Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Кытайдан мыйзамсыз кирген 50 тонна чочко


Алай районуна караштуу Эркеч-Там көзөмөл бекетинен аткезчилик жол менен ташылган 50 тонна чочко эти кармалды.

Мамлекеттик ветеринардык чек ара жана транспорт көзөмөлдөө башкармалыгынын Ош облустук жетекчиси Өмүрбек Култаевдин айтымында, он биринчи ноябрга оогон түнү Алай районуна караштуу Эркеч-Там көзөмөл бекетинде Кытай мамлекетине таандык эки машина токтотулган.

Аталган мекеменин нөөмөтчү кызматкерлери автоунааны мыйзам чегинде текшеришкенде ичинен 50 тонна чочко эти табылган, бирок жүккө тиешелүү уруксат жана транзиттик документтер болгон эмес. Тинтүү убагында чет өлкөлүк айдоочулар кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнө баш ийбестен качып кетишкен. Аткезчилик товар деп шектелген продукция бажы комитетинин Кара-Суу районундагы терминалына жеткирилип, сакталууда.

- Бул, чындыгында, аткезчилик жүк болуп саналат. Анткени, биздин департаменттин уруксаты жок. Ошондуктан, шектүү азык катары кармап атабыз. Кагазда айдоочулардын гана ысымдары жазылыптыр. Дагы кылдат текшеребиз, эгерде документтери толук жайында болбосо, биологиялык жана химиялык лабораторияга жөнөтөбүз. Ошонун жыйынтыгынын негизинде эттин бардыгы жок кылынат, - деп билдирди «Азаттыкка» Өмүрбек Култаев.

Айтмакчы, Кыргыз Өкмөтү Кытайдын эт азыктарын өлкөгө кийирүүгө былтыр эле тыюу салган. Ошого карабастан Ош жергесининин бардык базарларында коңшу мамлекетте өндүрүлгөн продукциялар дагы деле сатылууда. Көзөмөлдөөчү органдар мындай товарлар аткезчилик жолдор аркылууу ташылышы ыктымалдыгын айтып келатышат. Ал эми ветеринардык адистер уулуу заттар кошулган Кытай азык-түлүктөрү калктын саламатчылыгына олуттуу кесепетин тийгизет деп коңгуроо кагышканы менен, азырынча андан майнап чыга элек.

Айыл чарба министринин буйругуна ылайык Ош облусунун жана шаарынын аймагына кирип-чыккан чийки заттар мамлекеттик чек ара жана транспортту көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан текшерилип туруулууга тийиш. Тилекке каршы, мындай эреже такай аткарылбайт.

Аталган мекеменин башчысы Өмүрбек Култаевдин «Азаттыкка» кабарлашынча, Кытайдан жумуртка ташылбай калды, бирок эт азыктарын алып келүү тыйыла элек.

- Албетте, ортого түшкөндөр көп болуп, ташыгандар кээде кутулуп кетип жатышат, - деп тызылдады Өмүрбек Култаев.

Ошол эле учурда, айрым маалымат булактары жазгандай, "табылган эттерге Кытай тарабынан чочко тумоосу жуктурулуп жөнөтүлүшү ыктымалбы?» деген сурообузга, Өмүрбек Култаев төмөнкүчө жооп катты:

- Андай деп айта албайм, бирок «Өзүңө сак бол, коңшуңду ууру тутпа!» дейт эмеспи кыргыздар. Ошондуктан, биз дагы өзүбүзгө сак болгонубуз оң. Менин жеке пикиримче, азыр чет өлкөлөрдөн ар кандай нерселерди күтүүгө болот.

Сөз арасында Ош облусунун башкы ветеринардык дарыгери Өмүрбек Култаев чуу жараткан 50 тонна чочко этине байланышкан иш аймактык каржы полициясына тапшырылгандыгын кошумчалады.

Ошондуктан Ош облустук каржы полициясынын жетекчиси Жеңишбек Муратбеков менен телефон аркылуу байланышканыбызда, Кытайдан чыккан чочко этинин чыныгы ээси Тажикстан экендиги аныкталгандыгын, учурда териштирүү жүрүп жаткандыгын билдирди.

Ал эми аймактык бажы комитети Эркеч-Там бекетиндеги окуяны комментарийлөөдөн баш тартты. Антсе да, жергиликтүү талдоочулар кытайлык азык-түлүктөрдү туруктуу көзөмөлдөбөй, коррупцияга аралашкандыгы үчүн Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрүн айыпташууда.

Мындай пикир күткөндөрдүн бири коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев оюн төмөнкүчө бөлүштү:

- 50 тонна чочко эти эч кандай документсиз жана коштоосуз Кыргызстанга тоскоолдуксуз кирип келиши – бул атайын кызматтардын, анын ичинде айрыкча бажы жана чек ара кызматтарынын коррупцияга батып кеткендигин айгинелеп турат. Мындай көрүнүштөрдү коомчулук өзү гана көзөмөлдөбөсө, азыркы бийликке ишенип болбой калды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин баамында, чек аралардагы ар бир кыймылды көзөмөлдөөчү коомдук комиссиялар уюшулмайынча, аткезчилик көрүнүштөрдөн арылуу дегеле мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG