Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Ата Журт үчүн жан кыйгандар “Ата-Бейиттен” жай тапты


7-апрелдеги кандуу кагылышта окко учкандарды акыркы сапарга узатуу, 2010-жылдын 10-апрели.
7-апрелдеги кандуу кагылышта окко учкандарды акыркы сапарга узатуу, 2010-жылдын 10-апрели.

7-апрелдеги кандуу кагылышта курман болгондордун он алтысы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлду. Маркумдар менен коштошууга келген миңдеген адамдар элдик бийлик орномоюн окко учкандардын куну төлөнбөсүн, кийинки келген бийлик кандуу окуядан сабак алууга тийиштигин белгилешти.

Катар казылган көрүстөн, тизилип коюлган бейиттер аза күтүүгө келгендердин муун-жүүнүн бошотуп турду. Кыргыздын башына түшкөн алааматты кошкон армандуу ырлар, ый-жоктоолор менен коштолду.

Бул иш-чарага Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катышып, сөз сүйлөштү. Ак үйдөн ок атып, 70тен ашуун жарандын жанын алгандар жазаланат деди убактылуу түзүлгөн өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев:

- Курман болгондордун үй-бүлөсүнө, ата-энелерине көнүл айтабыз. Мен сиздерге айтар элем, окко учкандарды курман болду, биздин арабыздан кетти деп айтпайбыз. Бул баатырлар ар бирибиздин жүрөгүбүздө калды. Кыргыздын тарыхынын жаңы барагын ачты.

Текебаев окко учкандардын ысымын түбөлүккө сактоого азыркы өкмөт ант берүүгө тийиштигин да белгиледи.

Октон каза тапкан Жолдош Кудайбергеновдун бир тууганы Бакыт Кудайбергенов бир тууганынан күтүүсуз жерден ажырап калганын көз жаш кылып, өзү сыяктуу кан жутуп какшап тургандарга кайрат айтты:

- Мен бир тууганыман күтүүсүз жерден айрылып калдым дейм. Ыраматылык атам айтаар эле. “Кичинекейиңерден бир максатка умтулуп, тайманбаган, эр жүрөк болгула” - деп. Ушундай болду окшойт. Кантмек элек, биз бир туугандары, минтип калдайган калың журту турганда инимдин аты өчпөйт го. Мен сыяктуу жабыркап тургандарды түшүнөм. Кайрат кылалы!

Андан соң Кыргызстандын жаңы муфтийи Абдишүкүр Нарматов сөз алып кийинки бийликке келгендер бул кандуу окуядан сабак алышы керектигин айтты:

-Жаңы келген байкелерге, эжелерге, эл башкарам дегендерге айтаарым, ушинтип, жаңы бийлик -- кан төгүү менен, курмандык менен келди. Адамдардын укуктары турганда Аллахтан корккула. Анын мааниси - акыйкат кызмат кылгыла! Кепинде чөнтөк жок экенин көрдүңөр, эч ким бул дүйнөдө топтогон байлыгын о дүйнөгө алып кете албайт.

Муфтий сөзүнүн акырында “Ата-Бейитке” коюла тургандардын арбагына арнап куран окуп жаназа түшүрүү расмисин өткөрүү милдетин алуу менен элди биримдикке, ынтымакка чакырган шарият жоболоруна токтолду.

Ошентип “Ата-Бейитке” окко учкандардын 16сы коюлуп, асманга ок атылып, кыргыз гимни менен аза күтүү расмиси аяктады. Ак үй алдында окко учкандардын калгандарынын жасаттарын жакындары өз айылдарына алып кетишкен.

7-апрелдеги кандуу кагылышта жалпысынан 78 адам курман болгон. Алардын айрымдары ким экени эмгиче тактала элек.

Окко учкандар "Ата-Бейиттен" жай тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

XS
SM
MD
LG