Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

“Окко учкан Дастан Төрөгелдиев мекенчил болчу”


7-апрелде Ак үйдүн алдында окко учуп, набыт болгон жаштардын саны ондоп саналат. Алардын катарында 20 жаштагы Дастан Төрөгелдиев да бар. Дастан тууралуу анын жакындары эмне дешет?

Дастан Төрөгелдиев 1990-жылы 1-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда төрөлгөн. 1-класска Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы орто мектепке барып, 8-классты аяктагандан кийин ата-энеси менен Казакстандын Чу шаарчасына көчүп кеткен. 2008-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетине тапшырган. Көзү тирүү болгондо ал быйыл үчүнчү курсту аяктамак.

Дастанды эскерип, көзүнө жаш алып, Ак үй алдында турган бөлөсү Наргизага микрофон узатканыбызда, ал бизге буларды айтты:
Футболист болом, кээде ишкер болом деп да кыялданчу. Жылдыздуу болчу. Ар дайым күлүп жүрөөр эле.


- Ошол күнү сыналгы көрүп отурганбыз. Баш аламан болуп жатканын көрүп, тайкеме чалсак “Дастандан айрылып калдык” деп ыйлап аткан экен. Дастандын досу Тирек жанында болчу. Ал тайкеме чалып кабарлаган экен.

Учурда маркумдун сөөгү жерге берилип, ата-энеси, бир туугандары жана жакын санаалаш достору Талас жергесинде жүрүшөт. Бул күндөрү Таласта жүргөн жакын досу Тирек менен байланышканыбызда ал 7-апрель күнүн мындайча эскерет:

- Биз ошол күнү саат үчтөрдө жумуштан чыксак маршруттар жок экен. Жөө басып отуруп, аянтка да жетип калдык. Экөөбүз элди видеого тартып отуруп, Ак үй жакка бара кетүүнү чечтик. Мен видео тартып жатып Дастандын кантип суурулуп алдыга чыгып кеткенин байкабай калыпмын. Эки мүнөттүн ичинде аны издеп жөнөдүм. Ал менин кемселимди кийип жүргөн эле. Өзүмдүн кийимимди тааный коюп, жерде жаткан баланы карасам Дастан экен. Эмне кылаарымды билбей өзүмдү жоготуп койдум.

Ал эми Дастандын бөлөсү Наргизанын айтымында, Дастан окуусунан тышкары иштеп, тапкан акчасын окуусу үчүн төлөчү. Наргизанын айтымында, Дастан боорукерлиги жана шайыр мүнөзү менен досторунан бир топ айырмаланып турчу.

- Аябай шок бала эле. Бир үйгө турбай, туугандарыныкына көп барып, аларды күлдүрүп эле жүрчү. Футболго аябай кызыгып, бир да футбол таймашын калтырбай көрчү. Футболист болом, кээде ишкер болом деп да кыялданчу. Жылдыздуу болчу. Ар дайым күлүп жүрөөр эле.

Дастан бала кезинен бери эле ата-энесин Кыргызстанга көчүрүп келип, эч нерседен кем кылбай багууну тилеп жүрчү. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болгон Дастан Мекенин абдан жакшы көрчү:
Өзүмдүн кийимимди тааный коюп, жерде жаткан баланы карасам Дастан экен.


- Ата-энеси Казакстанда жашаса да “мен кыргызмын” деп Бишкекте жашачу. Патриот жигит болчу. Бардык ишти кылдат жасап, өз учурунда бүтүрчү. Өзү төрт бир тууган. Көп акча таап, ата-энесин Кыргызстанга алып келүүнү каалачу.

Эли-жери үчүн жанын аябаган Дастанга окшоп күтүлбөгөн жерден окко учкан жаштардын саны ондоп саналат. Бул учурда эне жүрөгүндө эмне болуп жатканын сөз менен айтуу кыйын. Ала-Тоо аянтына куран түшүрөм деп келген Бурул эне бизге буларды айтты:

- Менин да эки балам ушул жакта болгон. Алардын амандыгын тилеп отурам. Ушул жаш балдар жанын берген үчүн ушул жакта жүрөм. Канча деген эненин көз жашы төгүлдү.

7-апрелде Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында атылган октон 79 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган. Каза тапкандардын айрымдарынын сөөгү 10-апрелде Чоң-Таштагы "Ата-Бейитке” коюлса, айрымдарын жакындары кичи мекенине алып кетишти.

Бишкектеги нааразылык акциясы: 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

XS
SM
MD
LG