Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Т.Үмөталиева: Бул Конституция тарыхый өзгөрүүлөргө жол ачпайт


Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” берген маегинде Убактылуу өкмөт референдумга чыгарып жаткан Баш мыйзамга Конституциялык кеңешменин эч тиешеси жок деп билдирди.

- Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары сиз Баш мыйзамдын акыркы вариантына макулсузбу?

Токтайым Үмөталиева: Албетте мен Өмүрбек Текеабевдин айтканын колдоп кетпейм. Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү да Конституциялык кеңешмеде болгон ишти колдобойт. Анткени биз кеңешменин акыркы вариантында Убактылуу өкмөттү жана Убактылуу өкмөттүн президенти деген теманы киргизген эмеспиз. Добушка да койгон эмеспиз. Ошондуктан декретте жазылып жаткан биринчи пункту – бул Текебаевдин өзүнүн жазган калпы. Бул элди да, Роза Отунбаеваны да абдан ыңгайсыз шартка келтирип койду. Конституциялык нормада Убактылуу өкмөт деген түшүнүк болбойт, Конституция деген – бул туруктуу нерсе.

- Жаңы Конституция деп аталып жатат. Сиз кеңешменин мүчөсү катары буга кандай карайсыз?

Токтайым Үмөталиева: Тилекке каршы бул жаңы Конституция эмес, бул ошол эле илгерки Конституцияга кошумчалар киргизилди. Муну биз өзгөртүлгөн редакциясы деп атасак болот. Анан кайра 5-майды Конституция күнү деп эсептейбиз дегени өтө эле уятсыздык нерсе болуп жатат. Анткени Конституциянын авторлору бар. Азыр буга 30 пайыз өзгөртүүлөр киргизилди.

Ачык айтканда жоопкерчилик Конституциялык кеңешменин өкүлдөрүнүн мойнуна түшүп калып жатат. Конституциялык кеңешме даярдаган кошумча, өзгөртүүлөр башка, Убактылуу өкмөт деги башка өзгөртүүлөр менен алып чыгып атат. Кээ бир биз өткөрбөй койгон пункттар да киргизилип, ошол бойдон алып чыгып атат.

- Демек Конституциялык кеңешме формалдык гана көрүнүш болуп калдыбы?

Токтайым Үмөталиева: Формалдык көрүнүштөн мурда да бул коомчулуктун атын жамынып, ал эмес катчылыктын атын жамынып, бир эле киши өз каалаганын жасап, биз тарыхты Конституциядан баштадык деп элди алдаганы турат. Тарыхый өзгөртүүлөрдү бул Конституция баштай албайт. Себеби бул бир топ карама-каршылык менен бул Баш мыйзам иштей албайт. Ошондуктан референдум да өтпөй калышы мүмкүн. Бул референдумда Конституция өтпөй калса Роза Отунбаеванын да талапкерлиги да өтпөй калат. Бул атайын жасалган кир саясий технологиялары.

- Сиз биз кошпогон пункттар кошулуп калыптыр деп жатпайсызбы. Ошол себептүү Конституциялык кеңешменин өкүлдөрү чогулуп бир деме кабыл аласыздарбы, же ушул бойдон кала береби?

Токтайым Үмөталиева: Биз Конституциялык кеңешменин өкүлдөрү, жеке мен жана айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү референдумга чыгарып жаткан Конституцияга кеңешменин өкүлдөрүнүн эч кандай тиешеси жок деген ой-пикирибизди айтып жатабыз. Анткени ал биз сунуштаган варианттар эмес, биз карап макулдашылган варианттар эмес.

- Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев альтернативдик долбоор болбой турганын айтты.

Токтайым Үмөталиева: Болбойт дегендей бул Текебаев чече турган иш эмес, бул жалпы эл чече турган иш. Текебаев эгерде кыргыздын Ататүркү болом дегиси келсе башкача иштесин. Элдин башын бириктирсин, ажыратпай, бөлүп-жарбай.

- Дагы бир талаш маселе: Баш мыйзамда парламенттик өлкө деп аталганы менен андай атоого негиз жок экени да айтылууда. Сиздин пикириңиз кандай?

Токтайым Үмөталиева: Ошо жөнүндө канча айттым. Биринчи Конституциялык кеңешме башталганда эле Өмүрбек Текебаевден регламент боюнча канадй маселени карайбыз, кандай талкуулайбыз, кандай добушка коебуз деп канча сурандым. Биз добушка койгон бир да маселе колго алынган жок. Болгону добушка “светский” деген маселени койдурдук. Анын да котормосу кандай болуп калганын көрдүк. Биз референдумга кандай мамлекеттик башкаруу формасы керек деген суроону коелу деген сунуш киргизгенбиз. Эми ага жол берилген жок.

- Президент алты жылга шайланат дегенди сиздер колдодуңуздар беле?

Токтайым Үмөталиева: Ага да ар кандай сунуштар болгон. Мен, мисалы, “жетинин бирөө кыдыр” дейт, эл оңолуп кетсин деп жети жылды сунуштагам. Бул да добушка коюлган жок.

- Сиз өзүңүз кандай башкаруу формасын туура көрөсүз?

Токтайым Үмөталиева: Мен президенттик өлкөнү колдобойм. Себиби президентке да, парламентке да чоң укукту берүүгө болбойт. Тең салмактуу өлкө болушу керек. Мен аралаш башкаруу формасын колдойм. Бири-бирине салмакташкан болбой, бир эле структура бийликти алып кетсе дагы деле баягыдай төңкөрүш, согуштар боло берет.

XS
SM
MD
LG