Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

С.Аламанов: Чек ара коопсуздугу жетиштүү деңгээлде эмес


Саламат Аламанов. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Саламат Аламанов. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Чек ара маселелери боюнча адис, кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Саламат Аламанов чек ара коопсуздугун бекемдөө үчүн чек арачылар атайын окуудан өтүп, көзөмөл бекеттери соңку техникалык жабдуулар менен камсыздалышы керек деп эсептейт.

- Президенттин жарлыгы менен чек ара кызматы Улуттук коопсуздук кызматынын карамагына өттү. Мурда дагы ушундай аракеттер болуп кайра бөлүндү эле бул кандай жыйынтык, кандай натыйжа берет деп ойлойсуз?

- Дүйнөлүк практикада чек ара кызматын ар түрдүү жогоркурак кызматтарга кошуп койгон фактылар көп кездешет. Мисалы үчүн Венгрияда чек ара кызматы Юстиция министрлигине карайт. Ал эми азыркы биздин Кыргызстанда жүргүзүлгөн иш Советтер Союзундагы тажрыйбанын негизинде жүргүзүлүп атат. Биздин кошуналарды карап көрсөңөр Казакстандын чек ара кызматы Улуттук коопсуздук комитетинин алдында, Өзбекстандыкы болсо Улуттук коопсуздук кызматынын алдында, Орусияныкы Федералдык коопсуздук кызматынын алдында. Бул өзү баягы эле СССРдин чек ара кызматы УКК карамагында болгондой эле форма болуп эсептелет.

- Мына ушундай өзгөртүү сиздин пикриңизде чек ара кызматынын ишинин деңгээлин жогорулата алабы?

- Кеп формада эмес. Кеп өзгөчө биздин Кыргызстандын шартында ошол кызматтын кадрлар менен камсыз болушунда турат. Чек ара кызматы боюнча атайын окууларды окуган офицелер көбүрөөк болсо. Анан чек арачыларды кызмат кылган катардагы жоокерлерди аябай катуу окутуш керек. Чек ара кызматы деген эмне, анын милдеттери, максаттары, чек араны күзөткөндө кандай өзгөчөлүктөр бар, мына ошолорду мыкты билсе ийгиликтер ошого байланыштуу. Анан чек ара кызматын техникалык жактан абдан жакшы камсыз кылыш керек. Жалаң эле автомат же жөнөкөй курал менен азыркы убакта чек араны кайтарбайт. Сөзсүз дүйнөдө пайдаланылып жаткан техника, технологияларды колдонуп ошолор менен иштеш керек.

- Демек сиздин айтканыңызга таянсак, Кыргызстанда чек ара маселелерин териштирүүчү мыкты адистер жетишпейби?

- Жетишпейт, аны чек арачылардын өзүлөрү деле билет. Жогорку билимдүү чек арачылардан көбүрөөк дайындаш керек, орто билимдүү чек арачылардан дагы көп болуш керек. Мисалы Европа Биримдигинде катардагы чек арачы деген түшүнүк жок. Ал жерде чек арачынын бардыгы тең офицердик наам менен иштешет экен. 2006-жылы Венгрияга барып Европа Биримдигинин чек арачылары боюнча таанышуу иштерин жүргүзүп келгенбиз. Ошондо ушундай нерсени көрүү биз үчүн абдан кызыктуу болгон. Мына ошол тажрыйбаны алсак биздин чек ара кызматы жогорку деңгээлде иштейт деп ойлойбуз.

- Талаштуу маселелердин бири - чек ара болуп келет. Бул кызмат Улуттук коопсуздук кызматынын курамына кирүүсү менен ушул маселелер кандай чечилет деп ойлойсуз?

- Чек ара кызматынын милдети талаштуу чек ара маселелерин чечүү эмес. Катталган чек араларды кайтаруу, күзөтүү, ошол чек ара тилкесиндеги режимди сактоо болуп эсептелет. Талаш, чечилбеген маселелерди атайын өкмөттүк делегация гана чечиш керек. Анын курамында көп адистер катышат, ошонун ичинде чек арачылардын дагы өкүлдөрү болот. Бирок алар ал жерде чечүүчү ролго ээ эмес. Өздөрүнө тиешелүү маселелер боюнча делегацияда кеңеш бере турган адамдар болот.

- Бардык сырткы күчтөр чек ара аркылуу келери жана террористтер чек ара аркылуу өтүп кетиши мүмкүн деп деген кептер айтылып жатат. Кыргызстанда чек ара коопсуздугуна кандай баа бересиз?

- Менин оюмча, бүгүнкү күндө чек ара коопсуздугу жетиштүү деңгээлге жете элек. Биринчиден, адис чек арачыларды көп топтош керек. Экинчиден, биздин түштүк чегибизде чек ара, күзөт бекеттеринин жыштыгын сөзсүз түрдө көбөйтүш керек. Эң негизгиси - техника менен жабдыш керек. Мына ошондо тийиштүү деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот.

- Негизи эле чек арадагы айрым аягына чыга элек делимитация, демаркация иштери боюнча түштүк окуясы кандай таасир этет деп ойлойсуз?

- Чек ара маселеси андай окуялардан жогору турган маселе. Түштүктөгү болуп кеткен окуялар чек аранын делимитация маселесине негизинен эч кандай таасир тийгизбеши керек. Себеби ал жумуш өзү юридикалык негиздеги документтерге таянып жүргүзүлө турган иштер. Эки тараптын ортосундагы терең сүйлөшүүлөрдү талап кылат. Ошондуктан бул жерге өкмөттүн өзгөрүүсүбү же чек ара кызматынын статусунун өзгөрүшүбү, түрлүү ички маселелердин чыгып кетиши чек ара маселесин чечүүгө эч кандай таасир тийгизбеши керек.

- Сиз негизи жаңы өкмөткө ушул чек ара маселесинде биринчи кайсыл маселелерден башташын сунуштайт элеңиз?

- Чек ара маселеси боюнча муну жаңыдан баштоого эч кандай негиз жок. Себеби биздин кошуналар менен бул сүйлөшүүлөр ондогон жылдардан бери жүрүп келе атат, ошону гана улантыш керек. Мурдагы калыптанган позицияларды кармап, ар кайсы чечилбей турган жерлердеги өзүбүздүн позицияны улам таптап, ошону далилдегенге аракет кылып, алардын дагы ойлорун угуп акырында кандайдыр бир эки тарапты тең ынандыргандай, эки тараптын кызыкчылыгын бирдей караган чечимге келсе анан ошондо маселе чечилет.

- Талаштуу жерлер боюнча бизде далилдүү мисалдар жетиштүүбү?

- Кошуналар менен 2000-жыдын тартып эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Биздин позициялардын бардыгынын өзүнүн далилдери, ошону тактай турган документтер бар. Тилекке каршы, карама-каршы тараптын дагы ошондой эле документтери бар экен. Азыркы сүйлөшүүлөрдүн негизи ошол документтердин оюну да. Эч кандай бир жаңылыкты киргизүүгө болбойт, бирок позицияларды дагы такташып, далилдешип сүйлөшүүлөрдүн жолу менен гана чечиш керек.

- Кошуна өлкөлөр менен талаштуу жерлер катары сиз кайсыларды атайт элеңиз?

- Өзбекстан менен алтымыштан ашык жер бар, эми анын бардыгын санап отурганга мүмкүнчүлүк жок, Тажикстан менен болсо Фергана өрөөнү жакка түшө дагы элек болчубуз. Негизинен Фергана өрөөнү жакта бири-бирине макул боло албай турган түшүнүк бар. Биздин өзүбүздүн бир тараптуу тактоолорубузга караганда, ошол жакта 70ке жакын ошондой жерлер бар. Мына ошолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек.

-Рахмат.
XS
SM
MD
LG