт. Ага атайылап туура эмес маалымат берген же шылуундарды жашырган органдын жетекчилери да 5-10 жылга чейин кызматтан четтетилет. Ошондой эле шайлоого да катышууга укугу жок деп жатабыз.

Мындан мурдарак Топчубек Тургуналиев айлана чөйрөнү коргоо тармагын жетектөөдө адис эмес экенин, Бакиевдин тушунда иштеген адамдарды себепсиз артынан түшүп, кызматтан алып жатканын айтып, айрымдар митингге чыгышкан. Алар Т.Тургуналиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Президенттин администрация жетекчиси Эмил Каптагаев менен анын кызматтан кетишин талап кылган боюнча пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.

Бир топ талаптар менен чыккан митингчилерге сырттан байкоо салган коомдук ишмер Талапбек Сегизеков мындай жыйындарга каршы:

- Мен мындай митингдерди, талаптарды эч бир колдобойм. Бул окуяны сыналгыдан деле көрсөтсө башка өлкөлөр эмне дейт? Биз жаңы эле президент кылып Роза Отунбаеваны шайлап отурсак, аны башка эл аралык коомчулук бүт таанып, куттуктап жатат. Анан биз колдобосок болбойт. Убактылуу өкмөттү дайындадык. Шайлоо болорун да колдоп жатабыз. Бизге мындай митингдер кереги жок, бизге тынчтык керек.

Соңку кездерде Кыргызстандын булуң бурчунда түрдүү пикет, митингдер байма-бай өтүп жатат. Ушундай митингдердин мол болушу алдыдагы парламенттик шайлоону да токтотуп коюшу ыктымалдыгын саясий серепчи Марс Сариев божомолдойт.

- Бул өкмөттүн күчү жоктугу жана өкмөттүн Кыргызстанды көзөмөлгө алалбагандыгы себеп деп ойлойм. Ар кандай кызыкчылык, артындагы күчтөр бири-бири менен алышып жатат. Бул демократия эмес. Ушинтип алыша берсе, парламенттик шайлоо өтпөйт.

Ушул эле күнү митингдин айрым өкүлдөрүн президент Роза Отунбаева жабык эшик артында кабыл алып, алардын маселелери караларын убада кылды.

“Кыргызстан элдик кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Т.Айдаров Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Мирослав Аманкулов кызматтан алынып, анын ордуна Т.Тургуналиевдин орун басары Абдыкалык Рустамов дайындалганын, бул боюнча президенттин уруксаты бардыгын кабарлады. Ал эми Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязов мындай маалымат аларда жоктугун “Азаттыкка” билдирди.

ЕККУ полициясына каршы Бишкектеги митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

XS
SM
MD
LG