Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Исхак Масалиев: Президент менен күрөшө турган реалдуу күч жок


“Азаттыктын” обосунда коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев менен биз өткөн жуманын соңунда болгон коммунисттердин курултайы жана алдыдагы президенттик шайлоо жөнүндө маектешебиз.

- Сиздер өткөн жуманын соңунда курултай өткөрдүңүздөр, анда өзүңүздөрдөн президенттикке талапкер көрсөткөн жоксуңар. Коммунисттик партия эмне себептен өзүнүн талапкери менен шайлоого чыга албады?

- Биринчиден мен тактап кетейин, Кыргызстан коммунисттеринин партиясы деп атасак. Себеби Кыргызстанда коммунисттердин эки партиясы бар. Экинчиден, 2-майда курултайыбызды өткөрүп ар түрдүү пикир алмашып, ар кандай ой-пикир болуп, ушул шайлоого талапкер көрсөтпөй турган болдук, ушундай чечимге келдик.

Себеби кыска мөөнөткө байланыштуу, шартка жараша биз өзүбүздүн талапкерибизди жеңишке алып баралбаcыбызды түшүнүп турабыз. Ошондой шартта өзүбүздүн талапкерибизди эмес, башка бир талапкерди колдойбуз деген чечим кабыл алдык. Айтып кетсек, “Ак жол” партиясы көрсөткөн Курманбек Бакиев деген талапкерди биздин партиябыз колдомокчу болду.

- Сиздер колдогон талапкер азыркы президент Бакиев болду. Сиздер кандайдыр бир эскиче айтканда наказ, же талаптарды, сунуштарды койдуңуздарбы?

- Албетте, биз өзүбүздүн борбордук комитеттин бирөөсүнө тапшырма бердик, тез арада жазуу түрүндө өзүбүздүн коммунисттердин сунуш-талаптарын кагаз жүзүнө түшүрүп, Курманбек Бакиевге тапшырганга милдеттүү кылып койдук. Жакын арада биз ошол талаптарды айтып кетебиз.

Мисал катары айтып кетсем, ошол эле энергетика тармактарын менчиктештирүүгө каршылыгыбызды көрөтөбүз. Ошол эле мезгилде стратегиялык тармктарга мамлекеттик көзөмөл сөзсүз болуш керек деген талапты коебуз. Элибизди, жумушчулардын жашоо шартын жакшыртуу, өзгөртүү. Ушундай бир топ талаптарды жазып, Бакиевдин колуна тапшырабыз.

- Кээ бир саясатчылар президенттик шайлоодон кийин парламенттик шайлоо болуш керек деген идеяны көтөрүп жатышат. Ушундай болот деген дагы чындыгында коомчулукта күтүүлөр жок эмес. Ошондой болуш керекпи өзү?

- Таптакыр болбойт деп айта албайм. Себеби бүгүнкү Конституцияга ылайык бир гана жол бар. Эгерде көпчүлүктү түзгөн фракция “Ак жол” партиясынын депутаттары өз ыктыяры менен тарайбыз десе анда эч кандай тоскоолдук болбойт. Ошондуктан жаңы парлменттик шайлоо болбойт деп мен айта алайм. Бирок ошол эле мезгилде сөзсүз болот деген менде толук маалымат жок.

- Биздин Кыргызстандын саясий акыбалы үчүн болгону дурусбу, же ушул бойдон жаңы парламент аягына чейин иштегени жакышыбы?

- Бул жерде менимче ушул парламент өзүнүн мөөнөтүн иштеп кетсе деле жаман болбойт эле. Эгерде кезексиз шайлоо болуп калса бул парламенттин курамы өзгөрүп кетет, кайсы партия кирет, кандай болот. Менин бир коркунучум бар, жаңы шайлоо кандайдыр бир бурмалоого, же нааразылыкка жол бериши мүмкүн. Ошондуктан шайлоо уюштура турган жигиттер ушуну эске алса жакшы болот эле.

- Исхак мырза бурмалоолор деп айттыңыз, бийлик менен оппозиция кандай тил табышат. Шайлоодон кийин кырдаал күчөп кетпейби?

- Аз-маз сөзсүз күчөйт. Оппозицияда радикалдуу формадагы ой-пикирлер деле бар. Бирок жалпы кризиске жетпейт окшойт. Менин оюмча чыр, талаш болот. Бирок бүгүн реалдуу айтыш керек, иштеп аткан президентке каршы күрөшө турган күчтөр чыкпайт.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG