Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Чыңгыз Айтматов 12-декабрда 80 жашка чыкмак. Тилекке каршы бул күнгө жетпей, быйыл 10-июнда дүйнөдөн өтүп кетти. Бирок жазуучу тирүү кезинде жарыяланган “Айтматов жылы” күчүндө, ар кыл иш чаралар өтүп жатат. Билим берүү академиясынын сектор башчысы, адабиятчы Сабыр Иптаров атактуу жазуучунун туулган күнүн сөз жаралган күн катары расмий майрамга айлантып белгилөө жөнүндө демилге көтөрүп жатат.

-Сиз бир топтон бери эле 12-декабрды сөз күнү деп жарыялап, аны кызыл күнгө белгилөөнү сунуштап келатасыз. Бул демилгени кандай негиздерге таянып көтөрүп жатасыз?

-Бизде маркумдардын кадыр-касиетине жараша атын калтыруу эрежеси болуп келатпайбы, анын бири таштан коебуз, же ар нерсеге атын беребиз. Мисалы Чыңгыз Айтматовдун атын көтөрө турган бир зат табылбай турганы баарыбызга түшүнүктүү. Ошон үчүн мен 12-декабрды сөз, жан жаралган күн деп белгилөөнү сунуш кылып, кызыл күн кылып жарыяласакпы деп сунуш кылдым эле. Себеби 12-декабрь - бул Айтматовдун төрөлгөн гана күнү эмес, бул Алыкул Осмоновдун дагы дүйнөдөн өткөн күнү. Менин жеке түшүнүгүмдө 12 деген сандын өзү дагы кыргыз үчүн абдан ыйык мааниси бар. Бул төптүктү, бүтүндүктү туюндурат, 12 мүчө, 12 айры бугу, 12 жаш деген мүчөл, ушул сыяктуу өзүнүн ыйык касиети бар. Ушул күңдү ыйык күн деп эсептесек. Биз сөздү урматтаган эл катары туура иш кылган болот элек.

-Түркияда маселен Айтматовго ызаат кылып Анкаранын бир гүлбагына атын берди. Ага чейин жазуучу тирүү кезинде Элазык шаарындагы гүлбакка да ысым берилди эле. Кыргызстанда болсо Айтматовдун ысымын районго, сейил багына, шаарга, ал эмес Бишкекке берүү деген демилгелер көтөрүлүп чыкты эле. Бул чечим, албетте, расмий бийлик тараптан алынат го. Бирок сизде кандай ой бар бул өңүттө.

-Менин жекече оюм боюнча арбактын өзүнүн даражасын баалай билиш керек адегенде. Мисалы бизде учурунда каталыктар кеткен. Мисалы ар бир элдин эле көкүрөгүнө ыйык сактаган заты бар. Биздин эл үчүн Манастын, Саякбайдын, Чыңгыздын аты бир катарда турган ысымдар. Азыр баарыбыз билебиз Манастын атын “Манас-1”, “Манас-2”, “Манас-3” деген орденге берип, “Манас-3тү” алган кишилер кичине муңайып калышат, мага жогорураак эле берсе болмок эле дегендей. Атүгүл “Бакай холдинг”, “Семетей сервис”, “Кошой ойл” деген ыйык аттар ушунчалык майдаланып кеткен. Ошол сыяктуу эле Манас деп дүйнөгө дүңгүрөйбүз, бирок Саякбай атабызга кылган мамиле азыр кандай? Мына ушундан көрүп туруп абдан ичиң ооруйт да. Албетте, адамдын баары эле асыл, бирок элди асманга көтөргөн эрлерди эл кайра кандай баалап атат деген суроо турат.

-Бул жагынан дагы Айтматовго карата астейдил мамиле жасаш керекпи?

- Өтө кылдат жана жети өлчөп бир кесиш керек. Анткени бул жолу биздин азыркы күндөгү кыргыз маданий-руханий акыл ойунун социалдык-философиялык дараметинин чегин көрсөтө турган окуя бул. Жөн эле атын ыйгарып, мына сени эстеп жүрөбүз деп койгон эмес. Дегеле бул адам тарыхында, эл тарыхында жеке адамдын орду кандай, элдин тагдыры менен жеке адамдын тагдыры кандай камыр-жумур байланышат дегендей, бул адамды бийик шыктандырган руханий чоң тарбиялык дагы мааниси болуш керек.

-Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG