Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Женева келишимине ылайык, Кыргызстан 2015-жылдын 17-июнуна чейин заманбап маалымат технологиясына же сандык телекөрсөтүүгө толук өтүшү керек.

2006-жылы Кыргызстан Женевада 104 өлкөнүн катарында сандык көрсөтүү, уктурууларга кошулуу келишимине кол койгон. Өткөн жылы сыноо катары Баткен облусунда сандык көрсөтүү, уктуруулар башталган.

Адистердин айтуусунда, кыргызстандыктардын үйүндө 1 миллион 200 миңден ашуун телевизор аналог тибиндеги көрсөтүүлөрдү алып берет. Анткен менен элдин көпчүлүгү негизинен бир эле телеканалды көрүшөт. Непадам өлкө өзүнө алган милдетин ишке ашырып сандык көрсөтүү, уктурууларга өтө турган болсо жыштыктардын саны арбып, республикада 100 телекөрсөтүү, 250 радио уктуруу программалардын иштөөсүнө шарт түзүлмөк.

Баткен облусундагы 202 кыштактын 136 айылында сыноо катары сандык көрсөтүү ишке киришип, телевизоруна сигналдарды кабыл алчу кошумча жабдуусу менен социалдык пакеттеги 8 телеканалды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. “Кыргызтелеком” акционердик коомунун аткаруучу директору Эшмамбет Аматовдун маалымдашынча, сандык телекөрсөтүүлөрдү башка аймактарга да жайылтуу араркети жүрүүдө.

- Азыр Ош, Жалал-Абадга да койдук. Мультиплексер деп жалпысынан аталат, ал өзү жөнөкөй эле жабдуу, ага каналдарды кошуп, берүүлөрдү алып чыга берсе болот.

Э. Аматов сандык көрсөтүү, уктуруулар иштей баштагандан бери жергиликтүү “Баткен ТВ” обого чыкпай калышын каржылык маселелерге байланыштуу түшүндүрдү жана кызмат акысын төлөбөсө мамлекеттик телеканалдын берүүлөрү деле обого чыкпай каларын белгиледи.

“Кыргызтелеком” акционердик коомунун өкүлү Сыргак Эрматов сандык көрсөтүү, уктуруулардын социалдык пакетине башында “Баткен ТВ” деле кошулганын ырастады.

- Биз бир жылга жакын “Баткен ТВны" күттүк. “5-каналдын” ордун сактап отурдук. Алардан бир да сигнал келген жок. Анан жөн эле жабдууну бош кармап тура албайбыз да.

Маалымат технологиясы боюнча эксперт Эрнис Мамырканов сандык технологиянын кириши жергиликтүү электрондук маалымдоо каражаттарына техникалык, каржылык оорчулук алып келет, деген пикирде.

- Мына мисалы, Баткен, Жалал-Абад дейли, алар өздөрүнүн сигналын Ошко чейин жеткириши керек. Нарын, Талас, Каракол – алар сигналын Бишкекке чейин жеткириши керек. Аларда ошондой мүмкүнчүлүк барбы-жокпу ошону ойлонуш керек.

Маалымат мейкининдеги жаңы секирикти жасаш жеке компаниялар үчүн кыйла эле оор болорун “Европа” компаниясынын өкүлү Айдер Бекиров белгиледи.

- Бизден эмне каалап жатышканына түшүнбөй жатабыз. Сандык телекөрсөтүүгө өткөн соң көпчүлүк жеке менчик телекомпанияларды жаап коюшту каалап жатышабы? Же алардын калышын каалайбы? Келгиле мамлекеттен кандай ишаара болушун күтөлү. Мамлекет эмнени каалайт?

Мамлекет электрондук маалымдоо каражаттарынын пикир-сунуштарына кызыкдар экенин, аларды сандык көрсөтүү, уктуруулар боюнча мамлекеттик программаны чогуу түзүүгө чакырып жатканын президенттик катчылыктын байланыштар бөлүмүнүн башчысы Илим Карыпбеков билдирди.

- Бирок биз чечтик, 2015-жыл эртең эле кирип келет. Бул маселени тездетиш керек. Ошондуктан биз бул ишти ыкчам баштоого кириштик. Бизге телекөрсөтүү, уктурууларды чыгаруучулардын көмөгү да керек.

“Интернюс Неутрок” уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Мария Раснер өкмөт өзүнө алган милдеттенмени аткарышы керек дейт.

- Биз эки түс телекөрсөтүүдөн түстүүгө өттүк. Принцибинде азыр прогресстин жаңы жетишкендигине жаңы технологиялык деңгээлге көчүп жатабыз. Албетте, Кыргызстан сынду анчалык бай эмес, ашып-ташкан дүйнөсү жок өлкөлөр үчүн бул кыйла чыгым, оор жумуш. Аналог телени жакшы жайылта албай жатканыбызда технологиянын соңку жетишкендигине көчөбүз деш оор эле болот.

Кыргызстанда коңшу өлкөлөрдө да сандык технологияга өтүү аракети жүрүүдө. Айталы Казакстан өткөн жылы бул ишке 1 миллиард доллар бюджетинен бөлгөн. Өзбекстанда кандай иштер жүрүп жатканы коңшуларга беймаалым. Оңор эмес акчаны талап кылчу жаңы ишти өкмөт аягына чыгара алабы же ал деле унутулган демилгерелердин бири катары кагазда калабы – муну алдыдагы 6 жыл көрсөтөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG