Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

ШААР ЖЕТЕКЧИЛЕРИ: БИШКЕК ЧОЙМО ЭМЕС


Бишкек шаар мэри Нариман Түлеев кечээ “Жеке турак-жайларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндөгү” буйрукка кол койду. Ага ылайык мындан ары тиешелүү мамлекеттик мекемелер Бишкек шаарына караштуу аймактарда жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бере алышпайт. Ал арада, “бир катар шаар чиновниктери өздөрү ондогон гектар жерлерди ээлеп алгандыгы” тууралуу кептер бар экенин айтышкан жарандар, таптакыр эле жер бербей коюу туура эмес экенин, андыктан өзгөчө жаш үй бүлөлөрдүн турак-жай маселесине астейдил мамиле кылуу керектигин айтышууда.

Бишкек шаарында жүздөгөн адамдар кыйладан бери турак-жай куруу үчүн жер участокторун алууга кезекте турушат. Алардын айтымында, Бишкекте жер участокторун алуу үчүн кезекке туруудан көп адамдар түңүлүп деле бүтүштү. Анткени, жер участокторун берүү акыйкат жүрүп жатканына ишенгендер жокко эсе. Андыктан, жаңыдан баш кошкон жаштар бийлик тараптан азыноолак колдоолор болсо шаардан турак-жай күтүү жеңилирээк болот беле дешет. Бишкекте бир канча жылдан бери батирде жашап, жер участогун ала албай келаткан Урмат аттуу жигит мындай дейт:

- Ипотека аркылуу үй алалы десек биздин жумушта керектүү документтер берилбейт. Ипотека менен үй алыш үчүн кыймылсыз мүлк керек. Үй алыш үчүн жамандык-жакшылыкты унутуп, акча чогултсам он беш жылдын тегерегинде гана бир бөлмө үй алсам болот экен. Өкмөттөн ушул үй алуу жагына жеңилдиктер, шарттар түзүлсө жакшы болмок.

Бишкек шаарына көчүп келип, балдарына да жер участогун алып берүүнү көздөп жүргөн жарандар, көптөн бери жер алуу үчүн кезекте тургандардын саны абдан көп. Алардын бири болгон Төрөкан Алимовдун айтымында, Бишкекте жеке турак-жайлар туш келди салына берип шаардын көркү, экологиясы бузулуп кеткени менен жаңы өсүп келаткан муунга жер алып калуу мүмкүнчүлүгүн берүү керек:

- Бизге белгилүү болгондой Лебединовка айылынын аймагында, Асанбай кичи конушунда, Ала-Тоо айылында жана “Манас” учак майданы жакта турак жай курганга жерлер бар. Туура, айыл-чарба азыктары айдалган жерлерди беришпесин. Бирок эл там сала турган жерлерди бериш керек.

Ал арада шаар жетекчилери Бишкек шаары чоймо эместигин, учурда шаарда жеке турак-жайларды куруу үчүн жерлер да калбай калганын, шаарды туурасынан кеңейтүүнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу аркылуу жерлерди үнөмдөө мезгили келгенин айтышууда. Бишкек шаарынын вице-мэри Андрей Филатовдун айтымында, азыркы таптагы турак-жай курууга болгон мораторий бир-эки жылдык мөөнөткө гана киргизилди. Анткени, жерлерди берүүдөгү баш аламандыктарды жөнгө салып, мурдагы катачылыктарды оңдоп, шаарды өнүктүрүү планын жакшылап иштеп чыгууга убакыт керек:

- Тилекке каршы, бүгүнкү күнү мэрия Бишкектин бардык жаңы конуштарында көптөгөн проблемаларга туш болууда. Бир эле жер участогуна үй куруу үчүн уруксат кагаздарын көтөрүп жүргөн бир топ адамдар кездешип калып атат. Ошол себептүү биз атайын иш тобун түзүп, жерлерди берүүнүн мыйзамдуулугун текшерип, талаштуу учурларды тактап атабыз. Ошондуктан биз эң эле бери дегенде жылдын аягына чейин мораторий киргиздик. Биз дегеле шаарыбыз кандай өнүгөөрүн карап көрүшүбүз керек дагы жеке турак-жайларды курууга эмес көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасашыбыз керек.

Ошондой эле вице-мэр мораторий бүткөн соң жеке-турак жайлар үчүн участокторду берүүгө жерлер каралаарын, учурда андай жерлер өкмөт менен тактала баштаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG