Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Акыркы кездерде Бишкек шаарында жолбун иттердин көбөйгөнү айтылууда. Шаар тургундары көчө иттердин эми адамдарга, айрыкча аялдарга жана балдарга асыла баштаганын айтып, кооптонушууда.

Шаар тургуну Рангүл Рысбай кызы Бишкек шаарындагы базарлардын биринде соода кылат. Ал барган сайын жолбун иттер көбөйүп, ал эле эмес топ-топ иттердин базар ээндей калганда базар аралап жалгыз бой аялдарга, балдарга асылганын “Азатыкка” айтып берди. Анын айтымында, Союз убагында айыл жерлерине атайын барып иттерди атып кеткен тиешелүү кызматтар азыр борбор калаанын абалына кайдыгер карап жатышат.

- Жолбун иттер ал эмес базарда да эки-үчтөн болуп жүрүшөт. Өзүм “Дордой” базарында иштейм. Бир жолу жумушка карап кеч чыгып калдым эле иттер талап контейнерге кире качып, араң кутулдум. Балдар өзү жалгыз сыртка таштанды ыргытканга же ойногону чыга албайт. Үй-жайсыз иттер үйдүн алдына топтолуп келип алышат. Балам кеч сабактан келгенде иттер кетсин деп бир топ убакыт эшикте күтүп турган учурлары да болот.

Рангүл Рысбай кызынын айтымында, жолбун иттер азыр абдан агрессивдү, анча-мынча уруп-сокконду да тоготпойт. Анын айынан адамдарды тиштеген учурлар да жок эмес.

- Өзүбүз “Ата-Түрк” паркынын жанында жашайбыз. Паркта да топ-топ иттердин жүргөнүн көрөсүң. Азыр иттерден балдар эмес, чоңдор корко турган болуп калды. Жыкында эле кошунабыздын кызын көчөдө жүргөн ит тиштеп кетиптир. Үйдүн алдындагы иттерди айдайбыз деп атайын таяк коюп койгонбуз, бирок жолбун иттер аны деле тоготпойт. Азыркы иттер абдан агрессивдүү.

Жолбун ит, мышыктарды делимитациялоо үчүн Бишкек шаардык мэриясынан жылына 500 миң сом каралат.

Бишкек шаарынын башкы ветеринардык-санитардык врачы Шамен Сыдыковдун айтымында, акыркы жылдары иттердин саны көбөйүп кеткенине байланыштуу бул каражат да толук жете бербейт. Анын үстүнө жолбун иттерди атууга күндүзү уруксат жок болгон соң, кармоо да кыйынга турат. Ал эми ит тиштөө фактысы боюнча жылына 700дөй учур катталат.

- Атуу иштерин шаарда эч ким колго албай, жакшы аракеттер көрүлбөй келет. Ит атарлар да аз. Көчөдө атканга да уруксат берилбей бул маселе кармалып турат.

Шамен Сыдыковдун айтымында, Бишкек шаары боюнча жыйырма миңдей ит катталып, паспорт алган. Ал эми катталбаганы андан бир топ эле көп.

- Катталган иттердин бардыгы өз убагында эмдөөгө келип турашат. Бирок, катталбаган иттердин саны деле кескин өсүп кетти. Анктени иттер да бат көбөйөт. Бир короодо эки-үч ит кармагандар бар. Буга негизинен чара көрүлгөн жок.

Жолбун иттерди жоготуу, азайтуу иштерине чаралар көрүлбөй жатат дегенге Бишкек шаарындагы “Тазалык” мекемесинин өкүлү Рысбек Сарпашов макул эмес. Анын айтымында, октябрь айында 35 ит кармалып, отуз иттин өлүгү табылып, атайын жайга жеткирилген.

- Азыр жолбун иттер көбөйдү. Мүмкүнчүлүктүн жетишинче аларды азайтып, атып жатабыз. Бишкек шаары боюнча төрт райондо төрт гана ит атарлар иштейт. Азыр шаар чоңоюп, эл да, ит да көбөйдү. Ошондуктан азыр ит атарлар бардык жолбун иттерди жок кылууга жетишпей жатышат.

Ит атарлар дээрлик элге көрүнбөй, ачыкка чыкпай иштешет. Алар негизинен ит-мышыктарды өлтүрүп жатат деген жаныбарларды коргоочу уюмдардын, элдин дооматынан алыс жүрүүнү туура көрүшөт. Адистер шаардагы паспорту бар да, жок да иттердин арасында азырынча кутурма оорусу катталбаганын айтышууда. Бирок коомчулук муну азыртан алдын алуу зарылдыгын белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG