Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Кыргыз өкмөтү сот процесстеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

А. Бекназаров: Биз атайын күч структураларынын, сот органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен атайын жыйында чечим кабыл алганбыз. Ал чечимге президент Роза Отунбаева кол койгон. Ушундай актуалдуу, өтө маанилүү Ош коогалаңына, бул жерде 7-апрелге байланыштуу иштерди өзгөчө көңүл буруу менен карайлы, сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун сактайлы деген эки пункттан турган чечим кабыл алганбыз. Бул бүт сотторго таркатылып берилген. Өзгөчө маани деп күч органдарына алдын ала маалымдап, “коопсуздукту камсыз кылууга көзүңөр жеткенде гана сот процессин баштагыла”, деген тапшырма берилген. Ал эми күч структураларынын башчыларына, УКМКга, ИИМге “силер коопсуздук боюнча соттун ар бир талабын кыйшаюсуз аткарасыңар”, деген түз көрсөтмө берилген. Мындан сырткары алдын ала эгер ошол аймакта, райондо сот процессин өткөрө албасаңар, башка региондо өткөрүүнү карап чечкиле, алдын ала ошону бүт анализдегиле деп тапшырылган. Бул жыйын менин демилгем менен өткөн. Буга бир айдан ашып кетти.

Санпадагы окуялар боюнча сот процесси ошондуктан Ноокенде өтүп жатат. Менин кабарым боюнча ал жакта адвокаттар менен жабырлануучулардын өкүлдөрүнүн ортосунда кичине конфликт болуп кайра жөнгө салынды. Кара-Суудагы жана Ноокендеги окуялар боюнча соттор менен түз байланышта турган бөлүм башчы Дүйшеев экөөбүз дагы сүйлөштүк. “Адвокаттарды чакырып алып түшүндүргүлө, жабырлануучулар менен жөнү жок байланышка барганды койсун, силер аркылуу жашырынып эшикке чыгып, өзүнүн ишин кылып, кайра чыгып кетсин, алар жабырлануучуларды түшүнсүн, адам, пенде, ар кандай сөздөр айтылып калат, а силер юристсиңер, мыйзамды билесиңер, аларды түшүнүнгүлө, мындай конфликтке барбай, байланышка барбай, айланып өткөнгө аракет кылгыла”, деп "адвокаттар менен сүйлөшкүлө" деп баардык соттун жетекчилерине кайрадан көрсөтмө берип атабыз.

Кара-Суу окуясы деле ошондой болуп атпайбыз. Адвокаттарга “эмне үчүн буларды коргойсуңар”, деп чуу чыгарышты.

“Азаттык”: Ал жерде жабырлануучулар айыпталып жаткандарды сабап салышыптыр, тартип коргоо органдары карап турушуптур, деген дооматтар айтылып жатат.

А. Бекназаров: Жок, андай дооматтар жок. Судья менен мен сүйлөшкөн жокмун, бирок бөлүм башчы сүйлөшүптүр ошондой жаңжал чыгып кетиптир. Ошон үчүн биз алдын ала айтканбыз да, коопсуздукту камсыз кылууга көзүңөр жетпейби, камсыз кыла албайсыңарбы, башка жакка өткөрүш керек, деп мурда алдын ала айтканбыз. Мыйзам буга жол берет. Мына ушул окуялардан кийин дагы катуу көрсөтмө берилди.

"Азаттык": Апрель окуялары боюнча кылмыш иши тергелип сотко өткөн экен. Бул сот процесстери башталса дагы тополоң чыгып кетиши мүмкүнбү? Кандай кошумча чараларды көргөнү жатасыздар?

А. Бекназаров: Апрель окуясы боюнча өзгөчө көңүл буралы деп жатабыз. Кыргызстандын тарыхында ушунчалык адам өлүү, ушунча жабырлануучу болгон эмес. Мынакей, 78 адам ок жеп өлдү деп сотко өткөрүлүп атат. Андан башка токмок жеп өлтүрүлгөндөрдү кошкондо баардыгы 87 адам болуп жатат. Ал эми 312 адам октон оор жаракат алган. Соттун катышуучулары эле бирден адвокат бирден өкүлү менен келгенде эле сегиз жүз адам катыша турган болуп жатат. Прокурорлорду, анан соттолуучуларды жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кошкондо миңге чукулдап калат.

Биз тополоң, күмөн саноолор болбосун деп сот процессин ачык өткөргөн жатабыз. Дүйнөлүк коомчулук көрүп, кыргыз сот адилеттүүлүгү бар экен, мыйзам чегинде өткөрө алат экен нерсе менен президенттин деңгээлинде өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Президент Роза Исаковна муну мага тапшырды. Биз азыр ушул боюнча иштеп жатабыз. Каерде өтөрүн, ошончолук көп киши бат турган залды дагы болжол менен таптык. Ошол жерде сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун коргой турган, соттолуучуларды алып келип отургуза турган тосмолорго заказ берилди.

Бул боюнча иш жүрүп жатат. Болгону айрым жабырлануучулар келип иш, материал менен таанышпай иш кичине созугуп жатат. Бирок 5-октябрга чейин иш сотко өтөт. 5-октябрдан 10-октябрга чейин кайсыл жерде, сот качан башталары аныкталып калат. Бирок буга даярдыкты абдан көрүп атабыз. Милиция кызматкерлери менен “коопсуздугун кайсы жайда, кайсы залда өткөрсөк камсыз кыла аласыңар”, деп алдын ала ушулардан бери сүйлөштүк. Соттолуучуларды кантип алып келебиз, кантип адвокат, прокурорлордун коопсуздугун камсыздайбыз, баарын карап атабыз.

Прокуратурадан кечээ ушул ишти эки бөлүп карайлы, биринчи аскер адамдарын, экинчи жарандарды карайлы дешкен экен. Буга президент өзү киришип минтип бөлүп караганды токтоттук. Биз “андай болбойт, бир кылмыш кылган адамдар бир соттолот, бөлгөндү койгула”, дедик. Анткени коомчулук түшүнбөйт. Эгер бөлүп карай турган болсок мурунку эки башкы прокурор, Малеваная, Жороев ушуга окшогондорду “чоңдордун баарын алып калыптыр, байкуш солдаттарды алып келиптир”, деп эл эртең эле тополоң кылат. Ошондуктан эч кандай бөлүүгө мүмкүн эмес. Муну аскердик сот карайт. Анткени кылмыш аскерий адамдардын катышуусунда болгон.

Биз түштүктө болуп жаткан, Ноокенде, Кара-Сууда болгон окуялардан кичине сабак алып жатабыз. Бул 7-апрелдеги окуя өзгөчө Кыргызстандын сот адилеттүүлүгүнүн тарыхында кала турган процесс. Буга мамлекеттик деңгээлде президент өзү көңүл буруп катуу көзөмөлгө алып жатат. Бирөөңдө да күмөн саноо болбош керек. Күнөөсү барбы соттолот, күнөөсү жокпу акталат.

“Азаттык”: Соттор, алардын адилетүүлүгү тууралуу сындар токтобой келет. Мисалы Базар-Коргондо укук коргоочу Азимжан Аскаровго чыгарган чечим катаал болуп калды, судьялар кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатышы мүмкүн дегендей айтылууда. Сиз айтсаңыз, революциядан кийин сот адилеттүүлүгүн камсыз кылууга кандай аракеттер жасалып жатат?

А. Бекназаров: Сот системасын реформалоого, кийлигишкенге убактылуу өкмөт, биздин укугубуз жок. Биз алты ай бою бийлиги жок калбадыкпы. Президент качып кетип убактылуу өкмөт кайсы бир деңгээлде ар бир орган болобу, министрлик бололбу, “сен ушул, а сен бул чөйрөнү тейлейсиң”, деп кураторлукка алдык да. Эми менин пешенем экен, мага ушундай жаңжалдуу сот-прокуратура дегендер тийип калды. Анткени элдердин көп нааразычылыгы ушул сот системасынан улам чыкты да. Мындай нааразычылыктар ушул убакка чейин, азыр деле болуп атат. Чын-чынында жыйырма жылдан бери сот системасы, соттордун көпчүлүгү одоно мыйзам бузуп келишкен.

Айрыкча чоң, маанилүү иштерде, же болбосо башка олуттуу, менчикке тиешелүү нерселерди, саясий иштерди соттор аткарып калганы жашыруун эмес. Жыйырма жылдан бери биз соттордун көз карандысыздыгы деп реформа жүргүзө бериптирбиз. Бирок булар эки эле нерседен көз каранды система болуп калыптанып калыптыр. Биринчиси, Ак үйгө. Ак үйдүн бөлүм башчысы чалса да аны аткара турган болуп калышыптыр, же “үй-бүлөнүн” офисине баш ийе турган болуп калыптыр.

Экинчиси акчага. Анан анча-мынча таасирдүү таанышынын телефон чалуусу болсо аны аткарышат. Ал эми мыйзамга, Конституцияга, өзүнүн абийирине баш иет деген мыйзамда көрсөтүлгөн нерселер сот системасында калбай калган. Ошондуктан бир топ судьялар мыйзамды одоно бузгандыгы үчүн, жанагындай жазаны көп же аз берип койгондугу үчүн эмес, мыйзамды таптакыр бузуп, бирөөнүн менчигин бирөөгө берип коюп, мамлекеттин менчигин чет өлкөлүктөргө берип койгон сыяктуу фактылардын негизинде кызматтан четтетилди. Мен муну коомчулук туура эле кабыл алды деп ойлойм. Бирок бул реформа эмес. Реформаны куда кааласа 10-октябрдан кийин шайлоо өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш өзү колго алат.

Биз парламенттик башкарууга өттүк. Ошондуктан жаңы Конституциянын өткөөл жобосунда ушинтип жазылган. Ошондуктан азыр шайланып жаткан Жогорку Кеңеш жыйырма жылдан бери жасалган нерселердин баары иликтеп, сабак алып реформа кылыш керек. Реформада соттордун көз карандысыздыгына эмес, соттордун жоопкерчилик жагына көбүрөк көңүл бурушубуз керек. Мен мына алты айга жакын убакта ушуну байкадым. Соттордо таптакыр жоопкерчилик жок экен. “Мен өзүм билем, эч ким кийлигишпейт”, деген нерсе буларда калыптанып калган. Ошон үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн ар бир талапты аткарбай койсо, мунун жоопкерчилиги каралат деген тизмекти биз көбөйтүшүбүз керек.

Мисалы өз убагында карабай койсо, сот процессинин катышуучуларына одоно мамиле жасаса. Кээ бирлер сабаганга чейин барат экен да. Мына Кара-Көлдүн судьясы сот процессинин катышуучусун жаакка чаап жибериптир. Ушуга окшогон нерселер көп экен. Ушундан улам алардын жоопкерчилигин көбөйтүү керек. Мыйзам бузгандарды экинчи сот системасына кирбей турган кылыш керек. Мына ошондо алар соттордун ыйык статусун актаганга аракет кылышат. Эгер сот күчтүү болсо, мамлекетте тартип болот, мыйзам иштейт. Мисалы АКШда соттор таптакыр көз карандысыз. Керек болсо президентти чакырып алып сурайт. Бизде болсо президентти эмес, акимди да чакыра алышпайт да.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG