Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Сологой комузчу, обончу, ырчы Рысбек


Бир тууган ырчы-комузчу Рысбек жана Камчыбек Жунушовдор
Бир тууган ырчы-комузчу Рысбек жана Камчыбек Жунушовдор

“Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүздүн бүгүнкү мейманы кыргыз эле эмес, КМШ, Европа жана чыгыш өлкөлөрүнүн угармандарына черткен күүлөрү, ырдаган ырлары менен белгилүү болгон республикалык, эл аралык сынактардын, фестивалдардын лауреаты, “Өмүр” тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, комузчу, обончу, ырчы Рысбек Жунушов.

Кыргыздардын арасында кылымдардан кылымдарды кыдыра муундан-муунга өтө, ооздон оозго көчө “ата өнөрү балага” деген акылман накыл кеп айтылып келет. Өмүр бою көк мелжиген аскалуу жайлоолорду жайлап, кыш тоолорун кыштап жайдыр-кыштыр көчүп-конуп, бакканы жылкы болсо да Өмүрбек колунан комузун, оозунан ырын түшүрбөй “аттиң ай балдарым өмүрүмдү өчүрбөй алып калышса экен” деп ак эткенден так эте тилейт. Өмүрбек комуз чертүү, ырдоо менен бирге колунан көөрү төгүлгөн устачылык менен да алектенет. Ал келиштире ээр чаап, ат жабдыктарын да жасайт. Мына ушундай төрт тарабы төп келген өнөрлүү үй-бүлөдө Камчыбек, Рысбек, Нурлан төрөлөт. Алар боорун жерден көтөрүшкөндөн тартып атасынын ырдаган ырларынын, черткен күүлөрүнүн казанында кайнап өсүшөт.

“Атаны көрүп бала, аганы көрүп ини өсөт” дегендей Рысбек да атасынын, агасы Камчыбектин жолун жолдойт. Ал атасынан, агасынан айырмаланып комузду сол колу менен черте баштайт. Аны угуучулар, көрүүчүлөр зор таңдануу, өткөрө кызыгуу менен кабыл алышат. Рысбек бозулан кезинен тартып агасы Камчыбек менен эл алдына улуу шайырлардын күүлөрүн бири сол, экинчиси оң колу менен кайымдашып (дуэттешип) черте башташат. Ошентип эки бир тууган бактысын музыка дүйнөсүнөн издешет. Экөө атайын орто музыкалык окуу жайын, Б. Бейшеналиева атындагы өнөр институтун да бүтүрүшөт.

Рысбек агасы Камчыбек иниси Нурландан турган “Өмүр” аттуу топту уюштурат. Алар алгачкылардан элдик күү “Саринжи Бөкөйдү” угармандар таңдана, тамшана уга тургандай чеберчиликте сахнага чертип чыгышат. Өзгөчө Рысбек сол, Камчыбек оң колдорун комузда түркүн түстө кайымдаштыра чертүүлөрү кыргыз эле эмес, чет өлкөлүк угармандарды да таң калтырат.

Рысбек мырзадан эң алгачкы чыгармачылыгыңды ырдоодонбу, же комуз чертүүдөн баштадың беле деп микрофон сунганымда ал мындайча жооп узатты:

- Атам чоң комузчу эле. Ал залкар күүлөрдү чертүүчү. Атам өмүр бою жылкы багып жүрүп о,дүйнөгө сапар алды. Атам күүлөр менен бирге комуз, ээр чаап, ат жабдыктарын да жасаган колунан көөрү төгүлгөн уста эле. Агам Камчыбек менен мектеп босогосун аттаганга чейин эле комуз чертип жүрдүк. Бул жерде атабыздын түрткүсү өтө зор. Кийин баарыбыз музыкалык окуу жайын окуп бүтүрдүк. Ошентип комуздун аркасынан келатабыз.

- Рысбек мырза, сөзүң оозуңда. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын Кремлде өткөн кортунда концертте маркум Атай Огомбаев төрт кылдуу комузду чертип, угуучу-көрүүчүлөрдү таң калтырыптыр. Акыркы кезде өзүң да төрт кылдуу комузду чаап черте баштапсың. Үч кылдуу комуз менен төрт кылдуу комуздун кандай айырмасы бар?

- Мен элден Атай төрт кылдуу комуз черткен деп угуп жүрөм. Бирок анан мектеби калган эмес. Комузга төрт кыл тагып черткенимдин себеби дүйнөлүк классикалык чыгармаларды үч кылдуу комузда чертип жүрүп, анан мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен, атайын комуз чаап, башкача айтканда 2003-жылы төрт кылдуу комуз чаптым. Ошондон бери төрт кылдуу комуздун үстүндө иштеп келатам. “Жаңы Камбаркан” деген күү чыгардым. Француз композитору Куль Мариянын “Токтоката” аттуу чыгармасын да төрт кылдуу комузга салып элге чертип чыгайын деп иштеп жатам. Үч кылдуу комуздун төрт кылдуу комуздан айырмасы үч кылдуу комуздун байлыгы буроолорунун, чертүү ыкмаларынын көптүгүндө. Ал эми төрт кылдуу комузда дагы жаңы буроолор, ыкмалар, штрихтер көбөйүүдө. Комуздун үнү, добушу да кеңейип атат. Кудай буюрса бара-бара жаңы буроолор жаңы ыкма, штрихтер пайда болуп добушу да кеңейип атат. Келечекте комуздун да жаңы иниси пайда болууда. Маселен гитарада алты, жети кылдуу басгитара бар. Аны болсо беш кылдуу кылып жасап черткен музыканттар бар. Ал турсун алты кылдуу гитарды жасагандар, алардын (беренелерин) алып салып черткендер да кездешет. Алар да гитараны өркүндөтүп өстүрүп атышат. Кудай буюрса гитара да комуздун жанында жүрө турган аспап болот деп эсептейм.

Төрт кылдуу комузда классикалык чыгармаларды чертүү ылайыгы келип атат. эми биздин жаштар келечекте төрт кылдуу комузда дүйнөлүк чыгармаларды чертип турушса жаман болбойт деп эсептейм.

- Рысбек мырза акыркы кездерде чет өлкөлөрдө гастролдо болуп жүрөсүң. Бей тааныш угуучулар комуз күүлөрүн кандай кабыл алышат?

- Кудай кут кылсын биздин ата бабаларыбыз бизге ушундай бай өнөрдү алып келишкенине сүйүнөм. Баягыда Литвага бардык. 20 мамлекеттен артисттер келишип, ар бир мамлекеттин шайырлары жарым сааттан өнөрлөрүн тартуулап жатышты. Жалгыз биз үч бир тууган өнөрүбүздү тартуулаганда сөзсүз угуучулар туруп алып кол чабышып сурашат. Ошондо биздин өнөрүбүздүн, күүлөрүбүздүн мына ушундай бийиктигине кубанабыз. Жакында эле Голландия, Белгия, Люксенбургга барып келдик. Ал жакта да концерт бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө угуучулар туруп алып сурашат. Мына ошондо биздин күүлөрүбүздүн, ырларыбыздын өтө маңыздуу, өткөрө угумдуу экенине кубанабыз. Дагы бир жолу ата-бабаларыбыздын бизге белек кылып таштап кеткен мурастарына өтө ыраазы болосуң. Менин оюмча, келечектеги муундарга өчүрбөй белек кылып беришибиз керек.

- Рысбек комузду сен сол колуң менен мүдүрүлбөй оң кол менен черткендей эле чертесиңби, же айырмачылыгы барбы?

- Мен төрөлгөндөн сологой болуп, комузду сол колум менен чертип үйрөнгөмүн. Менин сол колум оң колдой эле. бул жагынан эч кандай кыйналыш жок. Ошондуктан шар эле чертем. Эң негизгиси эмгектениш керек.

- Рысбек төрт кылдуу комузга күүлөрдү чыгаруу, дүйнөлүк улуу композиторлордун чыгармаларын чертүү менен бирге обон да чыгарат экенсиң. Келечекте кыргыздын салттуу музыкасынын, элдик аспаптарынын, күүлөрүнүн тагдыры кандай болот?

- Кыргыздын элдик музыкасы такыр өчүп калды деп айта албайм. Аракеттер болуп атат. Ордо калаадагы “Устат-шакирт” борборунун устаттары З.Иманалиевдин, Н.Уралиевдин шакирттери окуп жатат. Бирок бүгүнкү күндө кыргыздын күүлөрүн уккан угуучулар жок. Бул өтө чоң трагедия. Акча төлөмөк түгүл бекер концертине да келишпейт. Азыркы сакалдуу ата, агаларыбыздын күү уккандары жок. Алар, ай балам үнүңдү кошчу, - дешет. Өзүбүз салттуу музыкабызга баа бербейбиз. Эмне үчүн бейтааныш угуучулар туруп алып угушат. Ошол биз баа бербегендиктен ушундай болуп келе жатат. Келечекте үмүтүбүздү үзбөйлү заман оңолуп экономикабыз өссө элибиз да намысына келип, көкүрөктөрү көтөрүлүп улуттук аспаптарда чертилген күүлөрдү угушуп, кыргыз тилибизди сүрөөчүлөр келген күн да келет деген ойдомун.

- Рахмат Рысбек, ак дилден ачык айтып баарлашканыңа, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
XS
SM
MD
LG