Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Дөөлөрдү күрөштүргөн акын Шайлообек Дүйшеев


Кыргызстандын Эл акыны Шайлообек Дүйшеев

Кыргызстандын Эл акыны Шайлообек Дүйшеев

Чыгармачылык сырдашууда поэзияга кеч келген акын Шайлообек Дүйшеевдин 60 жашка чейин кантип алдыга суурулуп чыгып кеткени тууралуу сөз болду.

Кожогелди Култегин: - Чыгармачылыгыңызда, Шаке, сиз 6 жашыңызды ушунчалык ыйык тутасыз, ушунчалык аяр мамиле кылып бүгүнкү күнгө чейин ырдап келесиз. Ошол 6 жашты ыйык туткан акын Шайлообек Дүйшеев 60 жашка кантип чыкты-ы?

Шайлообек Дүйшеев: - Кожогелди, бир карасам акыл-эсим дагы эле токтой элек сыяктуу, бала кезимдегидей эле сезем өзүмдү. Азыр деле 60 жаштын салмагын билген жерим жок, кээ бири мына алтымыш - мыш болгон жашка келдиң деп тамашалап атышпайбы, 60тын салмагын деле сезе элекмин.

Кожогелди Култегин: - Мына ушул берүүгө сиздин досуңуз, көрүнүктүү акын Нуралы Капаров катышып отурат. Анда Нуралы байке, Шакем 60 жашка кандай келди?

Нуралы Капаров: - Шакем 60 жышка дуулдап жаш боюнча келди. Бул чыгармачылыктагы абдан чоң нерсе – жүрөгүнүн, жан дүйнөсүнүн жаш боюнча калганы. Мындай нерсе Верди деген композитордо болгон экен. Ал 82 жашында дагы карыбай коюптур. 82 жашында сүйүү жөнүндө «Аида» деген операсын жазыптыр дүйнөнү дүңгүрөткөн. Шакемдин дагы жүрөгү, акындык таланты дуулдап күйгөн оттой улам алоолоп – кадимки эле жигит! Илгери – 1975-жылы жаңыдан университетке окууга өткөндө таанышканбыз. Ошондо кандай таптуу, кандай күчтүү, кандай таланттуу Шайлообек болсо, азыр деле ошондой Шайлообек.

Кожогелди Култегин: - Ошондо канча жашта эле?

Нуралы Капаров: - Шайлообек өзү бардык нерседен кеч калгандай болуп келди. 25 жашында окууга кирип, 30 жашында бүтүп, 35 жашында «Аптап» деген жупкадай жука китеп чыгарды. 38 жашына чейин адабият майданына деле активдүү киришкен жок. Анда-санда ыр жазып жүрдү, бирок ошол анда-санда жазган ырларынын баары тең чоң талант экенин көрсөтүп турду! Мынаке азыр Шайлообек классик, залкар акын! Ушу кездеги ырларынан жаш кезинде жазган алгачкы ырлары кем турбайт, абдан тунук, абдан сүрөттүү. Мен так айтып берейин, 1988-жылы февраль айынын экинчи жарымында «Кайдыгерлик» деген ыры чыкты. Ошол «Кайдыгерлик» деген ырды кийин кеңейтип жазды. Ошондон баштап Шайлообектин экинчи деми ачылды! Эсептесек, аз эле жылдар өтүптүр андан бери, 22 жылдын ичинде Шайлообек ондогон поэмаларды, публицистикалык, лирикалык ырларды жазды, кошокторду кошту, жол очерктерин жазды, «Манас» дастанына кайрылып жазып атат. Бирок ошонун арасында бир дагы ылаңы бар ыр-дастан жараткан жок. Салижан Жигитов айткандай, таланттуу кишиге айла жок, баары тең дени сак чыгармалар.

Кожогелди Култегин: - Шаке, Нуралы байке айтып атат, баарысынан кеч калып жүрүп, бирок 60ка чыккыча элдин баарысынын алдына чыкты деп. Мында кандай сыр бар?

Шайлообек Дүйшеев: - Менин бир нерседен өч алгым келсе керек, жетим кекчил болот деп коёт эмеспи, кимдир бирөөдөн, бир нерседен өч алгым келсе керек. Кимдир бирөөлөр менин тагдырымды же менин өзүмдү тепсеп кеткен сыяктуу кабылдап, сөзсүз мен бир нерсеге жетишим керек деген бир нерсе болсо керек, ички умтулуу. Мен чынында эле кеч келдим да. Бирок, бардык жанрда иштеп көрдүм, бардык жанрга колум тийиптир азыр ойлосом.

Нуралы Капаров: - Шайлообек өзү жөнүндө жакшы айта албай атат. Чыгармачылыкта мындай экен да, кээде карандай талант менен келген менен, турмушту көрбөй келсең – эмнени жазам деген маселе турат алдыда. Эгерде турмушта жанчылып, көп нерсени көрүп, көп нерсеге ыза болуп, көп нерсеге сүйүнүп, көп нерсеге көзүң канып, анан чыгармачылыкка аралашсаң –

мунун баарын качан жазып бүтөм деген суроо коюлушу мүмкүн экен. Шайлообек дал ошол экинчи тагдырдагы адамдарга кирет. Шайлообек окууга өтүп келгиче кара жумушта да, редакцияларда да иштеп жүрдү диплому жок. Талантынан таанып алып жүрүшкөн экен. Анан өзү өжөр, көпчүлүк учурда редакторлор менен тил табышалбай... аны өзү күлкүлүү айтат.

Кожогелди Култегин: - Ошондой бир учурду өзүңүз айтыңызчы, Шаке?

Шайлообек Дүйшеев: - Мени жанагы бир оюнчуктар болот ко, бурап-бурап жибергенден кийин чуркап кеткен, мени редакторду жек көргөн улгайып калган кишилер акмак тиги ушинтип атат деп мени бурап-бурап туруп коё берчү. Мен болсо чуркап кирип барып эле, кээде вин-сино жутуп алган болом, атылган боюнча бир тийем тигиге! Барып эле бетине айтчумун. Ассакунов деген редактор бар болчу, азыр ойлосом жакшы эле киши экен.

Кожогелди Култегин: - Кайсы гезитте?

Шайлообек Дүйшеев: - Ат-Башынын райондук гезитинде. Ошол кишиге далай тилим тийип, экөөбүз кагышкан учурларыбыз болду. Мени бүркүт салгандай томогумду шыпырып туруп эле – уруп жиберчү. Мен октой болуп барып бир тийчүмүн. Анан 2-3 күндөн кийин баарын ойлочумун, түү-ата, эмне кылып салгамын деп.

Кожогелди Култегин: - Өзүңүздүн дипломуңуз жок?

Шайлообек Дүйшеев: - Өзүмдө диплом жок. Атамдай болгон киши. Мени өзү сүйрөп райкомго чейин алып барып, ушул баланын колунан келет деп, ал кезде райком менен кеңешчү да, бөлүм башчы кылганга чейин барган редактор. Ошонусун деле ойлобой, тилим тийип... Мени бошоткондо, эмне, мен кызматсыз калат бекемин же мен редакцияда иштебей калсам эле өлүп калат деп ойлойсузбу деп туруп, дароо эле бетон аралаштырган ПМКга кирип кетип, бетон кечкен өтүгүм менен эртеси редакцияга кирип, мына, көрдүңүзбү, өлгөн жокмун, мен иштеп атам деген күндөрүм болгон.

Нуралы Капаров: - Улуу агам менен тең экен Шайлообек. Мен болсо өзүмдөн 1-2 жаш улууларды дагы байке деп айтчумун. Ал эми Шайлообекти Шайлообек деп айткан жокмун, Шаке деп айттым. Байке деп айтайын десем – Шайлообектин жүргөн-турганы такыр эле баладай неме экен. Анан ал кайра менин иниме айлана баштады. Шаке, кой, аны андай кылба, кой муну мындай кылба деп. Ошентип жеңинен кармап, колунан жетелеп бир топ жыл жүрдүк. Шайлообек өзү шайыр жигит аябай. Анан Шайлообектей тапанданып күлдүргөн да адам аз! Чынчыл, таза жигит. Ошон үчүн Эсенбай Нурушев деле досу болчу, раматылык Каныбек Эдилбаев деле досу болчу.. Анан Шайлообектин ушундай бир уникалдуулугу, өзүнүн касиети бар. Буга бандиттер да тийчү эмес. Бир күнү Абай деген “бандит” бар эле орус факультетинде окуган, Шайлообек Дүйшеев ким экенин анда эч ким деле билчү эмес, Шайлообекти вино ичкенде таза, так, абийрдүүлүк менен ичип берген адам катары гана таанышчу. Экөөбүз жалгыз пальто, жалгыз тумак менен жүрөндө, бир күнү ошо Абай 5-6 тумак көтөрүп келиптир. Шакелеп эле мойнунан өпкүлөп аткан, анан 5-6 тумакты белекке бериптир. Ошол тумакты окууну бүтөр-бүткүчө кийип жырталбай койдук.

Шайлообек Дүйшеев: - Ооба, коён тумак, суур тумак, ак тумак, күрөң тумак, тумактын түрлөрү болчу.

Нуралы Капаров: - Шумдук тумактар! Бул Шакемдин ырыскысы күтпөгөн жерлерден чыгат да.

Кожогелди Култегин: - Бандиттер менен дагы жакшынакай мамиле, ошол эле кезде байлар, кызматтуулар, дөөлөттүлөр менен дагы жакшынакай мамиле, ошол эле кезде жаш балдар менен дагы жакшынакай мамиле алып жүргөн акынсыз, Шаке. Дегеле ушул жерде өзүңүздүн кандайдыр бир адамдык касиетиңизге өзүңүз баа бересизби? Бир адамдын бардык чөйрөдөгү адамдар менен бирдей жүрүшү бул өтө кыйын нерсе да.

Шайлообек Дүйшеев: - Менин болгон табиятым ушундай, мен аябай жөнөкөй жүргөндү жакшы көрөм, аны атайын жасаган жокмун деп ойлойм, жасай да албайсың да атайын. Болгону эле өзүмдүн дүйнөм ушундай экен. Айтышат го дискомфорт деп, мен андайды сезген жокмун, кызыгдар да эмесмин. Мен ушул Нуралыны эле өзүмдүн агамдай көрчүмүн, кээде акыл сурачумун. Өзүмдү баладай эле сезип жүрдүм.

Нуралы Капаров: - Шайлообекти бир беткей баалаш, ой бул баарына эле жүрөгүн, каалгасын кенен ачкан адам экен деп ойлош туура эмес. Жакшы сөз айттың, Кожогелди, байлар менен да, саясатчылар, атактуу адамдар менен да, карапайым адамдар менен да, дегеле адам аттуунун баары менен тил табышкан адамсыз деп. Чынында ушундай. Байлар, мисалы, кайсы бир учурда Шакемдин китебин чыгарганга же жашоо-турмушуна материалдык жардам көрсөткөн болсо, саясатчылар, чоңдор кайсы бир учурда Шакемдин кызматка коюлушуна жардамы тийген болсо – бирок, алар эшик ырчы же кол бала кылып алабыз деген ойдо болсо жаңылышат. Намыскөй өтө, эркин жүргөн адам, сыйлашкан менен сыйлашат, баркташкан менен баркташат. Эгер кимдир бирөөнүн кол бала, эшик ырчы кылып ала турган аракетин байкаса – алдына алтын так койсо айра чаап, күмүш так койсо күлгө чаап басып кетет, такыр тартынбайт. Илгери университеттин көлөмүндө Шайлообек декандар менен дос болчу, комсомолдук кызматкерлер менен дос болчу. Шайлообектин уникалдуу адам катары өзүнүн жылдызы бар.

Кожогелди Култегин: - Шаке, алдыңызда ырлар жайылуу турат. Бир ырга кезек берсеңиз?

Шайлообек Дүйшеев: - Бир ыр окуп берейин.

Кан жолдун катып көздөрү,

Калыңдап булут чөккөнү,

Кар жаачу күндү кабарлайт

Карганын чуусу көктөгү.

Арыктап токой, тал жүдөп,

Албырып аккан сай күйөт,

Агарган күмбөз алдында

Акырын оттоп мал жүрөт.

Саргарат аңыз, күндөр үп,

Сары жон жолдор сүйрөйүп,

Өтүктөн түшкөн чулгоодой

Жол жатат бутта сүйрөлүп.


Караган чийден дөө жасап,

Калдаңдап күүгүм жөө басат.

Чөккөнүн кепшеп бейкапар,

Чөөгүнгө окшоп төө жатат.


Кан-сөлсүз асман сустайган,

Кабар жок кайтаар куштардан.

Кагаздай талаа, зым мамы

Карандаш өңдүү учталган.

Нуралы Капаров: - Жаратылыштын берген кыргыз элине тартуусу, байлыгы Шайлообек сыяктуу жигиттер. Шайлообек бир канча таланттарды жыйып келип туруп бир адамга бергендей акын. Мисалы, Шайлообек Саякбай атабыздай манасчы, Токтогул атабыздай нуска акын, Исак Шайбековдой кошокчу акын, Жоомарттай өткүр, Мидиндей лирик, Райкандай төкмө, Осмонкулдай дастанчы, Исмайылдай жамакчы, Алыкул Осмоновдой сырдуу акын, Сагын Акматбековадай муңдуу акын, Байдылдадай тапан, Рамистей тентек, Сүйүнбайдай жөнтөк акын. Мен бир дагы кыргызды таппай койдум, бул Пушкиндей сүрөткөр акын.

Кожогелди Култегин: - Абдан жакшы сөз болду. Эми Шакемди кичине сүйлөтөлү, сиз, Нуралы байке, мага жардам бериңиз, бул кишиге эки жактан каптап суроолорду берип, чыгармачылык сырын сыртка сууруп алганга аракет кылалы.

Шайлообек Дүйшеев: - Кожогелди, кээде укмуштай сүйлөчү элем, бүгүн менден сөз чыкпай атат.

Кожогелди Култегин: - Шаке, «Жинди кашка» деген поэмаңыз бар. Поэмаларыңыз бир топ. Дегеле сиз бир поэмаңызды окурманыңыз канча жолу окуса өтө ыраазы болот элеңиз?

Шайлообек Дүйшеев: - Кызыктай суроо бердиң, билбейм, канча жолу дегениң кандай дейм да?

Кожогелди Култегин: - Мен, мисалы, өзүм ойлонуп көрдүм, 60 жолу «Жинди кашканы» окусам керек. Сиздин окурманыңыз катары мага ыраазы болосузбу?

Шайлообек Дүйшеев: - Ыраазы болом. Өзүңдү окуп турган кишиге кантип айланбайсың, бирөөлөр окуса экен деп, түшүнсө экен деп жазасың да.

Кожогелди Култегин: - Поэзиянын сыры мында болуп атпайбы, түшүнөсүң, окуйсуң, 1-2 жолу окуса болот, бирок аны 50-60 жолу окуганга эмне аргасыздык кылат?

Шайлообек Дүйшеев: - Билбейм.

Кожогелди Култегин: - Нуралы байке, эмне суроо бересиз, мага ошо кызык болуп атат?

Нуралы Капаров: - Шайлообек ушунчалык жакын билген адамым экен, суроо калбаптыр да. Тескерисинче, мен Шайлообектин байкабай жүргөн нерселерин айтып берчү элем. Сенин чыгармачылыгыңда мындай сыр бар деп. Шайлообек «Манастын» вариантын жазбадыңбы. «Манасты» жазганда кандай акыбалда болдуң, транска кирдиңби?

Шайлообек Дүйшеев: - «Манасты» айтып аткандарга алымсынбайм мен. «Манас» айткандарды баягы күнү ЭлТРден да көрсөтүп атат, чапандын коозун, калпактын сонунун кийинишкен. Көздү жуумп алып, күпүлдөтүп эле айтып атышат, көздү жумган менен ары жакта эч нерсе жок болуп атат, кара сөздү эле уруп атышат жөн эле, энергия жок. А мен олтуруп алып кагазга жазуудамын. Күчтү толук сезип атам. «Манасты» жазып атканда – буга чейинки ырларым мага кенедей бир нерсе сыяктуу сезилип калды. Ошондо түшүндүм – сөз деген жөн айтылбастыгын. Айтматов айтпады беле кыргыз рухунун туу чокусу «Манас» деп. Ошондо түшүндүм «Манас» деген көз жетпеген көк заңгел тоо, өтө эле чоң бийиктик экенин. И-и, мен ошол жерде жүргөн турбаймбы деп мойнума да алдым. Кээ бирөө шылдың катары да кабыл алышы мүмкүн.

Нуралы Капаров: - Шаке “Манас” бөлүмун жазма поэзиянын тажрыйбасы менен жазды да. Өмүр бою Салижан Жигитов ушуну көксөп жүргөн – уруксат берсе муну абдан өрнөктүү текст кылып, арасында ашыктарын алып, жетпей калган жерин кошуш керек деп. Жетпей калган жерин мына Шакем кошту. Бирок, Шаке жөн эле Манастын духун, же табиятын түшүнбөй келген жок, каны-жанына сиңирген. Бул жатса-турса «Манас» окуй берчү экен да кичинесинде.

Шайлообек Дүйшеев: - Чындыгында «Манас» менен байланышым болду беле десем – болгон экен. Кенедей кезимде айылдагы көчөнүн тияк-бияк өйүзүндөгү чал-кемпирлер «Манас» окутушчу мага. Мен баягы эле көк китепти (кошма вариянтты) көтөрүп алып окучумун. Эч тажачу эмесмин. Бүттү, балам, эми кет, бул жеринен бүктөп кой, эртең келип оку калганын деп тамак-несин берип анан мени үйгө кетиришчү. Аябай күтчүмүн «Манастын» баягы жеринен баштайым буюрса деп. Кийин анан раматылык энем айтпадыбы - кап балам мен ойготуп ийдим, бекер ойготуп ийиптирмин, “Манас” айтып аткан экенсиң үстөлгө отуруп, көзүңдү жумп алып деп. Жин тийген экен деп силкип тургузуптур да, мени молдого жетелеп барыптыр. Билем мен молдого алпарганын. Ошондо жөн койгондо «Манас» айтып кетмекмин балким.

Кожогелди Култегин: - Эмне үчүн «Манастын» ичиндеги күрөш сизди тартып алды. Күрөш темасына эмнеге кайрылдыңыз, же балбан белеңиз өзүңүз?

Шайлообек Дүйшеев: - Мен андай деле балбан эмес элем. Жанагы эки дөөгө кайрылганыма Түгөлбөй Казаков себеп болду, ал ачык эле айтты - мен Эралиевге дагы, Жусуевге дагы, бир топ акындарга кайрылгам кайра жазып көрбөйсүздөрбү ушуну деп. «Манастагы» эки дөөнүн күрөшүндө Жолойду алып келип салып койсо эле Манастын тегерегиндегилердин баарысы дыргаяктап качып, биз жөөгө жок элек, атка кыйын элек, абаке, мени салбаңыз деп турат. Жалгыз Төштүк менен 15 жашар бир бала гана мени сал, аба, деп турат, калгандарынын баарысы эле Манас баш болуп качат. “Манастын” ушул жери болбой калган, ушул жери душман адамдын жасаганы, ушуну кайра жасаш керек. Шаке, сен киришип көрбөйсүңбү дегенинен, кирип кетпедимби, мына төртүнчү жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG