Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Акыркы жылдарда Кыргызстан аркылуу маңзат ташуу өткөн жылдарга салыштырмалуу эки-үч эсеге көбөйдү. Ага улай эле баңгизат пайдалануучулардын саны да 10 миң кишиге чукулдап калганы айтылууда.

Кыргызстан аркылуу маңзат ташуу эки-үч эсе көбөйгөнүн Маңзаттарды көзөмөлдөөчү агенттиктин директору Болотбек Ногойбаев 9-июлда Ошко жасаган сапары учурунда маалымдады. Анын билдирүүсүнө караганда, мекеменин кызматкерлери былтыр жыл бою 2 тоннага жакын маңзат кармаса, быйыл ушу мезгилге дейре ошончо көлөмдөгү маңзатты колго түшүрүшкөн.

- Эки тоннага жакын наркотик алынды республик боюнча. Бул маңзат ташуучулар экстремисстик уюмдарды каржылашы мүмкүндүгүн түшүнүп жатабыз.

Болотбек Ногойбаевдин кебине караганда, Кыргызстан наркотранзиттик аймакка айлангандыктан, акыркы беш-алты жылда баңгизатты пайдалануучулардын саны да кескин түрдө өстү. Өлкө боюнча эсепке илингени эле 10 миң кишиге чукулдады.

Айтмакчы, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУнун) башкы катчысы Николай Бордюжа ушу жылдын апрель айында Ош жергесин кыдырып жүргөндө «Азаттыктын» кабарчысына курган маегинде аймактагы кырдаал курчуп бараткандыгын белгилеп, наркомафия менен кармашууда укук коргоо органдары алсыздык кылып жаткандыгын моюндаган.

- Албетте, көйгөй толтура. Чынында, көпчүлүк жагынан наркомафия озуп кетүүдө. Жабдылышы жана каражат жагынан. Эң негизгиси кылмыштын бул түрүнө каршы чогуу күрөшпөсөк, жалгыз алыбыз жеткидей эмес…

Бирок Маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин директору Болотбек Ногойбаев Николай Бордюжанын апрелдеги айткандарына кошулбастыгын ачыктады.

- Алсыздык кылып атат деген туура эмес болуш керек. Ооганстандан чыккан маңзаттар аябай көп болуп жатат. Бизге мамлекет дагы, эл дагы жардам бериш керек. Анткени маңзаттар элдин арасына таркай турган нерсе болуп атат да.

Генерал Болотбек Ногойбаевдин баамында, Ооганстан маселеси чечилип, аймакта тынч турмуш орномоюнча, арам оокат менен шугулдангандардын аягы тыйылчудай эмес.

Бул маселенин тегерегинде Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровго кайрылганыбызда, ал маңзат ташыгандарга каршы күрөштө мыйзамдык базаны күчөтүү зарылдыгын билдирди.

- Бул маселеде чечкиндүү чара көрүш керек, болбосо жыйындар өтө берет, сөздөр айтыла берет. Ошондуктан бул багытта бирдиктүү бир саясат иштелип чыгып, тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизиш керек. Керек болсо андай мызам кабыл алынганга чейин өкмөт тарабынан, президент тарабынан кандайдыр бир чечимдер кабыл алынышы керек.

Анткени менен жергиликтүү серепчилер маңзат бизнесин ооздуктоого чукул чараларды көрмөйүнчө, ал өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга да терс таасирин тийгизээрин эскертүүдө.

Серепчилердин бири Абай Эшмаматовдун пикиринче, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында маңзат бизнесин ооздуктоого биргелешекен аракет жасалбаса, жалгыз Кыргызстандын далалатынан майнап чыгышы күмөн.

- Бул маселе Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле козголуп келатат. Бирок менимче, жыйынтыгын бере элек. Биринчиден укук корго органдары өздөрү маңзат бизнесине аралашып кеткени айтылып жүрсө, экинчиси - чек ара, бажы кызматтарынын шалаакылыгы. Үчүнчүдөн, жер шарты, маселен тоолор аркылуу да алып өтүшөт, Ошондуктан муну таптакыр кан буугандай токтотуп кою мүмкүн эмес.

Абай Эшмаматовдун оюнча, мындан тышкары маңзат ташууга аралашкан кызмат адамдарын аеосуз жазаламайынча, арам бизнеске аралашкандардын катары суюлбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG