Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Каржы капсалаңы жана “Дордой” базары


Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүнөн соодагерлер Бишкектеги «Дордой» базарында дүңүнөн соода кылып кетишет. Бирок соңку убакта базарда соода мурункудай болбой калганы айтылууда.

Алып сатарлар айрыкча дүйнөлүк каржы кризиси башталгандан тартып чет өлкөлүк кардарлар кескин азайганын белгилешүүдө. Анткен менен, соода жок болсо да контейнерлердин кожоюндары ижара акысын көбөйткөндөн көбөйтүп, бир жагынан базар администрациясы салык, патент бааларын көтөрүп жатканына сатуучулар нааразы болушууда.

Сатуучулардын бири Гүлбара айымдын айтымында, базардагы жарыкты өчүрүү да сооданын жүрүшүнө кедерги болуп жатат:

- Ушул ай такыр соода жок. Жарык да бат-баттан өчөт. Өзүбүз караңгыда, таңкы беште келебиз. Саат тогуз-он болуп, жарык болмоюнча соода кыла алабайбыз. Дүйнөлүк каржы кризисинин таасири бизге аябай эле билинип жатат.

Дордойдогу соодагерлердин басымдуусу соодасын кеңейтүү үчүн банктардан кредит алып иштейт. Кризистин айынан бул жаатта да абал оорлой түштү, дешет соодагерлер.

Сатуучу Самара Дыйканова доллар көтөрүлгөнү кредиттин пайыздарын төлөөдө баалар туура келбей, кыйынга турганын айтат:

- Бул жерде соода кылгандардын көбү банктан кредит, бирөөлөрдөн карыз алып иштегендер. Мындайча айтканда кыргыздардын жарымы-жарымына карыз дегендей эле болуп калды. Мурда жаңы жылды жакшы маанай менен тособуз деп жаңы кийимдерди алышчу. Быйыл кийим алган деле эч ким жок, тамактан ашпай калбадыбы азыр.

Шейшен мурда милиция кызматкери болуп иштеген. Айлыктын аздыган улам шымаланып соодага өткөн. Бирок азыр базардан тапканы мурда алган айлыгына да жетпейт, деп кейийт Шейшен:

- Мен 14 жыл милиция кызматкери болуп иштегем. Алган айлыгым жети миң болчу. Ошону аз көрүп базарга соодага келсем ошол айлыгым да чыкпай жатат. Контейнерди болсо 800 доллардан ижарага алабыз. Соода жоктугунан аны да актабай жатат.

“Дордой” базарына товар көбүнесе Кытай менен Түркиядан алынып келинет. Базардан товарлар Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана өлкөнүн бардык аймактарына ташылат.

Кубаныч Казакстандагы соода кылат. Ал дүйнөлүк каржы каатчылыгынын таасири тууралуу төмөнкүлөрдү айтат:

- Мен Казакстанда соода кылам. Ал жакта кыргыздарды кубалап атат. Соода болсо начар. Контейнер өзүңдүкү болсо да сатуучу казак болушу керек деген талап коюп жатышат. Ушул маселени жогору жактан чечип берсе жакшы болот эле.

“Дордой” базарында соода болбой жатканын дагы бир себеби бар. Соодагерлердин айтымында, бул базарды кытай жарандары каптап, алар товарларды арзан баада сатууда:

- Биз Кытайдан алган баада кытайлар ушул жерде сатып отурушат. Анан биз кантип соода кылабыз, кантип үй-бүлө багыбыз?!

Аман Кайыпов “Дордой” базарынын башкаруучусу. Ал базардагы контейнерлердин өз кожоюндары бар экенин, алардан бааны көтөрүлүшүнө администрация кийлигише албай турганын маалымдады. Бирок кытай атууладрынын көбөйүп кеткенин тастыктап, аларга квота берүү маселесин базардын жетекчилиги Миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетине билдиргендигин айтты. Азырынча бул маселе чечиле элек.

- Контейнерлердин баасынын көтөрүлүп, же түшүшү бизге көз каранды эмес. Ага биз кийлигише да албайбыз. Анткени, контейнерлердин өздөрүнүн кожоюндары бар. Ал эми кытайлардын көбөйүп кеткени чын. Кытайлар бир гана “Жунхай” базарында гана соода кылсын, башка базарларга кирбесин, анан квотаны да карап бергиле деп Миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетине кайрылганбыз.

Ушул жылы жайында соодагерлер соода болбой жатканын улам контейнер бааларын түшүрүп берүү үчүн базардын жетекчилигине кайрылышкан экен. Жетекчилер контейнер ээлери менен жолугушуп 50-100 долларга арзандатууга жетишкен. Бирок көп өтпөй эле баалар кайра жогорулап, мурдагы калыбына келген. Сатуучулар эгер ушундай абал улана берсе чукул арада кайра чогулуп арызданганы жатышат.

XS
SM
MD
LG